Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатабы? Эксперттин пикири

Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатабы? Эксперттин пикири

Израиль армиясы ХАМАСка каршы аскердик кысым саясатын “толук жеңишке чейин” улантарын өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Израилдин Рафахтагы операциясы 12-февралга караган түнү болуп, массалык аба соккулары менен коштолуп, анклавда кеминде 100дөй киши набыт болуп, 230дан ашууну жарадар болгонун Al Mayadeen телеканалы билдирди.  Израиль Рафахта жүргүзгөн рейд учурунда ХАМАС кыймылы барымтада кармап турган жарандарынын экөөнү бошотконун билдирди. Тель-Авив бул аймакта чабуул жасоо операциясына даярдык көрүлүп жатканын өткөн аптада жарыялаган. ХАМАС Израилдин Рафахка жасаган соккусун палестиналыктарды геноцид…

Прочитайте больше

Morning Consult: Израиль дүйнө жүзү боюнча колдоосун жоготуп жатат

Morning Consult: Израиль дүйнө жүзү боюнча колдоосун жоготуп жатат

Газадагы согуш башталгандан бери Израилге дүйнөлүк колдоо көрсөтүү кыйла азайганын Morning Consult компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөттү. Сурамжылоо 2023-жылдын октябрынан декабрына чейин 6 континенттеги 43 өлкөдөн алынган 300дөн 6000ге чейин жооптордун негизинде жүргүзүлгөн. Кытай, Түштүк Африка, Бразилия жана Латын Америкасынын башка өлкөлөрүндө Израилге карата көпчүлүктүн көз карашы «жагымдуудан» «жагымсызга» өзгөргөн. Израилге карата буга чейин “терс” көз карашта болгон Япония, Түштүк Корея жана Улуу Британияда да бул өлкөгө колдоо көрсөтүүнүн бир топ азайгандыгы байкалган. 2023-жылдын…

Прочитайте больше

Патрушев: Ооганстанда 23 миңден ашуун согушкер бар

Патрушев: Ооганстанда 23 миңден ашуун согушкер бар

Ооганстанда азыр 20га жакын террордук уюм бар, алардын катарында 23 миңден ашуун согушкер бар. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев бүгүн Бишкек шаарында өтүп жаткан улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/кеңешчилеринин Ооганстан маселелери боюнча Алтынчы регионалдык диалогунун катышуучуларынын жолугушуусунда билдиргенин РИА Новости жазды. “Ооганстан – Батыштын чексиз геосаясий авантюраларынын чынжырынын түйүндөрүнүн бири. Ооганстандагы азыркы оор кырдаал үчүн негизги жоопкерчилик АКШ жана анын союздаштарында болушу керек”, – деди Патрушев. Анын айтымында, Вашингтон Ооганстанда турган…

Прочитайте больше

Алексей Навальный каза болду

Алексей Навальный каза болду

Орусияда абактагы оппозиционер саясатчы Алексей Навальный каза болгонун бүгүн 16-февралда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, Ямал-Ненец автоном округундагы №3 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготкон. «Бардык тийиштүү реанимациялык аракеттер жасалды. Алар оң натыйжа берген жок. Тез жардам дарыгерлери ал каза болгонун тастыкташты. Өлүмдүн себебин тактоо жүрүп жатат», – деп айтылды маалыматта. Айрым орусиялык журналисттер саясатчынын каза…

Прочитайте больше

Япония : “Байкоочу спутниктерин ташыган ракета ийгиликтүү учурулду”

Япония : “Байкоочу спутниктерин ташыган ракета ийгиликтүү учурулду”

Япониянын космостук чалгындоо агенттиги (JAXA) Кагосима префектурасынан космоско байкоо спутниктерин ташыган жаңы типтеги H3 ракетасын учурду. Япониянын космостук чалгындоо агенттиги (JAXA) Кагосима префектурасынан космоско байкоо спутниктерин ташыган жаңы типтеги H3 ракетасын учурду. Япониянын космостук чалгындоо агенттигинин билдирүүсүнө караганда, байкоо спутниктерин ташыган «No2 H3 ракетасы» Кагосимадагы Танегасима космостук борборунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.22де учурулду. Ракетанын пландалган орбитага киргендиги жана 2,6 тонна жасалма жүк көтөргөн микроспутниктерди ийгиликтүү жайгаштыргандыгы маалымдалды.  Япониянын космостук чалгындоо агенттиги жана Mitsubishi Heavy Industries (MHI) биргелешип…

Прочитайте больше