Ирандын түндүк-батышында өлкө президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан кырсыкка учурады. Алдын ала маалымат боюнча тик учак катуу конуу жасаган. Аба-ырайынын катаал шарттары жана коюу тумандан улам куткаруучулардын окуя болгон жерге жетүүсү оор болууда. Тик учактын ичинде президенттен тышкары, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, коопсуздук тобунун башчысы, жансакчылар жана эки учкуч бар. Окуя түндүк-батыштагы Чыгыш Азербайжан провинциясында Узи жана Пир-Дауд кыштагынын ортосундагы…
Прочитайте большеDay: May 20, 2024
КР ТИМ башчысынын орун басары Газадагы кырдаалдын курчушуна терең тынчсыздануусун билдирди
20-майда Бишкек шаарында Палестина тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановдун Палестинанын элчиси Жавад Мухаммад Авад менен жолугушуусу болуп өттү. ТИМден билдиришкендей, Атаханов БУУнун резолюциясына ылайык көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү жана аны БУУнун мүчөсү катары таануу боюнча Кыргыз Республикасынын туруктуу позициясын билдирди. Ал ошондой эле гуманитардык кризис күчөп, бейкүнөө адамдар, анын ичинде жаш балдар жана аялдар курман болуп жаткан Газа тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна терең тынчсыздануусун билдирди. Эки тараптуу кызматташуу маселелери…
Прочитайте большеСадыр Жапаров Иран элине көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Иран лидери Аятолла Али Хаменеиге президент Ибрахим Раисинин жана аны коштоп жүргөн адамдардын тик учактын кыйрашынан улам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Иран Ислам Республикасынын президенти Улуу Даражалуу Сейед Ибрахим Раисинин трагедиялуу жагдайда тик учак кырсыгынын кесепетинен мезгилсиз дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Улуу даражалуу Сизге жана Иран Ислам Республикасынын боордош элине, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып,…
Прочитайте большеИранда убактылуу президент жана ТИМ башчы дайындалды
Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер авиакырсыктан каза болгон президент Ибрахим Раисинин милдетин убактылуу аткарат. Ирандын Конституциясына ылайык, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Жаңы президентти шайлоо 50 күн ичинде уюштурушу керек. Мохбер 2021-жылы Ирандын биринчи вице-президенти болуп дайындалган. Ал Тегеран университетинин урматтуу профессору. 2009-жылдан бери Ирандын Илимдер академиясынын мүчөсү. Тик учак кырсыгында Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян да каза тапкан. Анын ордуна Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Тышкы иштер министринин…
Прочитайте большеКыргызстан менен Пакистандын ТИМ башчылары Бишкектеги тополоңду талкуулашты
Кечээ Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар салттуу достук мүнөзгө ээ болгон кыргыз-пакистан мамилелерин эки тараптуу деңгээлде ар кандай чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын, биринчи кезекте БУУ, ШКУ, ИКУ ж. б. алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын белгилешти. Кулубаев 18-майда Бишкек шаарында Пакистандын жарандарын катышуусунда болгон окуя тууралуу…
Прочитайте большеОор жоготуу! Дүйнө Иранга көңүл айтууда
Дүйнө өлкөлөрү Ирандын президенти Ибрахим Раисинин жана анын сапарлаштарынын, анын ичинде Тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдоллахияндын тик учак кырсыгында каза табышына байланыштуу иран элине көңүл айтып жатышат. Иран президенти бараткан тик учак 19-майда катаал аба ырайынын кесепетинен өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап, учактын калдыктары бүгүн 20-май эртең менен табылган. Тик учакта Ибрахим Раисиден тышкары, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман…
Прочитайте большеПрезидент С. Жапаров Бишкектеги чет элдик студенттердин катышуусундагы окуя боюнча кайрылуу жасады
Президент Садыр Жапаров Бишкекте 18-майга караган түнү кыргыз жарандары менен чет элдик студенттердин ортосунда орун алган окуя тууралуу билдирүү жасады. Мамлекет башчысы белгилегендей, акыйкаттыктын алдында, адилеттүүлүктүн алдында, улуттук мыйзамдардын алдында баарыбыз бирдейбиз. Эскерте кетсек, Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү кыргыз жарандары менен чет элдик студенттердин ортосунда башаламандык орун алган. Анда бир нече жаран жаракат алган. Окуянын чоо-жайы.
Прочитайте большеИран президентинин кыйраган тик учагы жайгашкан жер табылды
Иран президенти Ибрахим Раисинин кыйраган тик учагынын бөлүктөрү табылганын Кызыл Жарым Ай коомунун жетекчиси Пир Хосейн Коливанд билдирди. Ал Кызыл Жарым Айдын издөө-куткаруу топтору тик учак кулаган жерге жетишкенин билдирди. Иран президенти бараткан тик учак кечээ, жекшембиде кырсыктаганы маалымдалган. Анда Ирандын түндүк-батышында Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан катуу конуу жасаганы маалымдалган. Тик учак конгон жер так белгисиз болуп, издөө иштерин аба-ырайынын катаал шарттары жана коюу туман татаалдаштырды. Масштабдуу издөө иштери түнү бою жүргүзүлдү….
Прочитайте больше