Тажикстан Ооганстандын жаңы бийлигин тааныбайт

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Тажикстандын Кабулдагы талиптердин өкмөтүн таануу ниети жок экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 27-октябрда Тегеранда өткөн Ооганстандын коңшуларынын министрлеринин жыйынында сүйлөп жатып айткан.

Тажик дипломаты Ооганстандын жаңы өкмөтү бийликке бүтүндөй элдин, анын ичинде башка этностордун да пикирин эске албай күч менен келгенин белгиледи.

“Этникалык тажиктер ооган элинин 46%ын түзгөндүктөн улам жаңы өкмөттүн курамында орун алышы керек болчу”, – деди Мухриддин.

Белгилей кетсек, аймактагы өлкөлөрдүн, дүйнөлүк державалардан, ошондой эле эл аралык уюмдардын “Талибан” кыймылына койгон негизги талабы Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүү болуп саналат. Өлкөдөгү жаңы бийлик этникалык топторду гана эмес, ошондой эле ар кандай саясий күчтөрдү да камтышы керек.

“Талибандын” өкүлдөрү Москва форматындагы консультациялар учурунда түзүлгөн өкмөт инклюзивдүү экенин айтышкан.

Ооганстандын кошуна мамлекеттеринин биринчи жолугушуусу 8-сентябрда онлайн режиминде өткөн. Иш-чарага Кытай, Иран, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиянын тышкы иштер министрлери катышкан.

Комментарий жиберүү