Иран Орусия менен Бушердеги АЭСтин жаңы блокторун курууну талкуулап жатат

Иран Орусия менен Бушерде атомдук электр станциясынын жаңы блокторун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу Press TV телеканалы Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун өкүлү Бехруз Камалвандиге шилтеме берүү менен кабарлады.

“Тегеран менен Москва Бушердеги АЭСте жаңы блокторду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Камалвандинин айтымында, бул долбоор Ирандын атомдук энергияны колдонуу аркылуу кеминде он миң мегаватт электр энергиясын өндүрүү планына ылайык келет.

“Жакынкы келечекте жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн делегация алмашууну күтөбүз”, – деди ал.

Уюмдун өкүлүнүн айтымында, атомдук энергетика тармагында Орусия менен пландалган долбоорлордун бири Иранга беш миллиард долларга жакын чыгым алып келет.

Бир нече жылдан бери эки мамлекет атомдук энергетиканы өнүктүрүү боюнча эң ири долбоордун —  “Бушер” атомдук электр станциясында энергоблокторду куруунун үстүндө иштеп жатышат.

Орусиянын катышуусу менен курулган АЭСтин биринчи блогу Ирандын улуттук энергетикалык системасына 2011-жылдын сентябрында кошулган. Учурда экинчисинин курулушу жүрүп жатат жана үчүнчү энергоблокту курууга келишим түзүлдү.

Комментарий жиберүү