Ислам аялзатына тең укуктуулук берип, сый-урматка бөлөдү

Бүгүнкү коомдо ислам динин туура эмес түшүнгөндөр аялды эч нерсеге укугу жок, толугу менен күйөөсүнөн, же атасынан көз каранды, жеке оюн эркин билдире албаган, билим алып, өзү каалаган жумушта иштөөгө укуксуз, үй жумуштарынан тышкары башка иш менен алектенбеген адамдай элестетишип, аянычтуу карашат. Мындай стереотиптүү ой-пикирлер айрым мусулмандардын өз динин туура эмес чечмелеген иш-аракеттеринен, же динди жаман көрсөткүсү келген эки жүздүү адамдар себебинен жаралып жатышы мүмкүн.

А бирок ислам динине аны жаңылыш тутунган адамдар аркылуу баа бербей, Куран жана пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) өмүр жолунан үлгү алганда гана аялзатынын үй-бүлөдөгү жана жеке индивид катары коомдогу орду канчалык бийик экенин билет элек.

Тарыхка кайрылсак…Аял адамбы, же…?

Эгер тарыхка кайрыла турган болсок, кээ бир коомдордо аялзаты өтө чоң адилетсиздикке туш болгонун көрөбүз. Алардын айрымдарын санап өтсөк:

Европада “Аялзатынын жан дүйнөсү барбы? Аларды адам катарына кошуу керекпи?” деген талкуулар жүргөн.

Францияда XVIII кылымда аял укугу деген түшүнүк жок эле. Француз революциясынан соң адам укугу жөнүндө петиция кабыл алынып, ал “Эркек укуктары” деп аталган. Бул петициянын 1-пунктунда “Эркек эркин болуп төрөлөт. Ошондуктан аны кул кылууга мүмкүн эмес” деп жазылган. Петицияда аял тууралуу эскерилген эмес. Кийинчерээк бул сүйлөмгө “Аялдар дагы” деген сөздү кошууга бир нече аракеттер көрүлгөн. Бирок ал толугу менен четке кагылган.

XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында белгилүү француз окумуштуусу Густав Лебон “Элдердин жана массалардын психологиясы” деген китебинде “аял менен эркектин ортосунда эч качан теңдик болгон эмес” деген бүтүм чыгарган. Бул жыйынтык – “Аял менен эркектин укуктары бирдей, аялдарга шайлоо укугун бериш керек” дегендердин кайрылуусуна айтылган жооп эле.

Ал эми Улуу Британияда эркектер 1930-жылдарга чейин өз аялын өзү каалаган учурда сатып жибергенге укуктуу болушкан.

1567-жылы Шотландия парламентинин жарлыгында “Аялдар эч нерсеге ээлик кыла албайт” деп жазылган.

Ал эми байыркы Римдин салтында аялдардын өз оюн билдирүү жана бир нерсеге ээлик кылуу укугу түшкө кирчү гана жорук болчу.

Араб элдеринде болсо үйдө кыз кишинини төрөлүшү уят катары саналып, элге шерменде болбоо үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайды тирүүлөй көмүшкөн.

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы аялдарга жасалган мындай адилетсиз мамилелер бир нечелеп саналат.

Бүгүнкү ааламдашкан XXI кылымда деле аял укугу боюнча айрым маселелер чечилбей келет. Тилекке каршы, кээ бир коомдордо аялдарга карата зомбулук, сый-урматсыз мамиле дале уланууда. Ал эми XV кылым мурда ислам аялдардын ордун жана укук-милдеттерин ийне-жибине чейин аныктап, Куран аяттары жана куттуу хадистер аркылуу осуят кылып калтырган. Алардын айрымдарына токтололу.

Аял-коомдун эркин, толук кандуу мүчөсү

Алланын элчиси Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) доорунда динди кабыл алганы тууралуу аялдар өз алдынча келип ант беришкен. Ислам аялдарды ошондо эле коомдун толук кандуу мүчөсү кылып, эркектерге берилген укук-милдеттерди аялдарга да жүктөгөн.

Аялдар диний милдеттемелерди (намаз окуу, орозо кармоо, ажылык зыярат жана башка) эркектердей эле толугу менен аткарат. Шариат аялдарга өзүн ар тараптан өнүктүрүп, билим алууга, өзү тапкан акчаны муктаждыгына жараша өзү каалагандай (шарияттын чегинде) колдонууга уруксат берет.

Ислам эркек менен аялдардын физиологиялык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ар бирине ылайыктуу ролдорду берген. Маселен, аял балдардын тарбиясы жана үй жумуштарына жоопкерчиликтүү болсо, эркек үй-бүлөсүнүн бардык муктаждыктарын канааттандырууга милдетүү. Аял менен эркек бири-бирин толуктап, мыкты коом түзүүгө бирдей аракет кылышы зарыл.

Бейиш-эненин таман астында

Аялдын коомдогу орду тууралуу Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) өмүр жолунан алынган мыкты мисал:

Бир киши пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) келип, “Эң бийик сый-урматка татыктуу ким?” деп сурайт.

Анда пайгамбарыбыз “Эне!” деп жооп берет.

-Андан кийинчи?

-Эне!

-Андан кийин?

-Эне!

Ал киши 3 жолку суроосунда тең “Эң чоң сый-урматка жана сүйүүгө эне татыктуу” деген жоопту алган. 4-жолкусунда гана пайгамбарыбыз “Ата” деп жооп берген. Пайгамбарыбыз “Бейиш-эненин таман алдында” деп аялдардын балдары үчүн тарткан түмөн-түйшүгүн белгилеп, аларды сыйлоого милдеттендирген.

Кыздуу болуу-чоң бакыт

Эгер үйдө кыз төрөлсө бул чоң бакыт экендигин хадистер далилдейт.

Пайгамбарыбыз: ” Кыздар өтө мээримдүү жана берекелүү болушат. Кимдин үйүндө бир кыз болсо анда Аллах Таала анын атасы үчүн тозок отунан парда тосот. Ал эми кимде эки кызы болсо, ал экөөнүн берекесинен ата бейишке кирет. Кимдин үч кызы же үч карындашы болсо, анда алардын берекесинен атадан садака берүү милдети алынат”,- деген.

Силердин эң жакшыңар – аялдарына жакшы мамиле жасаганыңар

Абу Хурайра келтирген хадисте Алланын элчиси мындай деп айткан: “Мусулмандардан адеп-ахлагы мыктысы – эң ыймандуусу, ал эми эң мыктыңар – өз аялдарына (үй-бүлөсүнө) эң жакшы мамиле жасаганыңар”.

Пайгамбарыбыз аялдарына жумшактык, сылыктык менен мамиле кылган. Мисалы, Айша энебиздин атын кыскартып «Аййш» деп эркелеткен, ал эми урматтаган кезде «О, Сыддыктын кызы» деп чакырган. Пайгамбарыбыздын бул сөздөрү Айша энебиздин атасына урмат, өзүнө сүйүүнүн белгиси болгон.

Аялды сыйлоо, урматтоо тууралуу жана алардын укуктары эркектердики менен бирдей экендигин тастыктаган Куран аяттары менен хадистер абдан көп. Биз алардын айрымдарына гана токтолуу менен аял коомдун толук кандуу мүчөсү, эң бийик сый-урматка татыктуу жана бардык укук-милдеттерге бирдей ээ экендигин жогорудагы мисалдар аркылуу баяндадык.

ummamag.kg

Комментарий жиберүү