Британдык министрлер Украина кризиси үчүн Орусияга барышат

Бул тууралуу Британиянын Премьер-министрлик кеңсесинен билдирилди.

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс жана коргоо министри Бен Уоллестин бир канча күндүн ичинде Орусиянын борбору Москвага бара туганы билдирилди.

Британиянын Премьер-министрлик кеңсесинин билдирүүсүндө: «Өткөн жумада премьер-министр (Борис Жонсон) Орусия менен мамилени жакшыртуу мүмкүн экенин ачык айткан Общиналар палатасындагы билдирүүсүнөн кийин, ал тышкы иштер жана коргоо министрлерине жакынкы күндөрү Москвага барып кесиптештери менен жолугушууну тапшырды. Аларга президент Владимир Путиндин өкмөтү менен мамилени жакшыртуу жана (Украина менен) чыңалууну басаңдатууга жардам берүү милдети коюлду.

Билдирүүдө Жонсондун акыркы апталарда өнөктөштөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдө көндүрүү жана дипломатия ийгиликтүү айкалышпаса, “Орусия менен Украинада миңдеген адамдардын өмүрү бөөдө кыйыла турганын” белгиледи.

Ошондой эле Жонсондун келерки аптада Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүү жана «бул билдирүүнү жекеме-жеке жеткирүү» үчүн аймакка баруу ниети бар экени билдирилди, бирок анын кайсы өлкөгө болору айтылган жок.

Комментарий жиберүү