17-сентябрда Ливандын ар кайсы аймактарында пейджерлер бир убакта массалык түрдө жарылды. Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Фирас Абъяд окуянын натыйжасында 11 киши каза таап, 4 миңден ашууну жарадар болгонун билдирди. Жаракат алгандардын арасында Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Амани да бар экенин иран маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка караганда, анын жарааты жеңил, өмүрүнө коркунуч жок. Көзөмөл камераларынан алынган видеолордун биринде соода борборунда жүргөн адамдын чөнтөгүнөн жарылуу болгонун көрүүгө болот Саламаттыкты сактоо министрлиги тез жардам көрсөтүү үчүн ооруканаларды…
Прочитайте большеMonth: September 2024
Chamran-1. Иран космоско изилдөөчү спутнигин учурду
Иран “Chamran-1” деп аталган изилдөө спутнигин орбитага чыгарды, анын негизги милдети орбиталык маневр технологиясын сыноо болуп саналат. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун расмий сайтында айтылат. “Бүгүн эртең менен “Chamran-1” изилдөө спутниги “Qaem-100″ ракета алып жүрүүчүсү аркылуу космоско учурулду жана 550 километр бийиктиктеги орбитага ийгиликтүү чыгарылды”, — деп айтылат жарыяланган билдирүүдө. Маалыматка караганда, “Chamran-1” Жерге алгачкы сигналдарды жиберди. Спутниктин негизги милдети орбиталык маневр жасоонун технологиясын текшерүү учун программалык жана аппараттык каражаттарды сыноо болуп саналат. Qaem-100…
Прочитайте большеХуситтер Израилге ракета менен сокку урду
Жекшемби күнү эртең менен Израилдин борбордук бөлүгүндөгү көптөгөн шаарларда аба чабуулунун сиреналары жаңырып, көп өтпөй Израиль армиясы Йеменден атылган «жер-жер» үлгүсүндөгү ракета Модиин шаарына жакын жерде кулаганын жарыялады. Израилдин Коргоо армиясы кийинчерээк алгачкы иликтөөлөр ракета абада сыныктарга бөлүнүп жарылганын көрсөткөнүн билдирди. Ракета калк жашаган жерге түшкөн, бирок андан жабыркагандар болгон жок. Йемендик “Ансар Аллах” кыймылы (хуситтер) сокку Тель-Авивдин жанындагы Яффа шаарындагы аскерий объектиге жасалганын жарыялаган. Кыймылдын маалымат боюнча соккудан эки миллиондой израилдик бомбадан баш калкалоочу…
Прочитайте большеИрандын президенти Россияда өтө турган БРИКСтин саммитине катышат
Ирандын президенти Масуд Пезешкян Россиянын Казань шаарында өтө турган БРИКСтин саммитине катышат. Муну Ирандын Россия Федерациясындагы элчиси Казем Жалали БРИКСтин медиа саммитинин алкагында ырастады. «Иран Ислам Республикасынын Президенти Пезешкян мырза, Казань саммитине катышат», – деди ал Песковдун сөзүнө комментарий берип жатып. Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун Москва “дипломатиялык каналдар аркылуу” Иран президентинин саммитке катышуусун ырастоосун күтүп жатканын билдирген. БРИКСтин медиасаммити 13-сентябрдан 17-сентябрга чейин Москвада өтүп жатат, ага дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 60тан ашык маалымат каражаттарынын жетекчилери…
Прочитайте большеТажикстан аскердик бюджетин 92 млн долларга көбөйтүүнү пландоодо
Тажик бийлиги 2025-жылга карата мамлекеттик бюджетке коргонуу, укук коргоо органдарын жана сотторду каржылоого 4,7 миллиард сомони (446 миллион доллар) бөлүүнү пландоодо. Бул сумма бекитилсе, бюджетинин чыгаша бөлүгү 2024-жылга караганда 972,4 миллион сомониге (92 миллион доллар) көп болот. Каржы министрлигинин документинде 2025-жылы Тажикстандын армияга жана укук коргоо органдарына жумшаган чыгымы ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 2,8 пайызын түзөрүн көрсөткөн. 2024-жылы Тажикстандын бул максаттарга жумшаган чыгымы өлкөнүн ИДӨсүнүн 2,6 пайызын же 3,7 миллиард сомонини (354 миллион доллар) түзгөн.
Прочитайте большеДональд Трамп Камала Харрис менен экинчи дебаттан баш тартты
Республикалык партиядан АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп Демократиялык партиянын талапкери, учурдагы вице-президент Камала Харрис менен шайлоо алдындагы кезектеги дебатка катышуудан баш тартты. “Үчүнчү дебат болбойт!” — деп жазды экс-президент өзүнүн Truth Social социалдык тармагына. Трамп-Харрис теледебаты ушул аптада Филадельфияда өткөн. Батыш маалымат каражаттары Харрис талаш-тартыштарды башынан эле көзөмөлдөп, атаандашын коргонууга коюп, социалдык тармактарга тараган бир катар жалган билдирүүлөргө түрткөнүн белгилешти. CNN сурамжылоочулары жана көптөгөн саясий серепчилер демократты жеңүүчү деп ойлошкон. “Мушкер мушташта жеңилип калганда, анын айткан биринчи сөзү: “Мен…
Прочитайте большеЛукашенко Беларусь менен Иран тышкы кысымга туруштук берип жатканын айтты
Беларусь менен Иран аларга жасалып жаткан тышкы кысымга туруштук берип, окшош абалда туруп, кызматташтыкты өнүктүрүп жатыканына өкүнбөйт. Бул тууралуу Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко Минсктеги Эгемендүүлүк сарайында Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан менен жолугушууда билдиргенин БЕЛТА жазды. Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарында Беларусь менен Иран тууралуу жалган маалымат таратуу аракеттери көрүлүп жатат. “Маалыматтык тиреш жүрүп жатат – биз муну түшүнөбүз, тажрыйбалуу адамдарбыз. Балким, маалыматтык согуштун элементтери менен да. Ошентсе да биз санкцияларга жана башка…
Прочитайте большеОрус армиясы Курск аймагында каршы чабуулга өттү
Орус аскерлери Украинанын куралдуу күчтөрүн Орусиянын аймагынан сүрүп чыгаруу үчүн каршы чабуулга өткөнүн бир нече Telegram каналдары кабарлашты. Украиналык Deep State аскер порталы Коренево аймагында орус бөлүктөрү алдыга жылып жатканын билдирди. Порталдын Telegram-каналы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бул багыттагы маанилүү таянычы болгон Снагост айылын көздөй россиялык бронетранспортёрлордун колонналары баратканын көрсөткөн кадрларды жарыялады. Кадрларда кеминде сегиз танк жана бронетранспортер бар. Deep State порталынын билдирүүсүндө, орустар “активдүү чабуул операцияларын баштады, адегенде бронетранспортерлер менен Сейм дарыясын кечип, андан соң…
Прочитайте большеИрандын президенти биринчи чет элдик сапарын Иракка жасады
Ирандын президенти Масуд Пезешкян июль айында кызматка киришкенден берки биринчи чет элдик расмий сапары менен Иракка келди. Аны Багдад эл аралык аэропортунда Ирактын премьер-министри Мохаммад Шиа ал-Судани тосуп алды. Пезешкиан Багдадга конгондон кийин бул шаардын аэропортундагы ирандык генерал Касем Сулеймани менен ирактык командачы Абу Махди Аль-Мухандистин шейит болгон жерге барып, алардын элесин эскерди. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” бөлүгүнүн кол башчысы Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Аны менен кошо бир нече офицер…
Прочитайте большеИран БРИКСтин ичинде коопсуздук боюнча атайын структура түзүүнү сунуштады
Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян БРИКСтин ичинде коопсуздук боюнча атайын структура түзүүнү сунуштады. Анын Санкт-Петербургда өтүп жаткан БРИКС+ өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелерине жооптуу жогорку өкүлдөрүнүн жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн видеосун Tasnim агенттиги жарыялады. Ал терроризм, экстремизм, биологиялык курал жасоо, баңги аткезчилиги, адам сатуу, жасалма интеллект жана спутниктик системалар сыяктуу инновациялык технологияларды мыйзамсыз колдонуу сыяктуу жалпы коркунучтарга каршы туруу, ошондой эле кибермейкиндикте жана деңиз ташууларында жалпы коопсуздук мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн БРИКСтин атайын структурасын…
Прочитайте большеИзраиль барымтачылардын ордуна ХАМАСтын лидерине Газадан коопсуз чыгууну сунуштады
Израиль ХАМАСтын лидери Яхья Синварга барымтадагыларды бошотуу үчүн Газа тилкесинен коопсуз чыгууну сунуштады, деп билдирет Bloomberg. «Мен Синварды, анын үй-бүлөсүн, ага кошулууну каалагандардын бардыгын коопсуз өткөрүүгө даярмын… Биз барымтадагылардын кайтарылышын каалайбыз. Биз Газаны башкара турган жаңы системаны демилитаризациялоону, дерадикализациялоону каалайбыз», – деди Израилдин уурдалган жана дайынсыз жоголгон жарандары боюнча комиссары Гал Хирш. Агенттиктин маалыматына караганда, Хирш бул сунушун кыймылдын өкүлдөрүнө жөнөткөнүн билдирди. “Ошол эле учурда мен B, C жана D планынын үстүндө иштешим керек, анткени мен барымтадагыларды үйгө…
Прочитайте большеКамала Харрис менен Дональд Трамп дебатта биринчи жолу жолугушту
АКШ президенттигине талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трамп ноябрь айындагы добуш берүүнүн алдында ABC News телеканалынын түз эфиринде шайлоо алдындагы биринчи жана балким, жалгыз теледебатын өткөрүштү. Дебат шайлоого эки айга жетпеген убакыт калганда өттү. Дискуссиянын биринчи бөлүгү жана ABC телеканалынын алып баруучусу Дэвид Муир берген биринчи суроо экономикага багытталды. “Америкалыктар төрт жыл мурункуга караганда жакшыраак жашайт деп ишенесизби?” — деп сурады ал. Харрис алгач жооп берип, “мүмкүнчүлүк экономикасын” курууну пландап жатканын айтты. Ал турак-жай маселесин чечүүгө, жаш үй-бүлөлөргө жана чакан бизнеске…
Прочитайте большеАрмения Азербайжан менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жакын арада Азербайжан менен тынчтык келишиминин макулдашылган текстине кол коюуга даяр экенин ырастады. Бул тууралуу Armenpress маалымат агенттиги жазды. Пашинян тынчтык келишиминин учурда макулдашылган бөлүгүндө Армения менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча жобо бар экенин белгиледи. “Ошондуктан, биз ушундай чечимдерди кабыл ала алабыз, биз бул сунушту ачык жана расмий түрдө жасадык жана мен жакынкы келечекте тынчтыкты жана мамилелерди орнотуу боюнча сүйлөшүүнүн макулдашылган текстине кол коюуга даяр экенибизди ырастагым келет”, –…
Прочитайте большеОоганстандын Улуу Британиядагы элчилиги ишин токтотот
Ооганстандын Улуу Британиядагы элчилиги жергиликтүү бийликтин талабы менен 27-сентябрдан тарта ишин токтотот. Бул тууралуу ооган дипломатиялык миссиясынын башчысы Залмай Расул X соцтармактагы баракчасынан билдиргенин Associated Press агенттиги билдирди. Британ бийликтери мындай чечимди Ооганстанда бийликти алган “Талибан” кыймылы Кабул менен кызматташуудан баш тарткан ооган дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тараткан документтерди таануудан баш тарткандан кийин кабыл алган. Талибдер түзгөн Тышкы иштер министрлиги мурда кабарлагандай, алардын арасында Ооганстандын Австралия, Австрия, Бельгия, Греция, Италия, Канада, Норвегия, Польша, Франция, Швейцария жана Швециядагы…
Прочитайте большеИрандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Россияга жөнөп кетти
Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян Россияга жөнөп кетти. Ал 10-12-сентябрда Санкт-Петербургда өтө турган БРИКС жана БРИКС+ өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелерин тейлеген жогорку өкүлдөрүнүн он төртүнчү жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, Ахмадиян Санкт-Петербургга шейшемби күнү россиялык кесиптешинин чакыруусу менен жөнөп кетти. Россия тарап менен жолугушууда өзгөчө көңүл Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү кырдаалга жана экономикалык, саясий жана коопсуздук чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкка бурулат. Бул саммитте БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн жыйынынан тышкары, биримдикке мүчө…
Прочитайте больше