Курман айт 16-июнда белгиленет

Мусулмандардын ыйык деп саналган Курман айт майрамы Кыргызстанда 16-июнда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

“7-июнь жума күнү Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 15-июнь ишемби күнү арапа, 16-июнь жекшемби күнү Курман айт майрамы”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бул сапар Курман айт жекшемби күнгө туура келгендиктен, 17-июнь дүйшөмбү күнү өлкөдө жумуш эмес күн болуп эсептелет.

Курман айт исламдагы улуу майрамдардын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн соң 70 күндөн кийин белгиленет. Бул күнү курмандыктар чалынып, көзү өтүп кеткен адамдарга куран окулат.

Белгилей кетсек, буга чейин Курман айттын так датасы Казакстандын муфтияты тарабынан айтылган. Коңшу республикада майрам бир күндөн кийин – 17-июнда белгиленет.

Ал эми Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө Курман айт майрамынын так датасы азырынча айтыла элек.

Комментарий жиберүү