Польша Беларус менен чек арасына дубал курууну пландоодо

Польша бийлиги Беларус менен чек арага келерки жылдын биринчи жарымында дубал тургузууну көздөөдө.

Бул тууралуу Польшанын радиосунун эфиринде республиканын Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Мачей Вонсик билдирди.

Ведомствонун өкүлү мындай чечим чек арадагы миграциялык кризистин курчушуна байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

Вонсик дубалдын курулушунун так убактысы керектүү документтерге кол коюлгандан кийин белгилүү болорун белгиледи.

“Биз бул инвестицияны келерки жылдын биринчи жарымында бүтүргүбүз келет”, – деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, Польша менен Беларустун чек арасында өткөн түн тынч өттү, бирок чек арачылар дагы деле мигранттардын чек араны бузуп өтүүсүнөн чоочулоодо.

Вонсик белгилегендей, учурда чек арада 4000 чек арачы, Ички иштер министрлигинин 2000 кызматкери жана 15 миң аскер кызматкери кызмат өтөп жатат.

Эске салсак, Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн келип, Беларустун аймагында топтолгон качкындардын жоон тобу 8-ноябрда Европа Биримдигинин аймагына кирүү үчүн Польшанын чек арасынан өтүүгө бир нече ирет аракет жасашкан.

Польшаны көздөй агылган миндеген  мигранттардын арасында аялдар жана жаш балдар да бар.

Комментарий жиберүү