Келиндин кайненесинин алдындагы 6 милдети

Келин менен кайненесинин ортосундагы мамиленин көйгөйү жаңы эмес.

Көпчүлүк убакта келин кайненесине, кайненеси келинине нааразычылыгын билдиришет жана алардын кайсынысы туура экендигин аныктоо өтө кыйынга турушу мүмкүн. Албетте, бир чатырдын астында жашагандан кийин, эки тараптын ар биринин белгилүү жана ар биринин өзүнчө милдети бар. Бактылуу үй-бүлө динибизде, салтыбызда бар нерселерге амал кылуу менен куралмакчы. Демек, үй-бүлөдө сүйүү жана тынчтык өкүм сүрүшү үчүн, келини дагы, кайын энеси дагы аларга жүктөлгөн милдеттерин аткарышы керек.

Келиндин милдеттери: Аял үчүн күйөөсүнүн энеси экинчи эне болот. Башкача айтканда, келини ар дайым кайненесин өз энесинин ордуна коюп, ошого жараша мамиле жасашы керек.
 Биринчиден; бүгүнкү келиндин өзү кайнене боло турган күн келээрин унутпаңыз. Ошондой эле, күйөөңүз дагы анын баласы экендигин унутпаңыз. Ошондуктан, ал дагы өз энеси сыяктуу эле, ага карата өзгөчө сезимдерге ээ.
Экинчиден; хадистердин биринде: “Үй-бүлө мүчөлөрүнө жасалган ар бир жакшылык садака” деп айтылат. Ушул хадистин негизинде, келини кайненесине сүйүү жана сый мамиле жасашы керек. Акыр-аягы, алар өздөрүнүн жашынан бир топ улуу болгондуктан гана татыктуу болушат.
Үчүнчүдөн; кайненесинен өзүнчө жашаган келин мүмкүн болушунча кайненесине барып, майрамдары менен куттуктап, ал-акыбалын сурап турушу керек.
Төртүнчүдөн; кайнене менен болгон чыр-чатактын эң ысык кезинде дагы келин адептүүлүктүн жана сый мамиленин чегинен чыкпашы керек.
Бешинчиден; кайненеңиздин да, өз апаңыздын да купуя сырларын тегиз сактоо керек. Ушунун аркасында кайнене келинине ишеними пайда болот.
Алтынчыдан; кайнене менен мамиле түзүүдө өжөр болбошу керек. Эгер Сиз бир нерсе менен макул болбосоңуз, анда эң жакшысы: “Туура айтасыз, бирок бул маселе боюнча менин өз оюм бар”,- деп гана айтуу жетиштүү. Мындай кырдаалда унчукпай туруу – бул өтө маанилүү нерсе.


Ошондой эле кайненин да келинге карата милдеттери бар.
 1) Ата-энесинин үйүнөн чыгып кеткен келин, Сиздин үйүңүзгө келди, азыр ал Сиздин үй-бүлөңүздүн мүчөсү. Демек, ага Аллахтан келген аманат катары мамиле кылуу керек.
 2) Өз балдарыңдын кемчиликтерин жашырган сыяктуу, келиниңдин да кемчиликтерин жашыр.
3) Келиниңиз менен буйрук кылган түрдө сүйлөшпөңүз. Аны менен өз балдарыңыздай достук мамиледе болуңуз.
4) Сиздин уулуңуз жана анын аялы бир нерсени бөлүшпөшү мүмкүн, бирок сиз алардын ишине кийлигишпейсиз.


Эске салсак, бул милдеттер эки тараптуу аткарылса гана кайнене менен келин сөз табышып, ынтымактуу жашап кетишине шарт түзүлөт.

Комментарий жиберүү