Кайдигерлик түбүбүзгө жетпейби?

Аялдарга, бөбөктөргө карата жасалган үрөй учурган кылмыштар өлкөбүздө күн алыс орун алып жатат. Буга кимди күнөөлөшүбүз керек?

1) Жарир бин Абдуллах (р.а) пайгамбарыбыздан ﷺ укканын риваят кылат: “Эгер кайсы бир адам күнөө иштерди кылып жатканын эл көрүп туруп, аны токтотконго мүмкүнчүлүктөрү болуп туруп, бирок аны токтотушпаса, анда Аллах Таала аларга өлө электе эле азабын берет”.

2) Абу Саид Худри (р.а) мындай дейт: “Мен пайгамбарыбыздын ﷺ мындай деп айтканын уккан элем: “Ким тыюу салынган нерсенин болуп жаткандыгын көргөн болсо, ал аны колу менен токтотсун. Эгер андай мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда тили менен токтотсун. Эгер аны да кыла албаса, анда жүрөктөн аны жаман деп түшүнсүн. Бул ыймандын эң төмөн даражасы болуп эсептелет”.

Коомдо болуп жаткан көрүнүштөр үчүн баарыбыз күнөөлүбүз. Анткени биз мекенибиз үчүн кайдигербиз, адилетсиздик орун алып жатса да үн катпайбыз. Коопсуз, бейкут мамлекетти түзүү үчүн аракет кылбайбыз. Мындай кылмыштарды жалпы эл чогуу токтото алат. Биргеликте аракет кылуу менен гана жаркын келечекти түзө алабыз. Ушуну эч качан эстен чыгарбашыбыз керек.

Комментарий жиберүү