Эрдоган: «Түркия лидерлердин (Путин менен Зеленский) жолугушуусун өткөрүүгө даяр»

Кол коюу аземинен кийин президент Эрдоган менен Зеленский маалымат жыйын өткөрүштү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусун өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Зеленскийдин чакыруусу менен Түркия менен Украинанын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин онунчу жыйынына катышуу үчүн Украинанын борбор шаары Киевге барган президент Эрдоган Маринский сарайында Зеленский менен жолугушту.

Лидерлердин жекеме-жеке жолугушуусунан кийин Түркия менен Украинанын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин жыйыны өттү.

Жыйындан соң эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюу аземи болду. Кол коюу аземинен кийин президент Эрдоган менен Зеленский маалымат жыйын өткөрүштү.

Эрдоган:«Эки жылдан кийин стратегиялык өнөктөшүбүз Украинага келгениме кубанычтамын. Биз Крым менен кошо Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганыбызды дагы бир жолу кайталагым келет. Түркия лидерлердин (Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин) жолугушуусун өткөрүүгө даяр», – деп айтты.

Эрдоган Түркиянын Кара деңизден коңшулаш болгон эки дос өлкөнүн ортосундагы кризисти токтотуу үчүн өз милдетин аткарууга даяр экенин айтты.

Зеленский менен эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдарга баа бергендерин баса белгилеген Эрдоган:«Биз кол койгон келишимдер биздин стратегиялык өнөктөштүктү алдыга жылдыруу үчүн эрктин символу»,-деди.

Зеленский да:«Бүгүн биз кол койгон келишим Украинада Байкар учкучсуз учуучу аппараттарын (İHA) чыгарууну кеңейтет. Аймактык бүтүндүгүбүздү колдогон Түркияга жана президент Эрдоганга ыраазычылык билдирем. Украина менен Орусиянын ортосундагы согушту токтотуу жолунда ортомчулук ролу үчүн да Түркияга ыраазычылык билдиребиз»,-деди.

Комментарий жиберүү