Ирактын премьер-министрине кол салуу аракети болду

Ирак бийлигинин маалыматы боюнча, Багдаддагы премьер-министр Мустафа аль-Казыминин резиденциясына дрондон кол салуу болгон, бирок саясатчы жабыркаган эмес.

Жекшембиге караган түнү 7-ноябрда Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казымиге учкучсуз учуучу аппаратты колдонуу менен кол салуу аракети болгон. Аскер кызматкерлеринин айтымында, дрон жардыруучу заттар менен толтурган. Ирак бийлиги сокку  өкмөт башчынын резиденциясына жасалганын  билдирүүдө.
Саясатчы кийинчерээк Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасап, өзүн жакшы сезип жатканын айтып, ирактыктарды сабырдуулукка чакырган. Бул окуядан бир нече сааттан кийин маалымат каражаттары  кол салуу аракетинде үч учкучсуз аппарат колдонулганын жана алардын экөөсү атып түшүрүлгөнүн кабарлашты.
Ирактын премьер-министринин резиденциясы Багдаддын жакшы кайтарылган Жашыл зонасында жайгашкан, ал жерде чет элдик элчиликтер жана мамлекеттик мекемелер жайгашкан. Азырынча  кол салуу аракети үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Комментарий жиберүү