АКШ президенти Дональд Трамп 13–15-май күндөрү Кытай мамлекетине мамлекеттик сапар менен барат.
Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен АКШ президенти Дональд Трамп 13–15-май күндөрү Кытайга мамлекеттик сапар менен келет», — деп айтылат Кытай ТИМинин расмий билдирүүсүндө.
Reuters агенттиги АКШ администрациясынын өкүлүнө шилтеме берип, Трамп сапардын жүрүшүндө Россия жана Иранды талкуулай турганын билдирди.
«АКШнын жогорку даражалуу өкүлү: Трамп менен Си Цзиньпин Кытайдын Иран жана Россияга көрсөткөн колдоосун талкуулашы мүмкүн», — деп жазат Reuters.
Эске салсак, башында АКШ президентинин Пекинге сапары 31-марттан 2-апрелге чейин өтмөк. Бирок Иранга байланышкан кырдаалга байланыштуу сапар кийинки мөөнөткө жылдырылган.
Буга чейин Ирандын Кытайдагы элчиси Абдолреза Рахмани-Фазли Кытай Иранга байланыштуу бардык келишимдердин, анын ичинде Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы макулдашуунун кепилдиги боло аларын билдирген.
«Пекин Иранга байланыштуу бардык келишимдердин кепилдиги боло алат. Кытайдын Иранга жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө карата позициясын эске алганда, ал каалаган келишимдин кепилдигин бере алат. Тегеран буга чейин бир нече жолу АКШ менен түзүлгөн ар кандай келишим келечекте Иранга каршы жаңы аскердик жаңжал чыкпай турганына кепилдик менен коштолушу керектигин билдирген», — деген Рахмани-Фазлинин сөзүн Ирандын Fars News агенттиги келтирген.