Польша Беларусь менен чек арасына тосмо кура баштады

Польша-Беларусь чек арасында бийиктиги беш метрден ашкан тосмо курула баштады.

Бул тууралуу Польшанын чек ара кызматы Twitter баракчасынан билдирди. «Польша-Беларусь чек арасында тосмо куруу иштери башталды. Бул чек ара кызматынын тарыхындагы эң ири курулуш», – деп айтылат билдирүүдө. Долбоордун жалпы суммасы болжол менен 400 миллион доллар. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Жалпы узундугу 186 чакырым, бийиктиги 5,5 метр болгон жаңы тосмо июнь айында даяр болушу керек. Куруу иштери бир эле убакта төрт участокто жүргүзүлөт. Келечекте тосмону заманбап байкоочу жабдуулар менен жабдуу пландалууда.

Польша-Беларусь чек арасынын жалпы узундугу 418 чакырым. Анын басымдуу бөлүгү Буг дарыясынын боюнан өтөт. Эске салсак, Беларустун Латвия, Литва жана Польша менен чек араларындагы кризис 2021-жылдын ноябрь айында курчуп кеткен. Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн келип, Беларустун аймагында топтолгон качкындардын жоон тобу 8-ноябрда Европа Биримдигинин аймагына кирүү үчүн Польшанын чек арасынан өтүүгө бир нече ирет аракет жасашкан. Акыркы айларда да мигранттар маал-маалы менен чакан топ-топ болуп Польшанын аймагына кирүүгө аракет кылып келишет. Жалпысынан өткөн жылы Беларустан Польшага мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган 40 миңге жакын мигрант катталган.

Комментарий жиберүү