Стамбулда соттун имаратына кол салуу болду

Стамбулда соттун имаратына кол салуу болду

Беш адам, анын ичинде үч полиция кызматкери Стамбулдагы соттун имаратына атылган октон жаракат алышты. Бул тууралуу Түркиянын ИИМнин жетекчиси  Али Ерликая X соцтармагында билдирди. Кол салуу бүгүн, 6-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:46да болгон. Эки куралчан адам Чаглаян сотунун имаратына кире бериш жерде күзөт пунктуна чабуул жасашкан. Натыйжада кылмышкерлер жок кылынган. “Кол салгандар – эркек жана аял”, – деп тактады министр. Кол салуудан кийин соттун имаратына кирген жана чыккан эшиктер жабылып, ал аймакта полиция күчөтүлгөн тартипте иштеген….

Прочитайте больше

Чилиде өрттөн каза болгондордун саны 100гө жетти

Чилиде өрттөн каза болгондордун саны 100гө жетти

Чилиде токойдогу өрттөн каза болгон адамдар көп болуп жаткандыктан, эки күндүк аза күтүү жарыяланды. Өлкө президенти  Габриэль Борич азыр да кызыл жалын өчө элек Вальпараисо аймагында өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүүнү жарыялады. Х социалдык тармагына мамлекеттик соттук-медициналык кызматы жарыялаган билдирүүгө ылайык, токойдогу өрттөн каза болгон адамдардын саны 100гө жетти. “Соттук-медициналык экспертиза кызматы Вальпараисодогу өрттөн каза болгон адамдар тууралуу расмий маалыматты берет.  Азыркы учурда 99 каза болгондордун маалыматы бар”, – деп айтылат ведомствонун маалыматында. Tercera газетасы Винья-дель-Мар…

Прочитайте больше

Турсунбай Бакир уулу: ХАМАС барымтадагыларды Израилге толук берип салса да жаңжал токтобойт

Турсунбай Бакир уулу: ХАМАС барымтадагыларды Израилге толук берип салса да жаңжал токтобойт

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуштун башталгандыгына төрт айдан ашып калды. Израиль армиясы алгачкы күндөрү эле согуштун эрежесин бузуп, коргонуу позициясынан чабуулга өттү. Бирок бул жаңжал басаңдамак тургай, кайра күч алууда. Биз Израиль-Палестина жаңжалын жакшы билген белгилүү коомдук ишмер, Кыргызстандын мурдагы Акыйкатчысы, Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты жана Малайзиядагы мурдагы элчи Турсунбай Бакир уулу менен маектештик. – Саламатсызбы, Турсунбай мырза? Израиль менен Палестинанын ачык согушуна жакында 4 айдын жүзү болот. Бирок, Израиль коргонуу позициясынан өтүп, Газага…

Прочитайте больше