Анкарада ТМУ Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Анкарада ТМУ Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

 Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: – Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезексиз Саммитинин Анкара декларациясы; – Түрк мамлекеттеринин уюмунун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө. Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Прочитайте больше

Сириянын президенти АКШнын үстөмдүгүнө каршы коалиция түзүүнү сунуштады

Сириянын президенти АКШнын үстөмдүгүнө каршы коалиция түзүүнү сунуштады

 Сириянын президенти Башар Асад АКШнын гегемониясына каршы турууну көздөгөн өлкөлөр коалиция түзүшү керек деген оюн билдирди. Бул тууралуу ал РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди. “СССР кулагандан бери кеминде отуз жыл же андан да көп – Корей согушунан бери созулган америкалык агрессияны токтото турган кандайдыр бир мамлекет бар деп айта албайбыз. Эгерде саясий ишмердүүлүк жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда бир катар мамлекеттердин ортосунда коалиция керек”, – деди Асад. Анын айтымында, көп уюлдуу дүйнөнү түзүүгө салым кошо…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

Президент С. Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына 15-16-мартта болгон иш сапары аяктады. Анкара шаарында  Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Өлкө лидерлери  эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка чөйрөлөрдө байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту. Мамлекет башчылары эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты. Иш сапарынын экинчи күнүндө Мамлекет башчысы Түрк…

Прочитайте больше

Башар Асад: АКШ Россияга каршы Сириядагы террорчуларды Украинага алып барышы мүмкүн

Башар Асад: АКШ Россияга каршы Сириядагы террорчуларды Украинага алып барышы мүмкүн

 114 Категория: Картина дня – Published: 17/03 – 17:54  АКШ Россияга каршы туруу үчүн Сириядан исламчыл террорчуларды Украинага алып барышы мүмкүн, деп билдирди Сириянын президенти Башар Асад РИА Новостиге берген маегинде. “Бизде далилдер жок, бирок бул күтүлүп жаткан нерсе. АКШ террорчуларды  бир жерден экинчи жерге көчүрүүдө”, – деди Асад. Араб республикасынын мамлекет башчысы Сириядагы согушкерлер “ислам террорчулары” деп аталгандар” экенин жана алар кылмыш жасоодо динди жамынышарын эске салды. “Украинада диний согуш жок бирок алар (террорчулар – ред.) интернетте тараган видеолорго караганда,…

Прочитайте больше