ЖКнын депутаттары Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдошот

Жогорку Кеңештин депутаттары Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдошот.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билдирдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматта аталган кайрылуунун долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык комитетинде колдоо тапканы айтылат.

Депутаттын айтымында, аталган долбоорду күн тартибине киргизип, жалпы депутаттардын колдоосу керек.

Эскерте кетсек, 27-январда кыргыз-тажик чек арасында дагы жаңжал чыгып, Кыргызстан тараптан 14 аскер жаракат алган. Ал эми кыргыз тараптын материалдык чыгымы алдын ала эсептөөлөр боюнча 3 млн. сом деп бааланууда. Тажикстандын жарандары жана аскер кызматкерлеринин чагымчылдык аракетинен чек арада жашаган кыргызстандыктардын үйлөрү, машиналары өрттөлүп, төрт түлүк малы айдалып кеткен.

Комментарий жиберүү