ХАМАСтын лидери Малайзиянын премьер-министри менен Газадагы акыркы кырдаалды талкуулады

Палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий кеңсесинин башчысы Исмаил Хания бүгүн Дохада Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим жана аны коштогон делегация өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Газадагы акыркы абал, ок атууну жана Палестина калкынын геноцидинин токтотуу чүн көрүлгөн аракеттер, ортомчулардын ок атууну токтотуу сунушуна ХАМАСтын макулдугу, Израилдин Рафахка чабуулу жана башка бир катар маселелер тууралуу сүйлөшүштү.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим өз өлкөсүнүн Палестина элине колдоосун баса белгилеп, Малайзиянын ХАМАС менен мамилеси ондогон жылдардан бери туруктуу болуп келгенин жана Малайзия бул кыймылды Палестинанын улуттук боштондук кыймылы деп эсептей турганын билдирди.

Исмаил Хания Малайзиянын Газа элине жардам көрсөтүү аракетин баалоо менен бирге өлкөнүн дипломатиялык позицияларын да жогору баалап, Палестина улутуна тез арада жардам керек экенин баса белгиледи.

Анвар Ибрагим жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Facebook баракчасына билдирүү калытып мындай деп жазды: “Малайзия Рафахка кол салууларды токтотуу үчүн эл аралык деңгээлде салым кошууну улантат. Газадагы согушта жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ийкемдүү аракеттерди өзгөчө гуманитардык жардам, медицина жана билим берүү жагынан мобилизациялайт. Малайзия ХАМАСтын туткундагыларды айрыкча балдарды жана аялдарды бошотууга даярдыгын жогору баалайт жана араб дүйнөсүнүн, Ислам Кызматташтык Уюмунун жана эл аралык коомчулуктун тынчтык планын кабыл алат. Ошол эле учурда Малайзия Израилди Палестина элине кыргын салууну токтотууга, бардык палестиналык туткундарды бошотууга жана тынчтык планга макул болууга чакырат”.

Бул жолугушууда ХАМАСтын делегациясы Газа тилкесиндеги жалпы абал, Израилдин тынымсыз кылмыштары, анын ичинде Газадагы геноцид, карапайым калкты бутага алуу, палестиналыктарды ачкачылыкка дуушар кылуу саясаты, душмандын түрмөлөрүндө палестиналык туткундардын кыйноолору жана Иерусалим менен Акса мечитинин алдында турган коркунучтар жана бул кылмыштарды токтотуу үчүн араб-ислам мобилизациясынын зарылдыгын баса белгиледи.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *