Ирандын Хорасан-Резави провинциясынын губернаторунун орун басары Абольфазл Чаманди баштаган делегация өкүлдөрү Ош облусуна келишти.
Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ирандан келген делеацияны бүгүн, 7-октябрь күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кабыл алды.
“Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу, айыл чарба жана өндүрүш багытында тажрыйба алмашуу, инвестиция, медицина багытында иштешүү тууралуу сүйлөшүштү”, – деп айтылат маалыматта.
Хорасан-Резави провинциясынан келген делегация өкүлдөрү Ош облусундагы өндүрүш жана айыл чарба тармагындагы мекемелер менен таанышты.
“Эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы жана Достук мамиленин алкагында Ош облусу жана Хорасан-Резави провинциясынын ортосунда жол карта иштеп чыгуу макулдашылды”, – деп белгиленет билдирмеде.
Белгилей кетсек, 9-12 октябрында Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Ирандын бир нече компанияларынын экинчи эксклюзивдүү көргөзмөсү өтөт.
Көргөзмөнүн бардык катышуучулары негизинен Хорасан-Резави провинциясынын жана Мешхед шаарынын өкүлдөрү болушат.
Ачылыш аземге Хорасан-Резави провинциясынын губернаторунун орун басары жана Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү катышат.
Ирандан келген 17 коммерциялык компания жана өнөр жай, химиялык, текстиль, айыл чарба, тамак-аш, инженердик кызмат көрсөтүү, курулуш сыяктуу түрдүү тармактардагы 40тан ашык ишкерлер өз продукцияларын көргөзмөгө коюшат.