Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан дагы 14 жылга соттолду

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан дагы 14 жылга соттолду

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан жана анын жубайы Бушра Биби шаршемби күнү  Тошаханада мамлекеттик казынада сакталган баалуу буюмдарды сатууга байланышкан коррупциялык иш боюнча 14 жылга эркинен ажыратылганын Geo телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды. Тошахана — башка өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлери тарабынан мамлекеттик кызматкерлерге тартууланган белектер сакталган жай, ал өлкөнүн министрлер  кабинетинин карамагында турат. Ошондой эле экөөнө тең 10 жылга ар кандай мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынып, ар бирине 787 миллион рупий (2,8 миллион доллар) өлчөмүндө айып…

Прочитайте больше

4-февралдан тарта 28 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Иранга визасыз кире алышат

4-февралдан тарта 28 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Иранга визасыз кире алышат

Иран 4-февралдан тарта 28 өлкө менен виза режимин бир тараптуу жокко чыгарат. Ал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан, Беларусь, Катар, Мексика, БАЭ, Сауд Аравиясы, Сербия, Өзбекстан жана Япония бар. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук, межлис жана ирандыктардын иштери боюнча орун басары Алиреза Бигдели IRNA агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. «Тышкы иштер министрлиги 28 өлкөгө визаны алып салуу боюнча министрлер кабинети бекиткен жарлыкты тиешелүү органдарга кабарлады», — деп ирандык агенттик анын сөзүн келтирди. «Ага ылайык,…

Прочитайте больше

Азия Кубогу: 1/4 финалга чыккан командалар аныкталды

Азия Кубогу: 1/4 финалга чыккан командалар аныкталды

31-январда Катарда футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалдык оюндары жыйынтыкталды. 1/8 финалдык беттештердин жыйынтыгы менен сегиз курама команда оюндан четтетилип, 8 команда трофей үчүн беттешти улантат. Чейрек финалда: Тажикстан — Иордания, Австралия — Түштүк Корея (2-февраль), Иран — Япония, Катар — Өзбекстан (3-февраль) беттешет. 1/8 финалдын жыйынтыгы: 28.01. 18:00. Тажикстан – БАЭ – 1:1 (пен. 5:3); 28.01. 13:30. Австралия – Индонезия – 4:0; 29.01. 13:30. Ирак – Иордания – 2:3; 29.01. 18:00. Катар – Палестина – 2:1; 30.01. 18:00. Сауд Аравиясы – Түштүк Корея –…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин «Талибан» өкмөтүнүн элчисинен ишеним грамотасын кабыл алды

Си Цзиньпин «Талибан» өкмөтүнүн элчисинен ишеним грамотасын кабыл алды

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Ооганстандын Кытайдагы жаңы элчиси Билал Каримиден ишеним грамотасын кабыл алганын Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Карими буга чейин «Талибан» өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. Ведомстводон билдиришкендей, Си Цзиньпин шейшемби күнү кечинде Пекинде 42 жаңы элчиден ишеним грамоталарын кабыл алган. Алардын арасында Ооганстандын Пекиндеги элчиси Карими да бар. Иш чара Пекин шаарындагы Элдик жыйындар үйүндө өткөн. Өткөн жылы Кытай Ооганстанда Талибан кыймылы бийликти колго алгандан бери расмий түрдө жаңы элчи дайындаган…

Прочитайте больше

Ирандык альпинисттер Ленин чокусун кышында багындырды

Ирандык альпинисттер Ленин чокусун кышында багындырды

Ирандык альпинисттер Жавад Чираги менен Мажид Нематуллахи Чоң-Алайдагы 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусун биринчи жолу кышында багындырышты. Бул бийик чокуга кышында 1960-жылдан бери профессионал (ирандык эмес) альпинисттер 8 жолу гана чыгышкан. Акыркы жолу альпинисттер аталган чокуга кышында 2016-жылы чыгышса, 2024-жылдын январында тогузунчу болуп Ирандын альпинисттери багындырды. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан бул бийик чокуга ийгиликтүү чыгып кайткан альпинисттерди Ирандын Бишкектеги элчиси Голам Хоссейн Ядегари кабыл алды. Спортчулар бийик чокуга Аркин маршрутунан чыгуудагы кыйынчылыктар тууралуу…

Прочитайте больше

Өзбекстанда орточо айлык акы 17,2%га көбөйүп, 370 долларды түздү. Кыргызстанда канча?

Өзбекстанда орточо айлык акы 17,2%га көбөйүп, 370 долларды түздү. Кыргызстанда канча?

Өзбекстанда 2023-жылдын аягында орточо айлык акы 4,551 миллион сумду (370 доллар) түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 17,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди. Статистиканы түзүүдө коргоо, ички иштер, бажы, атайын кызмат, прокуратура жана сот органдарында, ошондой эле айыл чарба тармагында жана чакан бизнесте иштегендердин эмгек акысы эске алынган эмес. Маалыматка караганда, Ташкент облусунда орточо эмгек акы 7 миллион 453 миң сумду (600 доллардан ашык) түзгөн жана бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Ташкенттен кийин эң…

Прочитайте больше