Иран менен Кыргызстан эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Индияда өткөн Ооганстан боюнча Дели Аймактык коопсуздук диалогунун алкагында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Шамхани Иран өз мүмкүнчүлүктөрүн аймактын өнүгүшү жана өсүшү үчүн колдоно аларын жана колдонууну кааларын билдирди.

Ал Тегеран Бишкек менен эл аралык, аймактык жана эки тараптуу багытта кызматташа аларын айтып, Иран көптөгөн илимий, техникалык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин жана Кыргызстан менен бул тармактарда кызматташа аларын баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал Ооганстандагы акыркы окуяларга токтолуп, аймактагы бардык мамлекеттердин ооган элине жардам көрсөтүүгө жана коопсуздукка байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө катышуусу зарыл экендигин баса белгилеп, эки өлкө бул жаатта мындан ары да кызматташа аларына ишеним билдирди.

Индия 10-ноябрда Ооганстанды кайрадан глобалдык терроризмдин чордонуна айландырбаш үчүн кызматташууга чакырган аймактык коопсуздук конференциясын өткөрдү. Ооганстан боюнча Дели Аймактык коопсуздук диалогу деп аталган жыйынга Индия, Иран, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.

Комментарий жиберүү