Байден «Талибан» өкмөтүн кандай шартта тааный турганын билдирди

АКШнын президенти Жо Байден  «Талибандын» бийлигин таануу үчүн шарт койду.

Ал 2020-жылы Ооганстанда туткунга алынган америкалык деңиз флотунун ардагери Марк Фрериксти бошотууну талап кылып, андан кийин гана талиптердин бийлигин мыйзамдаштыруу тууралуу талкуу башталышы мүмкүн экенин айтты.

Мындай маалымат АКШ президентинин сайтында жарыяланганын маалымат каражаттары жазышты.

«Талибан» кыймылынын мыйзамдуулукка умтулуусун карап чыгуудан мурун Маркты дароо бошотуулары кажет. Ансыз алар менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес», – деген Байден.

Маалыматка караганда, Фрерикс 2020-жылдын февраль айынын башында Кабулда дайынсыз жоголгон. Ал Ооганстанда инженер-куруучу болуп он жыл жашаган.

АКШнын президенти билдирүүсүндө Иллинойс штатынын тургуну Фрерикстердин үй-бүлөсү «анын коопсуздугун тиленип, кайтып келишин эңсеп, эки жылды азап менен өткөрүшкөнүн» баса белгилеген.

Комментарий жиберүү