Касым-Жомарт Токаев «Нур Отан» партиясына төрага болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Нур Отан” партиясынын кезексиз курултайында жаңы төрага болуп шайланды.

Бул тууралуу казак басылмалары маалымдады.

Маалыматка караганда, Токаевди партиянын төрагалыгына шайлоо сунушун Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев киргизген. Съезддин делегаттары бул сунушту бир добуштан колдошту.

Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө анын талапкерлигин колдогон съезддин делегаттарына ыраазычылык билдирип, «Нур Отандын» төрагалыгы «өзгөчө жооптуу иш» экенин айтты. Ошондой эле, ал жыл аягына чейин партиянын төрагалыгынан кетиши мүмкүн экенин билдирди.

«Мен мамлекет башчысы катары ачык жана таза саясий атаандаштыктын гаранты болом. Менин конституциялык милдетим – бийликтин бардык бутактарынын макулдашылган аракеттерин жана мамлекеттик органдардын эл алдындагы жоопкерчилигин камсыздоо”, – деди Токаев.

Ал «туңгуч президенттин тарыхый эмгегин» баалоого, «анын шексиз ийгиликтерин жана эмгегин алдыңкы планга чыгарууга», «мүмкүн болгон жаңылыштыктарды өлкөнүн болочок жетекчилерине эскертүү катары калтырууга» чакырды.

Партия буга чейин “коронавирус жана чектөө чараларын эске алуу менен” съезд онлайн режиминде өтөөрүн жарыялаган. Съезд ар кайсы шаарларда бийликтеги партияны жана азыркы бийликтин саясатын сындаган пикеттердин фонунда өттү.

Комментарий жиберүү