Иранда мунайдын өндүрүшү болуп көрбөгөндөй өстү

Иранда мунайдын өндүрүшү болуп көрбөгөндөй өстү

Американын Wall Street Journal гезити Ирандын санкцияланган мунай өндүрүшү  Кытайдын импортунун өсүшүнүн аркасында акыркы эки жылдын ичиндеги эң жогорку деңгээлге жеткенин билдирди. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттигине шилтеме берип “Eurasia Today” агенттиги кабарлайт. Wall Street Journal гезити өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн ортосунда Ирандын чийки мунай зат экспорту көбөйгөнүн, эми Тегеран мурункуга караганда көбүрөөк мунай өндүрүп жатканын жазды. Ошондой эле Ирандын санкцияланган мунай өндүрүшү Кытайдын импортунун өсүшүнүн аркасында акыркы эки жылдын ичинде эң жогорку деңгээлге жеткенин баса белгиледи жана бул…

Прочитайте больше

Эксперт: «Иран мунайы Кыргызстандагы бензинге болгон бааны арзандатмак»

Эксперт: «Иран мунайы Кыргызстандагы бензинге болгон бааны арзандатмак»

Ирандын чийки мунайын ташып келүү Кыргызстандагы күйүүчү май кризисин азайтууга жардам бермек. Муну кандайча жүзөгө ашыруу керек экендиги жөнүндө Кыргызстандагы белгилүү эксперт, саясат таануучу Марс Сариев өзүнүн пикирин  “Eurasia Today” агенттигине бөлүштү. Жакында эле Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарынын алкагында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетти. Тактап айтканда, ал кыргызстандык кесиптеши Руслан Казакбаев жана Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууларды өткөрдү. Эксперттин айтымында, акыркы жылдары Иран менен Кыргызстандын мамилеси жакшырып келе жатат, бирок тилекке каршы пандемия…

Прочитайте больше

«CASA-1000» долбоорунан Кыргызстан жылына 80 млн. доллар киреше табат (фото)

«CASA-1000» долбоорунан Кыргызстан жылына 80 млн. доллар киреше табат (фото)

Президент Садыр Жапаров: «CASA-1000» долбоору энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачат. «CASA-1000» долбоору — регионалдык деңгээлдеги масштабдуу долбоор, ал энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет. Бул тууралуу  3-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди. Мамлекет башчысы аталган долбоордун өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин жана бул долбоорду ишке ашыруудагы Кыргыз Республикасы…

Прочитайте больше

Депутаттар алтын кениндеги миллиондорго кызыгышты

Депутаттар алтын кениндеги миллиондорго кызыгышты

“Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Комиссиянын мүчөлөрү жакында эле «Кумтөр» алтын кениндеги жүргүзүлүп жаткан иштер, андан соӊ Бишкек менен Кара-Балта шаарларындагы алтын аралашмаларынын анализдерин чыгара турган лабораториялардын азыркы абалы менен жеринен таанышып келдик. Жыйынтыгында тоо-кен тармагында заманбап жаӊы технологияларды колдонуу зарылдыгына көзүбүз жетти. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өтүп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы…

Прочитайте больше

Күйүүчү майдын кымбатташы: Орусиянын өзүндөгү кризис коркунучу

Күйүүчү майдын кымбатташы: Орусиянын өзүндөгү кризис коркунучу

Орусияда күйүүчү майга болгон баалар кайрадан көтөрүлдү. 2021-жылдын башынан бери бензин менен дизелдин баасы 2-3% өстү. Бензиндин кымбатташы күйүүчү май кризисине алып келип, анын кесепетинен социалдык чыңалуу жаралышы мүмкүн деп эскертти Эсеп палатасы. Кремль кырдаал көзөмөлдө экенин айтууда. Бааны түшүрүү үчүн бийлик бюджеттен кошумча каражат бөлмөк болду. Орусиянын энергетика министрлиги күйүүчү майга болгон баанын кымбатташын керектөөнүн өскөнү менен түшүндүрүүдө. Баа көтөрүлгөн учур 2020-жылдын жайында болду. Анда расмийлер муну локдаундун бүтүшү менен түшүндүргөн. Көп өтпөй баалар…

Прочитайте больше

Дүйнө өлкөлөрүнүн элдери канча маянага бактылуу болушат?

Дүйнө өлкөлөрүнүн элдери канча маянага бактылуу болушат?

Экономисттер  кыргызстандыктарга бактылуу болуу үчүн канчасом акча керектигин аныкташты. 24.kg маалымат порталы билдиргендей, Америкалык окумуштуулар Gallup Дүйнөлүк сурамжылоонун маалыматтарын колдонуп, бакыт үчүн канча акча керек экендигине изилдөө жүргүзүштү.Сурамжылоого 1,7 миллион адам – дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын жашоочулары катышкандыгы маалымдалды. Сурамжылоолордун жыйынтыгына ылайык, кыргызстандыктар бактылуу болуш үчүн жылына 9000 доллар маяна талап кылынат.Белгилей кетсек, Кыргызстан бакыт үчүн эң аз акчага муктаж өлкөлөрдүн катарына кирди.Ошондой эле Суринам (6 799 доллар), Аргентина (8000 доллар), Ангола (8…

Прочитайте больше

Орусиянын долларга жана еврого көз карандылыгы азайды

Орусиянын долларга жана еврого көз карандылыгы азайды

Орусия валюта түзүмүн өзгөртүү менен Улуттук жыргалчылык фондунун долларга жана еврого көз карандылыгын азайтты. Бул тууралуу Орусиянын Каржы министрлиги билдиргенин «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.Минстрлик жарыялаган маалыматта “Улуттук жыргалчылык фондунун валюта түзүмүнүн жобосуна 5 пайыз үлүш менен япон йени жана 15 пайыз үлүш менен кытай юаны киргизилди”, – деп билдирди.Орусиянын Улуттук жыргалчылык фондунун түзүмүндөгү доллар жана евро активдеринин үлүшү 45 пайыздан 35 пайызга чейин, фунт стерлинг мурдагы он пайызда туруктуу бойдон калган.Өлкөнүн Улуттук жыргалчылык фондунун ликвиддүүлүк портфели февраль…

Прочитайте больше

Дүйнөдө азык-түлүккө баа болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү

Дүйнөдө азык-түлүккө баа болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү

Бириккен Улуттар Уюму дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктүн баалары 4,3 пайызга жогорулаганын билдирди. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) дүйнөдө азык-түлүк бааларынын индекси сегизинчи ай катары менен жогорулап, 2014-жылдын июль айынан бери эң жогорку чекке жеткенин билдирди.Уюмдун берген маалыматында азык-түлүктөрдүн ичинен шекер, өсүмдүк майы жана дан өсүмдүктөрүнүн баасы кескин көтөрүлүп кеткен. Шекерге болгон баанын индекси 8,1 пайызга жогорулап, рекорд койгон.Баалардын көтөрүлүшү Европада Орусияда жана Таиландда ар кандай өнүмдөрдүн жеткирилишинин…

Прочитайте больше

АКШнын 20 доллардык валютасындагы сүрөт алмаштырылат

АКШнын 20 доллардык валютасындагы сүрөт алмаштырылат

АКШнын 20 доллардык акча бирдигинде кулчулукка каршы күрөшкөн кара терилүү активисттин сүрөтү пайда болот.  Islam Today: АКШнын Каржы министрлиги 20 доллардык купюрадагы сүрөттү алмаштыруу маселесине кайтып келди.Белгилей кетсек, жетинчи Президент Эндрю Жексондун ордуна, анда кулдарды бошотуу боюнча активист Гарриет Табмендин сүрөтү коюлат.Ак үйдүн өкүлү Жен Псакинин айтымында, Табмен кылымдан ашуун убакыт ичинде америкалык банкноттордо сүрөтү чыккан биринчи аял болуп калмакчы.Эске салсак, бул чечим Барак Обаманын администрациясы тарабынан кабыл алынган, бирок Дональд Трамптын тушунда бул маселе 2028-жылга чейин жылдырылган.Ал…

Прочитайте больше

АКШда мунай өндүрүү 4 пайызга төмөндөдү

АКШда мунай өндүрүү 4 пайызга төмөндөдү

АКШнын Энергетика боюнча маалымат агенттиги август айында Мексика булуңунан келген берүүлөрдүн кыскарышынан кийин АКШнын мунай өндүрүшү 3,6 пайызга төмөндөгөнүн билдирди. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Энергетика боюнча маалымат башкармалыгы (EIA) ай сайын берилүүчү отчетунда АКШнын мунай өндүрүшү эң төмөнкү көрсөткүчкө жеткендигин жарыялады.Белгилей кетсек, Мексика булуңундагы мунайзаты акыркы 7 жылда кыскаргандыгына байланыштуу АКШнын мунай өндүрүшү да 3,6% га төмөндөгөн.Ушул айда АКШда мунай өндүрүү күнүнө 10,6 миллион баррелди түзүп, бул көрсөткүч 2019-жылдын августундагы орточо суткалык өндүрүшүнөн 14,9%…

Прочитайте больше

Европанын эң бай адамы бир жумада 8 миллиард доллар киреше тапты

Европанын эң бай адамы бир жумада 8 миллиард доллар киреше тапты

Бернар Арно компаниясынын акцияларын 6% көбөйтүп, бир жуманын ичинде байлыгын 122 миллиард долларга чейин көбөйтө алды. «ir.Sputnik News» агенттиги “Forbes” журналынын маалыматына шилтеме берип, белгилүү миллиардер жана “Louis Vuitton” компаниялар тобунун президенти Бернар Арно бир аптанын ичинде байлыгын 8 миллиард долларга көбөйтүүгө жетишкенин маалымдады.Дүйнөдө кымбат баалуу товарлар рыногу коронавирус эпидемиясы башталгандан бери катуу жабыркады. Бирок Louis Vuitton компаниялар тобу өткөн жумада бул тармак калыбына келе баштагандыгын кабарлашты. Бул билдирүүдөн кийин, Бернар Арнонун акциялары 6 пайызга көтөрүлүп,…

Прочитайте больше

Орусиянын Кыргызстанга каржылык жардамын жандантуу маселеси сүйлөшүлөт

Орусиянын Кыргызстанга каржылык жардамын жандантуу маселеси сүйлөшүлөт

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 23-октябрь күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, Москванын Бишкекке каржылык жардамын жандантуу маселесин сүйлөшөт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, кыргызстандык мигранттардын Орусияга барышы жана туруктуу аба каттамдарын көбөйтүү маселелери да талкууланат. Министр Казакбаев эки күндүк иш сапары менен Москвага 22-октябрда барган. Ал Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась менен жолугушуп, аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаалды,…

Прочитайте больше

Кыргызстан 20дан ашы көлкөгө бал экспорттогон

Кыргызстан 20дан ашы көлкөгө бал экспорттогон

Кыргызстандан  үстүбүздөгү жылдын сегиз айында дээрлик 250 тонна бал жыйырмадан ашык өлкөлөргө экспорттолгон. Sputnik агенттигинин маалыматына ылайык,  ушул жылдын январь айынан августка чейин Кыргызстан 249,5 тонна бал саткандыгын Улуттук статистикалык комитети билдирди.Белгилей кетсек, экспорттун жалпы көлөмү 905 миң долларды (68,3 миллион сом) түздү. Кыргызстан пандемия учурунда төмөнкү өлкөлөргө бал экспортогон (тонна менен) :Кытай – 73,8;Сауд Аравия – 34,3;Бириккен Араб Эмираттары – 27,7;Кувейт – 26;Андорра – 18,9;Түштүк Корея – 10,3;Япония – 9,9;Тайвань – 9,9;АКШ – 8,8;Франция –…

Прочитайте больше

Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт

Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт

50 млн евро капиталы менен Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде маалымдады. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, кыргыз-венгер мамилелери мына азыр жаңы деңгээлге чыгып жатат, өлкөлөрдүн жалпы тарыхый тамырлары бир. Мамлекет башчысы 28-29-сентябрда Венгрияга боло турган өзүнүн расмий визитинин алкагында пландалган иш-чаралар тууралуу кеңири айтып берди.  Президент эске салгандай, Кыргызстанга 2018-жылы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан расмий иш сапары менен келген. Ошондо ал Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин…

Прочитайте больше

Кыргызстандын тышкы карызы 56,2% жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 56,2% жетти

Кыргызстандын тышкы карызы жыл аягына чейин 4 млрд 323,6 млн долларга жетет. Мындай маалыматты тараткан каржы министрлиги, бул жылы чет өлкөлөрдөн жана каржы институттарынан 337 млн доллар жардам алынганын, анын ичинен 269 млн доллары насыя экенин кошумчалаган. 31-июлга карата мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд 824,01 млн долларды түзөт. Анын ичинен тышкы карыз 4 млрд 169,6 млн доллар болсо, ички карыз 654,41 млн долларды түзөт. Коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү эл аралык коомчулуктан жалпысынан 773 млн…

Прочитайте больше
1 2 3