Казакстандын парламенти Назарбаевди өмүр бою Коопсуздук кеңешине төрагалык кылуу укугунан ажыратты

Казакстан парламентинин сенатынын депутаттары (жогорку палатасы) пленардык жыйында республиканын экс-президенти Нурсултан Назарбаевди өмүр бою Казакстан элинин ассамблеясына жана Коопсуздук кеңешине төрагалык кылуу укугунан ажыраткан мыйзамдык түзөтүүлөрдү жактырышты.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Парламенттин мажилиси (төмөнкү палата) бул түзөтүүлөрдү буга чейин жалпы жыйында жактырганын 19-январда депутат Канат Нуров билдирген. Кийинчерээк мыйзам долбоорлорунун тексттери сенаттын сайтында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, түзөтүүлөр Казакстан элинин ассамблеясынын жана Коопсуздук кеңешинин  төрагасынын ыйгарым укуктарын өлкөнүн учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берүүгө багытталган.

Мындан тышкары, парламентте Назарбаевдин республиканын Конституциялык кеңешинин мүчөсү болуу, өкмөттө жана парламентте сөз сүйлөө укугун сактап калган конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор талкууланууда.

Комментарий жиберүү