Динибизде үй-бүлө

Динибизде үй-бүлө

Ислам дини коомдун бакыты жана адамзат урпагынын дени сак, татыктуу улануусу үчүн үй-бүлөнүн зарыл экенин билдирген. Ошол себептен никени халал кылып, зинаны жана зинага жол ача турган эркин катнаштарга тыюу салган. Аялдарга эч бир дин, система бере албаган кадыр-баркты, мартабаны берген. Расулуллах алейхиссаламдын “Коштошуу хутбасындагы” насааттарынын биринде: “Аялдарыңарды кордобогула. Алар – Аллаху тааланын силерге берген аманаты. Алар менен жумшак, жакшы мамиледе болгула, аларга жакшылык кылгыла!” – деп буюрган. Дагы бир хадиси шарифте: “Бейиш энелердин таманы астында”, –…

Прочитайте больше

Күнөө кылгандын орозосу

Күнөө кылгандын орозосу

Суроо: Кээ бир адамдар: “Намаз окубаган, ичкилик ичкен, ачык кийинип жүргөн же башка күнөө кылгандар бекер эле орозо кармашпасын”, – деп айтышат. Бул сөз туурабы? ЖООП Жок, динге каршы келген сөз. Бир канча күнөө кылган адамдын сөзсүз эле калган күнөөлөрдү да кылуусу керек эмес. Орозо кармап, ошол эле убакта күнөө кылган адам орозо кармоо менен пайда болчу чоң соопко ээ боло албайт, бирок, акыретте “эмне үчүн орозо кармабадың” делип эсепке тартылбайт. Орозо карызын өтөгөн болот, жада…

Прочитайте больше

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын шапааты

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын шапааты

Ыйманын сактап өлгөн ар бир адам шапаатка жетишет. Зухаа сүрөсүнүн: “Албетте: Раббиң сага [шапаат кылуу мүмкүнчүлүгү жана абдан көп нимат] берет, сен да ыраазы болосуң” деген маанидеги бешинчи аят-и кариманын тафсиринде Расулуллах алейхиссалам: “Үммөтүмөн бир киши Тозокто калса ыраазы болбойм”, – деп айтты. Шапаатка ээ боло алуу үчүн ыйман менен өлүү шарт. Ыймандуу өлгөндөр да түбөлүк кутулууга жетишти деген маанини билдирет. Хадиси шарифтерде айтылды: “Кыяматта шапаат кыламын. “Эй, Рабби, жүрөгүндө кымындай болсо да ыйманы барларды Бейишке киргиз”, – деп айтамын. Алар Бейишке киришет….

Прочитайте больше

Аял акысы

Аял акысы

Суроо: Аял менен ынтымакта жашоонун жолу кандай? ЖООПАялынын жакшы ахлактуу болуусун каалаган эркек алгач өзү жакшы ахлактуу болушу керек! Куран-и каримде адамга келген кыйынчылыктардын кылган күнөөлөрүнөн улам келе тургандыгы билдирилген. Ошондуктан, динибиздин буйрук жана тыюуларына көңүл буруп жашаган адам аялы менен жакшы мамиледе жашайт. Алийй-ул Хавас хазреттерине аялы ачууланат. Аялы күйөөсүнө каршылыгын билдириш үчүн өзүнчө идиш колдонот. Алийй-ул Хавас хазреттери бир күнү байкабай аялынын идишин колдонуп суу ичкенде аялы дароо идишти сындырат. Хазрет “идишти эмнеге сындырдың”…

Прочитайте больше

Тасаввуф жана ахлак

Тасаввуф жана ахлак

Тасаввуф (сопулук) деген эмне? Суроо: Тасаввуф деген эмне? ЖООП Тасаввуф көңүлдү тазартуу, жаман мүнөздөрдөн тазалоо жана жакшы мүнөздөр менен толтуруу дегенди билдирет. Тасаввуф ал-ахвал иши болгондуктан аны башынан өткөргөн адам билет, айтуу менен түшүнүлбөйт. Тасаввуф илими көңүл менен кылынуусу жана сактануусу керек болгон нерселерди жана көңүлдү, рухту тазалоонун жолдорун үйрөтөт. Бул “Ахлак илими” деп аталат. Тасаввуф адамдары өз даражасына жараша тасаввуфту түшүндүрүшкөн. Бир канчасы мындай: Тасаввуф – диндин буйруктарына моюн сунуп, тыюу салгандарынан сактанып, көңүлдү жаман…

Прочитайте больше

Динибизде аялдын орду

Динибизде аялдын орду

Суроо: Азыркы тапта “Жашоо – баарына бирдей, эркек да, аял да тең” деген сыяктуу сөздөр айтылып, аялдарга зулумдук кылынууда. Эң оор, эң төмөн жумуштарда деле аялдар иштеп жүрөт. Ислам дининде аял киши үйдүн ичинде жана сыртында жумуш жасап, акча табууга мажбурбу? Динибиздеги аялдардын укуктары кандай, ушул тууралуу маалымат бересизби? Жооп: Исламга чейин аялдардын эч кандай кадыр-баркы жок болчу. Араптар кыз перзенттерин тирүү бойдон көмүшчү. Каабанын айланасында да аялдар жылаңач жүрө беришчү. Ислам дини келгенден баштап бул жаман…

Прочитайте больше

Расулуллахтын Хазрети Алиге насааты

Расулуллахтын Хазрети Алиге насааты

Момундун 3 белгиси болот: Намаз окуу, орозо кармоо жана садага берүү. Риякордун (бир нерсени эл көрсүн үчүн кылган кишинин) 3 белгиси бар: Адамдардын жанында намазынын руку жана саждаларын толук орундайт, эч ким көрбөгөн жерде эч бир рукуну толук орундабайт. Мактаган кезде берилип ибадат кылат. Адамдардын арасында Аллаху тааланы көп зикир кылат. Заалымдын 3 белгиси бар: Өзүнөн төмөн тургандарга кысым көрсөтөт. Күчү жеткенче элдин мал-мүлкүн кыйнап тартып алат. Жеп-ичүүдөн жана кийинүүдөн эч нерсени аябайт. Сараңдардын 3 белгиси болот: Жанында болгон адамдын бетине…

Прочитайте больше

Эне акысы

Эне акысы

Күндөрдүн биринде Пайзамбарыбыз алейхиссалам сахабалары менен бирге сүйлөшүп отурган эле. Ошол кезде бир аял сахаба шашып кирип келет: “Йа, Расулаллах! Күйөөм өлүм төшөгүндө жатат, балким убагы аз калган чыгар. Калима-и шахадатты айта албай жатат. Күйөөмдүн ыймансыз кетип калуусунан коркуп жатамын. Ошондуктан, сизден жардам сурап келдим”, – дейт. Пайгамбарыбыз: “Күйөөңдүн дени сак кезинде кандай жаман иштери бар эле?” – деп сурайт. Аялы анын эч кандай жаман амалы жок экенин, намазын окуп, ибадаттарды кемчиликсиз орундаганын айтат. Ошондо…

Прочитайте больше

Ажылыктын маанилүүлүгү

Ажылыктын маанилүүлүгү

Күчү жеткен, чамасы бар адамдын өмүрүндө бир жолу ыйык Каабага барып ажылыкка тийиштүү болгон ибадаттарды аткаруусу фарз болуп эсептелет. Андан кийинки орундала турчу ажылыктар нафил болот. Фарз болгон ажылыкка барууга аракет кылуу керек. Бир жолу фарз болгон ажылыкты орундоо жыйырма жолу Аллах жолунда жихад кылуудан да сооптуу болуп саналат. Хадиси шарифте мындай деп буюрулган: “Ажылык – суунун кирди тазалаганындай күнөөлөрдү тазалайт.” (Таберани) Кабыл болгон ажылык намаз, орозо жана зекет фарздарынын кечирилүүсүнө себеп болбойт. Буларды кечиктиргендиктин күнөөсүнүн…

Прочитайте больше

Аялдын исламдагы укуктары

Аялдын исламдагы укуктары

Исламда “аял” темасы байыртадан бери мусулман аалым-даанышмандардын талкууланып келе жаткан негизги маселеси болуп саналат.     Аялдын шарияттагы укук- милдеттерин тактоо менен анын Исламдагы ордун, инсандык даражасын белгилөөнүн артында көптөгөн изилдөөлөр аткарылган. Натыйжада, Куран жана хадистерге ылайык аялдын көптөгөн укук –  милдеттери баяндалган. Андыктан, ошол изилдөөлөргө таянуу менен Ислам дини аялга бир топ укуктарды жана инсандык бийик даражаны ыроологон десек жаңылышпайбыз. Негизи, тарыхта аялдардын укуктары тебеленип келгени маалым нерсе. Аялга карата  туура эмес көз караштар өкүм…

Прочитайте больше

Балдарыбызга сүйүүбүздү кантип билдирсек болот?

Балдарыбызга сүйүүбүздү кантип билдирсек болот?

— Сүйүүмдү кантип туура билдирсем болот?— Адамдар сүйүүсүн ар кандай стилде билдирет. Кимдир бирөөнүн үй-бүлөсү түбөлүк болуп, айрымдардын турмушу бир нече айдан соң бузулуп калганынын себеби да ушунда. Анткени үй-бүлөсүн узак сактаган түгөйлөр бири-бири менен сүйүүнүн тилинде сүйлөшкөндү билишет. Сиз да сүйүктүүңүз менен туура тилди тандап алыңыз. Алсак, сүйүүнүн бир нече тили бар. Алардын жардамы менен үй-бүлөдөгү мамиле узакка сакталат. Жада калса бузулуу жолуна түшкөн нике да калыбына келиши мүмкүн. Башкысы сиз жактырган адам сүйүүнүн…

Прочитайте больше

Ата деген ким?

Ата деген ким?

Мына ушул суроо менен мугалим студенттерге кайрылды. Эмне деген жооптор айтылбады дейсиң? Бири күнгө, бир асманга, дагы бири жерге теңеди, айтор аталардын кадыр-баркы ушунчалык көтөрүлдү дейсиң, тим эле бул жактагынын баары азыр эле ата боло калууну самап калышты. Бирок акыркы студенттин жообу башкача өңүттө уланып, аудиториянын маанайын түп тамырынан өзгөрттү. Жылмайган жүздөр сумсайды, күлкүлөр ыйга айланды. Кыз, бала дебей, баары муюп, кулак төшөп, бири көз жашын көрсөтпөй сүртсө, бири ачык эле бышактап… Эми анын айтканын…

Прочитайте больше