Казакстан Тажикстанга акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтөөрү белгилүү болду. Белгилей кетсек, Казакстандын Коргоо министрлиги “Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун иштеп чыкты.Макулдашууну ратификациялоо Казакстан Республикасы тарабынан Тажикстан Республикасына аскердик мүлктү бир жолку өткөрүп берүү үчүн укуктук негизди түзөт. Казакстандын мамлекеттик “Open NLA” сайтында маалымдалгандай, мыйзам долбоору 3-июнда түзүлүп, 17-июнга чейин коомдук талкууга коюлган.Атап айтканда, Казакстандан 5.45 мм патрон, PS октору – 3000 240 даана, 23…
Прочитайте большеСаясат
Ирандын Азербайжан менен Армениянын мамилесинде ролу чоң
Ирандын Азербайжандагы мурдагы элчиси Иран ТИМнин Бакуга жасаган иш сапары тууралуу эмне деди? Ирандын Азербайжандагы мурдагы элчиси Мохсен Пакайин: Эки тараптуу мамилелер жана эң маанилүү аймактык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча консультация жана пикир алмашуу Иран ТИМнин Бакуга сапарынын негизги максаты деп жарыяланды. Иран ТИМ жетекчиси Мухаммад Жавад Зарифтин Ирандын Кавказдагы эки коңшу өлкөсүнө сапары төмөнкү өңүттөр менен каралышы мүмкүн: Армения менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы согуштан бери бир нече ай өтүп, акыры Москвадагы ок атышууну токтотуу чечимине алып…
Прочитайте большеЭмне үчүн АКШ Пакистанда аскер базасын куруп жатат?
АКШ армиясы Пакистандагы Дюранда линиясынын жанына ири аскер базасын кура баштады. Бул тууралуу Ооганстандын “Ariana news” маалымат агенттиги билдирди. Борбордук Азиянын маалымат порталы АКШ Ооганстан менен чек арага жакын Пакистандын аймагында өзүнүн аскердик түзүлүштөрүн жайгаштыруу жолу менен өзү үчүн кандай стратегиялык милдеттерди чечип жаткандыгын талдап чыкты.Маалымат каражаттарынын билдиришинче, АКШнын базасы Пакистандын Ооганстандын Пактия провинциясы менен чектешкен Уруу аймагындагы Шалозан Куррам районунда курулуп жатат. Америкалыктардын жаңы базасы Ооганстан менен чек арадан 8 чакырым алыстыкта жайгашат. Парачинар…
Прочитайте большеИрандын президенттигине 7 талапкер ат салышат
Иранда 18-июнда өтө турган президенттик шайлоого 7 адамдын талапкерлиги катталды. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жарыяланды.Белгилей кетсек, шайлоого катышуу үчүн өлкөнүн экс-президенти Махмуд Ахмадинежад, парламенттин мурдагы төрагасы Али Ларижани жана вице-президент Эсхак Жахангири баш болгон 592 адам кайрылган, бирок алардын талапкерлиги кабыл алынган жок. Ал эми акыркы тизме менен каттоодон жети гана талапкер өткөн. Алар: учурдагы сот тутумунун башчысы Ибрагим Раиси, экс-вице-президент Мохсен Мехрализаде, Борбордук банктын төрагасы Абдолнасер Хеммати, Саясий максатка ылайыктуулук кеңешинин катчысы Мохсен Резаи, Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңешиндеги…
Прочитайте большеСадыр Жапаров Владимир Путин менен кандай маселелерди талкуулады?
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 24-майда, Сочи шаарында Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы маалымдады.Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты. Ошондой эле, башкалар менен катар аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери да каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн…
Прочитайте большеПрезидент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен жөнөп кетти
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Россия Федерациясынын Сочи шаарына жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Жолугушуунун…
Прочитайте большеАКШ Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга аскердик объектилерди курууну пландаштырууда
АКШ Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга, анын ичинде Түркмөнстанга аскердик объектилерди курат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттар жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, АКШнын Коргоо министрлиги Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга, анын ичинде Түркмөнстанга аскердик объектилерди курууга 240 миллион доллар бөлүүнү пландаштырууда. Орусиянын ММКнын маалыматына караганда, учурда АКШнын армиясынын инженерлер тобу потенциалдуу подрядчиктерди издеп жатат.Түркмөн өкмөтү АКШнын өлкөдө аскерий объектисин куруу пландары боюнча расмий түрдө комментарий бере элек. Акыркы апталарда АКШ аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Борбор…
Прочитайте большеДамаск демократиянын туура багытында баратат
Иран Ислам Консультативдик Ассамблеясынын Төрагасынын эл аралык иштер боюнча атайын жардамчысы: “Сирияда президенттик шайлоонун өз убагында өткөрүлүшү Дамаск демократиянын туура жолунда бараткандыгын көрсөтөт”,- деп жазган. Белгилей кетсек, Сирияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 20-майда башка өлкөлөрдөгү элчиликтеринде, консулдуктарында жана дипломатиялык миссияларында башталган. Шайлоолор Австралия, Япония, Кытай, Малайзия, Индонезия, Пакистан, Индия, Оман, Иран, Армения, Кипр, Ирак, Иордания, Орусия, Беларусия, БАЭ жана Ливан сыяктуу өлкөлөрдө өттү. Эске салсак, чет өлкөлөрдө жашаган сириялык жарандарга добуш берүү Германиянын жана Стамбулдагы…
Прочитайте большеИран эли президенттикке кандай адамды шайлашат?
Иранда 13-президенттик шайлоо жакындаган сайын, коомчулук кандай адам шайланат деп чыдамсыздык менен күтүүдө. Белгилей кетсек, бул ирет өз талапкерлигин экс-президент Махмуд Ахмадинежад, 12-президенттик шайлоодогу Хасан Руханинин күчтүү атаандашы Аятолла Реиси, реформатор Масуд Пезешкян, жана мунай экс-министри Рустам Касеми аттуу белгилүү саясатчылар коюшкан. Эске салсак, 27-майда талапкерлерди каттоо аягына чыгып, 18-июнда президенттик шайлоолор өткөрүлөт.Талапкерлерди кыскача тааныштыра кетсек, коомчулукка мурдагы президент катары белгилүү болгон Махмуд Ахмадинежад 1956-жылы туулган. Ал 2005-2013-жылдар аралыгында эки ирет төрт жыл катары менен Президент болуп иштеген. Ахмадинежад Ардебилдин…
Прочитайте большеСадыр Жапаров Путин менен 24-майда жолугушат
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен 24-майда Сочиде жолугушаары маалым болду. Бул тууралуу Путин өзү Кремлдеги чет мамлекеттердин элчилерине ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде билдирди. “Орусия менен Кыргызстан соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү кызматташууда. Биз биргеликте евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошобуз. 24-майда Сочиде боло турган Президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда биз ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу баарлашабыз », – деп белгиледи мамлекет башчысы. Москва менен Бишкекти, Путин баса белгилегендей, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери…
Прочитайте большеКыргызстан менен Казакстандын президенттери эмнени сүйлөштү?
Президент Садыр Жапаров Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Бүгүн, 17-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты. Тараптар ошондой эле…
Прочитайте большеПалестина-Израиль жаңжалы: Кытай Палестинаны колдойт
Пекин Палестинаны колдойт жана Палестина-Израиль жаңжалын жөнгө салууга жардам берет. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И пакистандык кесиптеши Шах Мехмуд Куреши менен болгон телефодогу сүйлөшүүсүндө билдиргени Кытай ТИМинин сайтында маалымдалды. “Кытай Палестинанын мыйзамдуу укуктарын калыбына келтирүүдө, учурдагы көйгөйлөрдү саясий диалог аркылуу чечүүдө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмун, Араб мамлекеттеринин лигасын жана Ислам Кызматташтык Уюмун бекем колдоону уланта берет”, – деп билдирди Ван И. Анын айтымында, Пекин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин конструктивдүү ролуна үмүт артып, уюм жаңжалдашып жаткан тараптарды…
Прочитайте большеЭрдоган: «Израиль чектен ашып кетти»
Түркия Тоолуу Карабакта Азербайжанды кандай колдосо, ошондой эле чечкиндүүлүк менен Иерусалимди колдойт деди Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды. “Биз террордук Израиль мамлекетинин эзүүсүнө ачууланып жатабыз. Израиль бардык чектен ашып кетти. Аларды токтотуу адамзаттын милдети”, —деди түрк лидери. Эрдоган жаңжал БУУнун катышуусуз чечилбейт деп баса белгиледи. Ошондой эле, ал 19 мамлекеттин президенттери жана өкмөт башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтты. Анын айтымында, Түркия “Израилдин агрессиясына “бүт дүйнө көз жумуп койсо дагы”…
Прочитайте большеАхмадинежад кайрадан Ирандын президенти болуп шайланабы?
Иран президенттигине талапкерлерди каттоонун 4-күнүндө 211 ирандык өз талапкерлигин койгон; алардын ичинде экс-президент Ахмадинежад дагы бар. Ушул жылдын июнь айында өтө турган Ирандагы 13-президенттик шайлоолорго өз талапкерлигин коюга дагы көптөгөн саясий ишмерлер кайрылышууда. Алардын арасында белгилүүлөрдөн Саид Мухаммад, Рустам Касеми, Али Мутахари, Махмуд Садеги, Мухаммад Аббаси, Мухсен Мехр Ализаде жана экс-президент Махмуд Ахмадинежад бар. Ошондой эле Сот тутумунун жетекчиси Аятолла Раиси, Ислам Кеңеши парламентинин төрагасы Али Лариджани жана Али Акбар Салехи сыяктуу фигуралар да өз…
Прочитайте большеСадыр Жапаров Орусияга барат
Ушул жылдын май айынын аягында президент Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Белгилей кетсек, бүгүн, 10-майда, орусия тараптын демилгеси менен президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулашты. Путин Кыргызстанга чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. “Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашты….
Прочитайте больше