“Талибандын өкүлү”: Дүйнө “Талибанды” кабыл алышы керек

“Талибандын өкүлү”: Дүйнө “Талибанды” кабыл алышы керек

“Талибдердин” пресс-катчысы кабардык конференцияда сөз сүйлөп, мындан ары Ооганстанда чет элдиктердин болушун кабыл албай турганын билдирди. “Дүйнө “Талибанды” кабыл алышы керек. Биз өз жерибизде чет элдиктердин болушун кабыл албайбыз”,-деди талиптердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид.Маалыматка ылайык, Забихулла Мужахид талип өкмөтүнүн тышкы саясатына арналган пресс-конференциясы учурунда мындай деди: “Дүйнө бизди кабыл алышы керек; Биз эч кимдин үйүнө кол салган жокпуз.”Забихулла Мужахид талиптер үчүн дүйнө өлкөлөрү менен дипломатиялык карым-катнаштардын маанилүүлүгүнө токтолуп: «Биз дүйнөгө бүт өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди…

Прочитайте больше

«Талибан» режимди сындаганы үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө барышы мүмкүн

«Талибан» режимди сындаганы үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө барышы  мүмкүн

Орусия Ооганстан тараптан коркунуч жаралган учурда Борбор Азия өлкөлөрүнө жардам берүүгө даяр экенин Sputnik Тажикстанга Орусиянын Федерация кеңешинин Эл аралык мамилелер боюнча комитетитинин төрагасынын орун басары Владимир Жабаров билдирди. “Эгер зарылчылык жаралса жардам беребиз, бирок коргоо жана коргонуу үчүн гана”, – деди ал.Жабаров Ооганстандагы оппозициялык күчтөрдү колдоо региондо тирешүүнүн жаңы очогуна алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. “Талибан өз жоочуларын Борбор Азия республикаларына жөнөтүшү мүмкүн – бул жаман вариант. Ошондуктан Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан бул Ооганстандын ички иши…

Прочитайте больше

Ооганстан кимдин колунда: Талибандын лидерлери

Ооганстан кимдин колунда: Талибандын лидерлери

Ооганстандагы бийликтин Талибан  кыймылына өтүшү бүткүл дүйнө коомчулугу үчүн күтүүсүз болду, эми Талибанды бүгүн ким жетектеп жатат деген негизги суроо жаралат. Көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган Талибандын негизги лидерлери тууралуу Sputnik Азербайжан жазды. Мулла Ахундзаде – кыймылдын жогорку лидери Беш жыл мурун талиптер өздөрүнүн жогорку лидери катары мусулман дин аалымы Мулла Хайбатулла Ахундзадени тандашкан. Ал Ооганстан-Пакистан чек арасына жакын жерде АКШнын куралдуу күчтөрүнүн операциясы учурунда дрондон жасалган чабуулдун натыйжасында өлтүрүлгөн Ахтар Мансурдун ордуна келген. Хейбатулла Ахундзаде 1961…

Прочитайте больше

“Талибандын” алгачкы кадамы аялдарды бийликке чакыруу, чиновниктерге мунапыс, маңзатка тыюу болду

“Талибандын” алгачкы кадамы аялдарды бийликке чакыруу, чиновниктерге мунапыс, маңзатка тыюу болду

“Талибан” бийликти колго алгандан кийинки алгачкы саясий чечимдерин жарыялады. Алар аялдарды Ооганстандагы болочок өкмөттү башкарууда катышууга чакырышаарын жана өкмөттө иштегендерди кысымсыз кайра жумушка алышаарын билдиришти. Бул тууралуу “Талибан” администрациясынын мүчөсү Энамулла Самангани телеканал аркылуу чыгып сүйлөдү.“Биз шарыятка ылайык гана иш жүргүзүп, андан аша чапкан мыйзамдары киргизбейбиз. Мисалы, аялдар мурдагыдай үйдө камалып отурушпайт, окуганга уруксат берилет жана толук чүмкөнүү шарт эмес”,- деди ал.Белгилей кетсек, 1996-2001-жылдары талибандар Ооганстанды башкарып турушканда аялдарга карата талаптар алда канча катаал болуп, шарыяттан оолак…

Прочитайте больше

Түркия “Талибанга” карата позициясын билдирди

Түркия “Талибанга” карата позициясын билдирди

Анкара Ооганстанда бийликти басып алган радикалдуу “Талибан” кыймылынын билдирүүлөрүн оң кабыл алат. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди. Анын айтымында, түрк бийлиги Ооганстандын экономикалык өнүгүүсүн жана ал жерде тынчтык жана бейпилдикти орнотууну колдоону уланта берет.“Азыркы учурда, биз талибандардын билдирүүлөрүн позитивдүү кабыл аларыбызды айткыбыз келет. Биз бардык тараптар, анын ичинде талибандар менен диалогду улантуудабыз”, – деди дипломат.Белгилей кетсек, буга чейин Чавушоглу Анкара Түркиянын Ооганстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү боюнча бардык зарыл чараларды көргөнүн жана Түркиянын Кабулдагы элчилиги өз…

Прочитайте больше

Байден АКШнын Ооганстанда кетирген негизги катачылыгын айтты

Байден АКШнын Ооганстанда кетирген негизги катачылыгын айтты

Ооганстандагы кырдаал Ак үйдүн башчысын капалантууда, бирок ал республикадан аскерлерди  чыгаруу чечимине өкүнбөйт. АКШнын Ооганстанда согушка даяр армияны түзүүгө багытталган чаралары ийгиликсиз болду. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы Жо Байден телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуусунда билдирди. Байдендин айтымында, Америка ооган армиясын машыктырууга триллиондогон доллар жумшап,  курал-жарак берген. Бирок, Кошмо Штаттары армияга жеңишке болгон эрктүүлүктү бере алган жок. Армия кыйрады, бийлик багынып, качып кетишти. Ак үйдүн башчысы америкалык аскерлерди Ооганстанга киргизүүнүн максаты АКШдагы террордук чабуулдарды алдын алуу…

Прочитайте больше

Ооганстандын 22 учагы менен 24 тик учагы Өзбекстандын чек арасын бузду

Ооганстандын 22 учагы менен 24 тик учагы Өзбекстандын чек арасын бузду

14-15-августта Өзбекстандын аба мейкиндигин бузган Ооганстандын 22 аскердик учагы менен 24 аскердик тик учагы Термездеги эл аралык аэропортко мажбурлап кондурулган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, учактардын ичинде Ооганстандын 585 куралчан аскер кызматкери болгон. Маалыматта белгиленгендей, 15-августта Ооганстандын үч “EMBRAYER-314” учагы Каршидеги  “Ханабад” аэропортуна конууга уруксат сураган. Алар Термез аэропортуна конууга буйрук алышкан. Учактарды коштоо үчүн асманга эки МИГ-29 учагы көтөрүлгөн. Учактарды коштоо учурунда Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда Ооганстандын…

Прочитайте больше

Ооганстандын башчысы өлкөдөн акча шыкалган унаалар менен качкан

Ооганстандын башчысы өлкөдөн акча шыкалган унаалар менен качкан

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Кабулдан акчага толтурулган унаалар менен качкан, өзү менен кошо алып кете албай калган акчалар аэропорттун учуу тилкесинде калган. Бул тууралуу РИА Новостиге Орусиянын эличилигинен билдиришти. Дипломатиялык миссиянын басма сөз катчысы Никита Ищенконун айтымында, Ашраф Гани өлкөдөн акчага толтурулган төрт унаа менен качып кеткен, акчалардын башка бөлүгүн тик учакка салууга аракет кылышкан, бирок баары батпай калып, акчалардын бир бөлүгү учуу тилкесинде калган. Ооганстандагы кырдаал өзгөчө акыркы жумаларда талибан ири шаарларга чабуул кое…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Түркиянын президентине сел кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Садыр Жапаров Түркиянын президентине сел кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кара деңиздеги суу ташкынына байланыштуу президент Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын Басма сөз кызматы жарыялады. Белгилей кетсек, президенттик администрациянын Басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Жапаров өзүнүн жана кыргыз элинин атынан Түркиядагы селден улам каза болгондорго байланыштуу президент Эрдоганга көңүл айткан. Садыр Жапаров өмүрүнөн айрылган түркиялыктардын жакындарынын кайгысын тең бөлүшөөрүн жана жаратылыш кырсыгынан жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалаганын билдирип: «Кыргызстан эли курман болгондордун туугандарынын жана…

Прочитайте больше

Жириновский орустарды кемсинткен азербайжандык дипломатка кылмыш ишин ачууну талап кылды

Жириновский орустарды кемсинткен азербайжандык дипломатка кылмыш ишин ачууну талап кылды

ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский Азербайжан дипломатынын билдирүүсүнөн кийин Азербайжан президенти Илхам Алиевден дипломатка каршы кылмыш ишин козгоону талап кылды. Орусиянын саясатчысы азербайжандык дипломаттын билдирүүсүн “бардык орусиялыктарды мазактоо” деп  атады.  Бул тууралуу ал YouTube каналынын SolovyovLive эфиринде билдирди. Белгилей кетсек, мурда Азербайжанда Беларусь, Молдова жана Пакистанда элчиси болуп иштеген Исфандияр Вагабзаде социалдык тармактарда “орус улутун” мазактоо менен сүйлөп жаткан видео пайда болгон. Жириновскийдин айтымында азербайжандык дипломат өз сөзүндө “чочколор”, “эшек” жана башка терминдерди колдонгон.  «Биз Азербайжанга…

Прочитайте больше

ММК: Талибан Кабулду бир-үч айдын ичинде колго алат

ММК: Талибан Кабулду бир-үч айдын ичинде колго алат

Америкалык аскерлер Ооганстандагы кырдаал тездик менен начарлап баратканын жана Талибан кыймылы өлкөнүн борборун бир-үч айдын ичинде басып алышы мүмкүн экендигин билдиришти. Бул тууралуу The Washington Post гезити Пентагондогу булактарына таянып жазып чыкты. Белгилей кетсек, талибандар америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан кийин акыркы бир нече жума ичинде өлкөдөгү чабуулдарын кыйла күчөтүшүп, 34 провинциясын дагы алты административдик борборлорун ээлеп алышкан. Эксперттердин айтымында 2-3 ай аралыгында талибандар Кабулду колго алышышы мүмкүн, ошентип 9га жетпеген провинция калат. Кызыл Крест учурда…

Прочитайте больше

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты

Түркмөнстанда өткөн консультативдик жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азиянын мамлекет башчылары Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулашты. Бул жолугушууда  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө “Борбор Азия регионунун коопсуздугу жана туруктуу өнүгүүсү көбүнчө коңшу Ооганстандагы саясий жөнгө салуудан көз каранды. Биздин тынчтык процессине болгон көз карашыбыз – бул ок атууну токтотуу жана зомбулук, сүйлөшүүлөрдүн негизинде өз ара алгылыктуу компромисске жетишүү”,- деп белгиледи.Өзбекстандын президенти мындай деп кошумчалады: «Ооганстандын талкаланган экономикасын калыбына келтирүү үчүн биз транспорттук, коммуникациялык жана энергетикалык ири долбоорлорду ишке…

Прочитайте больше

Кытай: Иран жаңы президент менен чоң ийгиликтерге жетишет

Кытай: Иран жаңы президент менен чоң ийгиликтерге жетишет

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Иран Ислам Республикасы жаңы президент Аятолла Реиси менен социалдык-экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишерин айтты. Белгилей кетсек, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Сейед Ибрахим Реисинин кызматка киришүүсүн куттуктап жатып, өз өлкөсү Реиси президент болуп турганда Иран социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында чоң ийгиликтерге жетишет деп  билдирди.Иран менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөш экенин белгилеген Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү, Кытай эки тараптуу карым -катнаштардын өнүгүшүнө чоң маани берерин жана эки тараптуу мамилелерди алуу үчүн быйыл дипломатиялык мамилелердин…

Прочитайте больше

Орусия Борбор Азияга курал жеткирүүнү көбөйтөт

Орусия Борбор Азияга курал жеткирүүнү көбөйтөт

Орусия мүмкүн болгон террордук коркунучтарды ооздуктоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө курал жеткирүүнү көбөйтүүдө.  Бул тууралуу РФ Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, армиянын генералы Валерий Герасимов өзбекстандык кесиптеши Шухрат Халмухамедов менен жолугушуу учурунда билдирди. «Аймактагы кырдаалдын курчушуна жооп берүү жана террордук коркунучтарды ооздуктоо боюнча иш -чараларды жүзөгө ашыруу үчүн Өзбекстандын аймагында да, Тажикстандын аймагында да бир катар биргелешкен машыгуулар пландаштырылган. Аскердик-техникалык жардамдын алкагында курал-жарак, техника жана аскердик мүлктү кошумча жеткирүү уюштурулду »,- деди ал.Мындан тышкары, Герасимов кошумчалагандай, Орусия…

Прочитайте больше

Ирандын жаңы президентин Португалия, Финляндия, Орусия президенттери куттукташты

Ирандын жаңы президентин Португалия, Финляндия, Орусия президенттери куттукташты

Иран Ислам Республикасынын сегизинчи президенти Сейед Ибрахим Реисинин инаугурациясы өттү. Белгилей кетсек, Иран президентинин инаугурациясы 5-августта Тегеранда 73 мамлекеттин 115 расмий жетекчилеринин катышуусунда өттү. Инаугурацияга Португалиянын президенти Марсело Ребелу де Соуза, Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, Ирак жана Ооганстан президенттери келишип,  Сайед Ибрахим Реисини Иран Ислам Республикасынын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, ийгилик каалашты.Мындан тышкары, Бельгиянын премьер -министри, Орусия Мамдумасынын өкүлү өз өлкөсүнүн президенттеринин атынан Ирандын жаңы жетекчисин куттукташкан.Инугурация аземине катышкан расмий жетекчилердин  арасында Ирак Күрдистанынын Президенти Ничерван Барзани, Азербайжан Республикасынын…

Прочитайте больше
1 22 23 24 25 26 36