Тегеран Ирактын Эрбил шаарын аткылаганы кабарланды

Ирандын “Тасним” маалымат агенттиги 11-майда Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын түндүгүндөгү Күрт автоном районунун баш калаасы Эрбилге чабуул койгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, Ислам революциясынын сакчылар корпусу Эрбилдеги “террордук топтордун турумдарын” бутага алган. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

“Ирактын түндүгүндөгү террордук топтордун, анын ичинде Күрдистан демократиялык партиясынын штабы буга чейин да бир нече жолу бутага алынган”,-деп жазды “Тасним”.

Марттын орто ченинде сакчылар корпусу Эрбилге баллистикалык ракеталар менен сокку урушкан.

Тегеран өз кадамын Эрбилде “Израилге караштуу стратегиялык борбор бар экени” менен түшүндүргөн, күрд бийлиги муну төгүндөгөн.

Комментарий жиберүү