Садыр Жапаров Стамбулда Азербайжандын жана Өзбекстандын президенттери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту.

Садыр Жапаров алгач Шавкат Мирзиёевди Өзбекстан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Ал анын жетекчилиги астында өлкө мындан ары да мамлекеттик өнүгүүдө маанилүү ийгиликтерге жетишерине ишеним артты.

Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку потенциалын колдоо жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары комплекстүү өнүктүрүү максатында өзбек кесиптешин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусун, анын ичинде соода-экономикалык багытта өнүктүрүүдө чоң дараметке ээ экендигин билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар деди.

Ошондой эле, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен да жолугшту. Анда Кыргызстан менен Азербайжан чыныгы боордош өлкөлөр экенин баса белгилеп, мындан ары эки тараптын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий чөйрөлөрдө кызматташууларын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ишкердик чөйрөсүндөгү мамилелерин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөрүн айтып өттү.

Ал эми Азербайжандын президенти эки мамлекет башчыларынын жолугушуусу Кыргызстан менен Азербайжандын элдеринин бакубатчылыгы үчүн байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө дем берерине ишенимин билдирди.

Комментарий жиберүү