Мыкты ата-эне болууда пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган 7 сабак

Баланын курсагын тойгузуп, кийимин бүтөп койгон менен эле ата-эненин жоопкерчилиги бүтпөйт. Ата-эненин эң биринчи милдети – коомго татыктуу тарбияланган инсанды кошуу. Бул макалада мыкты ата-эне болуу үчүн пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган керектүү насааттарды сунуштайбыз.

• Ырайымдуу жана боорукер болгула

Алланын элчиси ﷺ айтты:“Өзүнөн кичүүлөргө ырайым кылбаган жана улууну урматтабаган адам бизден эмес” (Тирмизи).

• Эркелеткиле

Пайгамбарыбыз ﷺ бир күнү небереси Хасанды өөп жатканда Акра бин Хабис муну көрүп мындай деди:“Сиз балдарды өбөсүзбү? Менин 10 балам бар, бирок аларды эч качан өппөйм”.

Алланын элчиси ﷺ ага:“Кимде-ким адамдарга ырайым кылбаса, Аллах да ага ырайым кылбайт”, – деп жооп берди (Бухари).

Пайгамбарыбыз ﷺ Аббастын балдарын, Абдуллахты, Убайдулланы жана Касирди бир катарга тизип:“Ким мага биринчи чуркап келсе, баланча баалуу белек менен сыйлайм”,- деди. Балдар чуркап келишти да, анын үстүнө чыгууга аракет кыла башташты. Бирөө ийининие чыкты, бирөө көкүрөгүнө жабышты. Пайгамбарыбыз ﷺ баарын кучактап, беттеринен өптү (Ибн Ханбаль).

• Алдабагыла

Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Аллахтын элчиси ﷺ мындай деди:”Эгер кимдир бирөө белек берүүнү убадалоо менен баланы чакырып, бирок бербесе, калп айтуунун күнөөсү ушул кишиге жазылат” (Ибн Ханбаль).

• Адилеттүү болгула

Али ибн Абу Талиб (р.а) айтат:”Пайгамбарыбыз ﷺ биздин үйгө келгенде, Хусейн ичүүгө бир нерсе сурады. Аллахтын элчиси ﷺ дароо койду саап келди. Ошол маалда Хасан да суусаганын басуу үчүн бир нерсе сурап калды. Бирок пайгамбарыбыз ﷺ сүттү алгач Хусейнге берди. Ал жерде турган Фатима (р.а) атасынан сурады: “Оо, Алланын элчиси, сиз Хусейнди көбүрөөк жакшы көрөт окшойсуз. Буга пайгамбарыбыз ﷺ: “Жок, болгону ал Хасандан биринчи сурады”, – деп жооп кайтарды”.

• Бирдей мамиле жасагыла

Анас бин Малик (р.а) айтат:“Пайгамбарыбыздын ﷺ жанында ыйман келтиргендердин бири отурган эле. Ошол маалда мусулмандын жанына уулу келди, ал аны өөп, кучактады. Көп убакыт өтпөй кызы келди, бирок аны өппөстөн, жөн гана жанына отургузду. Муну байкаган пайгамбарыбыз ﷺ: “Экөөнө бирдей мамиле кыл”, – деп буйрук берди” (Хайсами).“Эгерде кимде-ким кыздуу болуп, аны тирүүлөй жерге көмбөсө, ага кайдыгер мамиле жасабаса жана “ушул кызымдын ордуна эркек балам болсо” дебесе, мындай адамды Аллах Таала сөзсүз түрдө Бейиш бакчаларына киргизет” (Абу Дауд).

• Балдар үчүн жакшы дуба кылгыла

Валид бин Укба (р.а) айтат:“Мусулман аскерлери Меккени алганда шаар тургундары балдарын пайгамбарыбыз Мухаммедге ﷺ алып келишти. Пайгамбарыбыз алардын чачынан сылап, балдар үчүн дуба кылды” (Ибн Ханбаль).

• Балдар үйдөн кеткенден кийин да көзөмөлдөп тургула

Бир күнү Аллахтын элчиси ﷺ Рукияга (р.а) конокко барат. Бул маалда кызы күйөөсү Усмандын (р.а) чачын жууп жаткан эле. Пайгамбарыбыз ﷺ кызына мындай деп кайрылды:“Кызым, Усманга жакшы мамиле кыл. Анткени ал мүнөзү боюнча сахабаларымдын ичинен мага окшошу” (Хайсами).

Балдар – Аллах Таала тарабынан берилген аманатыбыз. Аларга татыктуу тарбия берүү, чексиз мээрим төгүү менен Жараткандын ыраазычылыгына жете алабыз. Аллах Таалам бардык күнөөлөрүбүздү кечирип, артыбыздан ыймандуу урпак калтырууну насип кылсын!

umma.kg

Комментарий жиберүү