Берлинде 30дай киши Рахмондун сапарына каршы акция өткөрдү

Берлинде 30дай киши Рахмондун сапарына каршы акция өткөрдү

28-сентябрда тажик оппозициясынын бир тобу Берлиндеги Тажикстан элчилигинин алдында президент Эмомали Рахмондун Германияга иш сапарына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар Эмомали Рахмондон саясий туткундарды бошотууну жана Тажикстанда адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууну талап кылышты. Нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири “Озоди” радиосуна акцияга Тажикстандын Улуттук альянсы менен “Группа 24” кыймылынын 30га жакын жактоочусу келгенин кабарлады. Тажикстандын Берлиндеги элчилиги тажик оппозициясынын тарапкерлеринин нааразылык акциясына азырынча жооп бере элек. 29-сентябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары “Германия – Борбор Азия” саммитине…

Прочитайте больше

Пашинян Бакуну этностук тазалоого айыптады

Пашинян Бакуну этностук тазалоого айыптады

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Тоолуу Карабактан этностук армяндардын жапырт чыгып кетип жатканы үчүн Азербайжанды этностук тазалоо саясатын жүргүздү деп айыптады. Премьер-министрдин басма сөз катчысы Назели Багдасарян билдиргендей, 28-сентябрга карата Арменияга Тоолуу Карабактан 66 500 киши кирди. Бул жикчил аймактагы 120 миң этностук армяндардын жарымынан көбү дегенди билдирет. «Бул түздөн-түз этностук тазалоо жана депатриация (мекенинен ажыратуу) актысы. Бул тууралуу армян тарап эл аралык коомчулукка мурдатан эле эскертип келген», — деди Пашинян 28-сентябрда өткөн өкмөттүн жыйынында….

Прочитайте больше

Кыргызстанда ЖККУнун «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтөт

Кыргызстанда ЖККУнун «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтөт

Кыргызстандын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов 27-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоров менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. «Жолугушуу учурурунда үстүбүздөгү жылдын 9-13-октябрында Кыргызстандын аймагында өтүүчү ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна болгон даярдыктар жана өткөрүүсү боюнча суроолорду талкуулашты», — деп айтылат маалыматта. Маалыматта Сидоров Кыргызстанга 26-сентябрда «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтө турчу жайлар менен таанышуу максатында келгени айтылат. Ал иш сапарынын жүрүшүндө 20636 аскер бөлүгүнө…

Прочитайте больше

Жалал-Абадга Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын дарыгерлери келди. Алар 130га жакын жарандын жүрөгүнө акысыз операция жасашат

Жалал-Абадга Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын дарыгерлери келди. Алар 130га жакын жарандын жүрөгүнө акысыз операция жасашат

Бүгүн, 29-сентябрда Жалал-Абад шаарына Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын 30дан ашуун дарыгерлер бригадасы келди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жалал-Абад аэропортунан дарыгерлерди Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиялык борборунун башкы дарыгери Калдарбек Абдраманов, облустук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Маалыматка ылайык, алар бир жума бою шаарда жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда 15 жаштан жогорку, жүрөк ооруларынан жабыркаган 130га жакын жаранга акысыз операцияларды жасайт. Мында оорулуулардан эң алгач социалдык абалы оор, мүмкүнчүлүгү чектелген…

Прочитайте больше