УКМК: Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылууда

УКМК: Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылууда

Кыргыз тараптын ок атышууну токтотуу аракеттерине карабастан тажик тарап аскердик оор техникаларды тартууну улантып, Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. УКМКдан белгилешкендей, тажик тарап Кыргызстандын аймагын аткылоо үчүн колдо болгон бардык арсеналды колдонууда.“Учурда бүткүл периметр боюнча катуу кагылышуулар жүрүп жатат”, – деп белгилешти ведомстводон. КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Тажикстандын аскердик агрессиясынын мизин кайтарууну улантууда.

Прочитайте больше

Тажикстан Баткен аэропортун жана бир катар объектилерди ракеталар менен аткылады

Тажикстан Баткен аэропортун жана бир катар объектилерди ракеталар менен аткылады

Баткен аэропортунун айланасы жана шаардын четиндеги объектилер Тажикстандын залптык реактивдүү системалары (РСЗО) тарабынан аткыланды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Баткен шаарындагы жарандык инфраструктуралык объектилер талкаланган. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда. Чек арадагы куралдуу кагылышууда жалпы 31 жабыркады. УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда.

Прочитайте больше

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси менен жолугушту. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Садыр Жапаров жеке таанышканына кубанычта экенин билдири, Ибрахим Раисини өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык маарекеси менен куттуктап, Кыргызстан менен Ирандын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкка жолтоо болчу эч кандай пикир келишпестиктер жок экенин белгиледи. Ал бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кыргыз-иран…

Прочитайте больше

Иран ШКУга толук мүчө болуп кирди

Иран ШКУга толук мүчө болуп кирди

Бүгүн, 15-сентябрда Самаркандда өтүп жаткан саммитте Иран Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынды. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян менен уюмдун башкы катчысы Чжан Мин кол коюшту. ШКУнун баш катчысы Чжан Мин бул күндү Иран үчүн да, уюм үчүн да маанилүү деп атады. “Ирандын ШКУга кириши уюмду бекемдейт”, – деди ал. Ислам республикасынын ШКУга мүчө болуп кабыл алынары былтыр сентябрда белгилүү болгон. Анда өлкөнүн президенти Ибрахим…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту. Кандай документтер кабыл алынды?

Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту. Кандай документтер кабыл алынды?

Бүгүн, 15-сентябрда, президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчылары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болуп, чечилбеген саясий маселелер жок экенин белгилеп, кыргыз тарап «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке…

Прочитайте больше

Ош Ирандын экинчи чоң шаары Мешхед менен боордош калаа боло алат

Ош Ирандын экинчи чоң шаары Мешхед менен боордош калаа боло алат

Ирандын Мешхед шаарынын жетекчилиги Кыргызстандын Ош шаары менен кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле боордош шаар мамилелери боюнча меморандум түзүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразинин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушууда М.Исаев Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан элчиге салам жолдоп, эки тараптуу мамилелер өнүгүп жатканын белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Ош шаары менен Ирандын ири шаарларынын, атап айтканда, Хорасан-Разави провинциясынын административдик борбору Мешхед шаарынын (калкы 2,5 миллиондон ашуун) ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи. Ал Россия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара соода…

Прочитайте больше

Өзбекстан менен Иран кызматташуу боюнча 18 документке кол коюшту

Өзбекстан менен Иран кызматташуу боюнча 18 документке кол коюшту

Жогорку деңгээлдеги өзбек-иран сүйлөшүүлөрү жемиштүү жана конструктивдүү маанайда өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун түрдүү тармактарын камтыган 18 документке кол коюлду. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматы билдирди. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раиси биргелешкен билдирүүгө кол коюшту, анда негизги макулдашуулар бекитилген  жана эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү милдеттер аныкталган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. 🔵 бизнес жана илимий чөйрөлөрдүн, ошондой…

Прочитайте больше

Ирактын улуттук акылмандык агымы: «Арбаин» аземин түз чагылдыруу болбосо; ашырып жатасың дешмек

Ирактын улуттук акылмандык агымы: «Арбаин» аземин түз чагылдыруу болбосо; ашырып жатасың дешмек

 Хекмат Меллинин басма сөз катчысы: эгер Хусейндин (а.с) кыркын өткөрүү дастаны түз эфирде көрсөтүлбөсө, зыяратчылар менен алардын жан-жөкөрлөрүнүн маанайы болбогондо, бурмалоочулар муну аша чапкандык деп айтышмак деп тактады.  Fars агенттигинин эл аралык тобунун кабарына ылайык, Ирактын улуттук даанышмандык агымы Хусейнинин (р.а.) Арбаин жөрөлгөсү жана Кербалага карай түрдүү кербендеринин кыймылы түз эфирде чагылдырылбаса, анда жалганчылар жана бурмалоочулар муну аша чапкандык деп айтышмак. Ирактын улуттук акылмандык кыймылынын өкүлү Нуфел Аборгиф Твиттердеги билдирүүсүндө: «Арбаин дастанында берилгендик, кечиримдүүлүк, кызмат…

Прочитайте больше

Бул жылы 81 палестиналык шейит болду

Бул жылы 81 палестиналык шейит болду

 Иордан дарыясынын батыш жээгинде куралдуу каршылык күчөп жатканда, сионисттик маалымат каражаттары ушул жылдын башынан бери басып алынган бул аймакта 81 палестиналык шейит болгонун ачыкка чыгарды. Бул жылы 81 палестиналык шейит болду. Иордан дарыясынын батыш жээгинде куралдуу каршылык күчөп жатканда, сионисттик маалымат каражаттары ушул жылдын башынан бери басып алынган бул аймакта 81 палестиналык шейит болгонун ачыкка чыгарды.

Прочитайте больше

Рим папасы: диний лидерлер согушту колдобош керек

Рим папасы: диний лидерлер согушту колдобош керек

Рим папасы Франциск 14-сентябрда Казактанда өтүп жаткан Дүйнөлүк жана салттуу диндердин VII конгрессинде диний лидерлерди динди согушту актоо үчүн курал катары колдонбоого чакырды. Бирок кимдер бирөөнүн атын атаган жок. “Кудай согушту жактырбайт, тескерисинче, тынчтыкка үндөйт”, – деди ал. Рим папасы Франциск апрель айында католиктердин Пасха майрамына арналган кайрылуусунда Украинада тынчтык орнотууга үндөп, Орусиянын Украинага согуш ачканын кескин айыптаган. Орусиянын православ чиркөөсүнүн башчысы – патриарх Кирилл болсо согуш башталгандан кийин өлкөнүн Коргоо министрлигинин башкы храмында диний…

Прочитайте больше

Чек ара: Кыргызстан Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жарыялады

Чек ара: Кыргызстан Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жарыялады

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө аймагындагы жолугушуусунун жыйынтыгында төмөнкүдөй бир нече макулдашууга жетишкенин маалымдады. – Чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде болушат. – Тараптардын укук коргоо органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн (РИИБ) өздүк курамы Төрт-Көчө жерлигинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүшөт. Саат 19:30да Төрт-Көчөдөгү кезектеги жолугууга чек ара бекеттеринин башчылары катышары айтылган. Азырынча бул жолугушуунун жыйынтыгы айтыла элек. Кийинки жолугуу Как-Сай жерлигинде болот….

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Иран коопсуздукту сактоо жаатында кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Иран коопсуздукту сактоо жаатында кызматташтыкты күчөтөт

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган министрликтин өкүлдөрү Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, тараптар буга чейин түзүлгөн кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кырсыктарды алдын алууда биргелешкен аракетти көрүү, тажрыйба алмашуу жана жардам көрсөтүү, метеорология тармагындагы байланыш боюнча маселелерди талкуулашып, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мүмкүнчүлүгүн көтөрүү боюнча сүйлөшүштү. Иран элчилигинин делегациясы Кыргызстандын жаратылышы дүйнө элин дайыма өзүнө тартып, суктанарлык табиятка ээ экендигин айтып, ага байланыштуу өлкөгө келген чет туристтердин, альпинисттердин…

Прочитайте больше

Өзбекстан Ирандын президенти Ибрахим Раисини кантип тосуп алды?

Өзбекстан Ирандын президенти Ибрахим Раисини кантип тосуп алды?

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Өзбекстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматынан билдиришти.   Раисини Самарканд эл аралык аэропортунан Өзбекстандын пермьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.  Андан соң Самарканддын Конгресс борборунда Иран президенти Ибрахим Раисини салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Эки өлкөнүн мамлекеттик желектери менен кооздолгон аянтта Раисинин урматына ардактуу караул тизилди. Жогорку даражалуу мейманды Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды. Салтанатка эки өлкөнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү катышты. Биргелешкен сүрөткө…

Прочитайте больше

Армения чек арадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Россия, ЖККУ жана БУУдан жардам сурайт

Армения чек арадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Россия, ЖККУ жана БУУдан жардам сурайт

Армения Азербайжан менен чек арадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Россия, ЖККУ жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинен  жардам сурап кайрылат. Мындай чечим республиканын премьер-министри Никол Пашинян өткөргөн коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы  билдирди. Жыйындын жүрүшүндө Азербайжандын түн жарымында Армениянын суверендүү аймагына карата баштаган агрессивдүү аракеттерине каршы мындан аркы кадамдар талкууланды. Армения Республикасынын суверендүү аймагына каршы жасалган агрессияга байланыштуу, достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишимдин жоболорун ишке ашыруу максатында Россия Федерациясына, ошондой эле Жамааттык Коопсуздук Келишим…

Прочитайте больше
1 74 75 76 77 78 207