Иранда палестиндерди колдогон кемелердин парады өттү. Сүрөт

Иранда палестиндерди колдогон кемелердин парады өттү. Сүрөт

 Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер-деңиз күчтөрү Палестина элине тилектештик көрсөтүү максатында Каспий деңизинде, Перс булуңунда жана Оман деңизинде  2700дөн ашуун кеменин катышуусунда ири парад өткөрдү. Бул тууралуу иран маалымат каражаттары жазды. Бүгүн, 14-апрель ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы – Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештигин билдиришет. Аль-Кудс күнү Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда жөө…

Прочитайте больше

Орозолуу адам күнөөдөн да сактанууга тийиш

Орозолуу адам күнөөдөн да сактанууга тийиш

Суроо: Орозо кармаган бир адам жеп-ичүүдөн гана тыйылууга тийишпи же күнөөлөрдөн дагыбы? ЖООП: Орозо кармоо бир гана жеп-ичүүдөн тыйылуу эмес. Колду, тилди, көздү, кулакты жана бардык дене-мүчөлөрдү да күнөө кылуудан сактоо керек. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Эгер орозо кармаган адам жалган сөздү таштабаса, ал адамдын жеп-ичүүдөн тыйылуусуна Аллаху таала муктаж эмес”, – деген. Пайдасыз нерселерди сүйлөө, жалган айтуу, гыйбат кылуу кармалган орозонун сообун кетирет. Кыйынчылыкка, азапка чыдап, ибадат кылып, бирок, анын сообун жок кылуу акылдуу адам кыла турган иш эмес….

Прочитайте больше

Нетаньяху жөөттөрдүн Аль-Акса мечитине баруусуна тыюу салды

Нетаньяху жөөттөрдүн Аль-Акса мечитине баруусуна тыюу салды

Сионисттик режимдин премьер-министри Рамазан айынын аягына чейин жөөттөрдүн Акса мечитине баруусуна уруксат берилбей турганын жарыялады.  Fars агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик режимдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Рамазан айынын аягына чейин жөөттөрдүн Аль-Акса мечитине баруусуна тыюу салды.  Бул чечим Хамас сионисттик режимге эскертүү бергенден бир сааттан кийин жарыяланды. Палестинанын Исламдык Каршылык Кыймылы (Хамас) бул өлкөнүн калкынан шейшемби күнү түштөн кийин Акса мечитинде намаз жана эътикаф үчүн мобилизациялоону суранды. Хамас өзүнүн Telegram-каналында билдирүү жарыялап, бул коомдук мобилизация сионист отурукташуучулардын…

Прочитайте больше

Аль-Аксага кол салуу: Иран менен Түркиянын президенттери Израилдин аракеттерин айыпташты

Аль-Аксага кол салуу: Иран менен Түркиянын президенттери Израилдин аракеттерин айыпташты

 Иран жана Түркиянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Ибрахим Раиси телефон аркылуу аймактагы кырдаалды, анын ичинде Израилдин палестиналыктар каршы жасаган акыркы аракеттерин талкуулашты, деп жазат Fars News агенттиги. Маалыматта белгилегендей, эки өлкөнүн президенттери Израилдин Иерусалимдеги Аль-Акса мечитиндеги аскердик аракеттери, Газа тилкеси менен Ливандын түштүгүнө жасаган чабуулдары тууралуу сүйлөштү. Иран президенти Израилдин Палестина элине каршы жасаган акыркы кылмыштарын айыптап, Израилдин зулумдарына каршы күрөшүү жолдорун талкуулоо үчүн Ислам Кызматташтык Уюмунун чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды. Раиси чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн урматтоо зарылдыгын баса…

Прочитайте больше

Жапаров менен Путин телефон аркылуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Жапаров менен Путин телефон аркылуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

  Бүгүн, 10-апрелде, президент Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Мамлекет лидерлери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын актуалдуу маселелерин, эл аралык аймактык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты”- деп айтылат билдирүүдө. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты. Тараптар эки элдин жана мамлекеттердин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-орус мамилелерин мындан…

Прочитайте больше

Иран менен Сауд Аравиянын ТИМ башчыларынын алгачкы расмий жолугушуусу

Иран менен Сауд Аравиянын ТИМ башчыларынын алгачкы расмий жолугушуусу

 Сауд Аравия менен Ирандын тышкы иштер министрлери Фейсал бин Фархан Аль Сауд менен Хоссейн Амир Абдоллахиан бүгүн, 6-апрелде Пекинде жолугушту, бул эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын жети жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу расмий жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды. Буга чейин Сауд Аравиянын “Аш-Шарк аль-Аусат” гезити өз булактарына таянып, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү боюнча келишимди активдештирүү үчүн Пекинде жолугушуу даярдалып жатканын жазган. Маалымат булактары эки министрдин жолугушуу жери катары Пекиндин тандалышы Кытайдын…

Прочитайте больше

Швецияда Куранды өрттөө акциясына тыюу салуу чечими жокко чыгарылды

Швецияда Куранды өрттөө акциясына тыюу салуу чечими жокко чыгарылды

 Швециянын жогорку административдик соту Куран китебин өрттөө менен коштоло турган эки акцияга тыюу салуу тууралуу чечимди жокко чыгарды. Ошол эле маалда “террордук акт” жасоого даярдык көргөн деген шек менен беш исламист кармалды. Швеция полициясы февралда коопсуздук маселелеринен улам Куран китебин өрттөгөн акцияларды өткөрүүгө тыюу салган. “Полициячылар өз чечимдерин жетиштүү деңгээлде негиздей алган эмес”, – деди судья Ева Лотта Хедин. Швед полициясы февралда Түркия менен Иран элчиликтеринин алдында Куранды өрттөгө тыюу салган. Муну мекеме январдагы акция…

Прочитайте больше

НАТО кантип кеңейген. Видео

НАТО кантип кеңейген. Видео

 Ушул жылдын 4-апрелинде Финляндия расмий түрдө НАТОго кошулду. Муну менен Финляндия Түндүк атлантикалык келишим уюмунун 31-мүчөсү болду. Жакынкы келечекте ага Швеция да кирип калат. Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму (НАТО) 1949-жылы 4-апрелде Вашингтондо өткөн конференцияда түзүлгөн. Анын биринчи мүчөлөрү АКШ, Канада, ошондой эле Европанын он өлкөсү: Бельгия, Улуу Британия, Дания, Италия, Исландия, Люксембург, Нидерланды, Норвегия, Португалия жана Франция болушкан. 1952-жылы НАТОго Греция менен Түркия, 1955-жылы Германия, 1982-жылы Испания кирген. 1999-жылы 12-мартта Венгрия, Польша жана Чехиянын альянска кабыл алынышы менен НАТО чыгышка карай…

Прочитайте больше

Израиль аскерлеринин Орозо айында Аль-Акса мечитине бастырып кириши. Видео

Израиль аскерлеринин Орозо айында Аль-Акса мечитине бастырып кириши. Видео

 Бир катар мусулман өлкөлөрү Израиль күчтөрүнүн Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине кол салуусун расмий түрдө айыпташты. Израилдик аскелер менен палестиналыктардын кагылышуусу  5-апрелге караган түнү башталып, эки күндөн бери уланууда.  Мусулмандар үчүн анын мааниси азыр болуп көрбөгөндөй жогору, анткени мечитке кол салуу ыйык Рамазан айында болууда.  Палестинанын WAFA агенттиги өз булактарына таянып, Аль-Акса мечитинде Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда ондогон палестиналык жарадар болгонун маалымдады. Кийинчирээк Almayadeen агенттиги жаракат алган палестиналыктардын саны 100гө жеткенин маалымдады. Булактардын маалыматына караганда, 4-апрель күнү кечинде Израиль аскерлери мечитке бастырып…

Прочитайте больше

Күнөө кылгандын орозосу

Күнөө кылгандын орозосу

Суроо: Кээ бир адамдар: “Намаз окубаган, ичкилик ичкен, ачык кийинип жүргөн же башка күнөө кылгандар бекер эле орозо кармашпасын”, – деп айтышат. Бул сөз туурабы? ЖООП: Жок, динге каршы келген сөз. Бир канча күнөө кылган адамдын сөзсүз эле калган күнөөлөрдү да кылуусу керек эмес. Орозо кармап, ошол эле убакта күнөө кылган адам орозо кармоо менен пайда болчу чоң соопко ээ боло албайт, бирок, акыретте “эмне үчүн орозо кармабадың” делип эсепке тартылбайт. Орозо карызын өтөгөн болот, жада калса,…

Прочитайте больше

Трампка алдамчылык боюнча 30дан ашык айып тагылышы мүмкүн

Трампка алдамчылык боюнча 30дан ашык айып тагылышы мүмкүн

Манхэттенде арачылар соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка карата айыптоо корутундусун колдоду. Бул АКШнын мурдагы же учурдагы президентине кылмыш айыбы тагылган алгачкы учур. Маалыматты жергиликтүү прокуратура расмий ырастады. Эми ишти сот карайт. Трампка айып 4-прелде тагылышы мүмкүн. Бул тууралуу The New York Times басылмасына экс-президенттин адвокаты Сюзан Нечелес билдирген. Трамп арачылар сотунун бул чечимин “саясий куугунтук жана тарыхтагы эң жогорку деңгээлде шайлоого кийлигишүү” деп атады. Айыптоо корутундусунун чоо-жайы Дональд Трамп сотко жеткирилип, ага расмий айып тагылгандан кийин жарыяланат. CNN…

Прочитайте больше
1 2 3