«Талибанга» каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери Ахмад Масуд Тажикстана экени айтылууда

Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” кыймылына каршылык көрсөткөн “Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун” лидери Ахмад Масуд учурда Тажикстандын аймагында экени маалымдалды.

Бул тууралуу кечээ, 1-ноябрда Панжшер провинциясынын губернаторунун мурдагы орун басары, каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн өкүлү Кабир Васик ТАССтын кабарчысына берген маегинде билдирген.

“Учурда Ахмад Масуд Тажикстанда жүрөт, бирок кээде Ооганстанга келип, өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы каршылык көрсөтүү топтору менен жолугушууларды өткөрүүдө”, – деди Васик.

Анын айтымында, Масуд учурда “Талибан” согушкерлерине каршы турууда ар кайсы мамлекеттердин колдоосуна ээ болууга аракет кылууда.

“Масуд аймактагы өлкөлөрдү жана бүтүндөй эл аралык коомчулукту талиптерге каршы күрөшүү зарылчылыгына ынандырууга умтулууда. Ал Улуттук каршылык көрсөтүү фронтуна көңүл бурдуруу  жана колдоо алуу үчүн ар кайсы өлкөлөргө барып жатат”, – деди ал.

Мындан тышкары, ал фронт Тажикстан менен жакшы мамиледе экенин, ал “Талибанга” каршы күрөштө ооган элине ар дайым олуттуу жардам көрсөтүп келгенин жана учурда да жардам берип жатканын белгиледи.

Эске салсак, 29-октябрда Тажикстандын бир нече маалымат каражаттары Душанбеде “Талибан” кыймылына каршылык көрсөткөн күчтөрдүн кенсеси ачылганын жазып чыгышкан. Кийинчерээк Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча комментарий берип, Душанбеде Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун кеңсеси ачылганы тууралуу маалыматтар жок экенин билдирген.

Комментарий жиберүү