Иранда Межлиске жана Эксперттер кеңешине шайлоо аяктады. Сүрөт

Иранда Межлиске жана Эксперттер кеңешине шайлоо аяктады. Сүрөт

Иранда кечээ, 1-мартта Эксперттер кеңешине жана Межлиске (бир палаталуу парламент) шайлоо аяктап, шайлоо участкалары жабылды. Учурда добуштарды саноо уланууда. Алдын ала жыйынтыктар бүгүн белгилүү болот. Иран Конституциясынын Сакчылар кеңешинин расмий өкүлү Хади Тахан Назифтин айтымында, добуш берүүдө шайлоочулар жогорку активдүүлүгүн көрсөтүштү, айрым шайлоо участкаларында кезек күтүүлөр да болду. Добуш берүүнүн коопсуздугун 250 миңге жакын аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыз кылды. IRNA мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 61,17 миллион ирандык шайлоо укугуна ээ, анын…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров Рахим Ага Хан Ханзааданы кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Рахим Ага Хан Ханзааданы кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-мартта, Рахим Ага Хан Ханзааданы кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Андагы билдирүүгө ылайык, Кыргыз Республикасы менен Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын (АКДН) ортосундагы, тактап айтканда билим берүү, экология жана жашыл экономика чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Ханзаада Ага Хан IVнүн эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын тоолуу аймактарында калктын аярлуу катмарынын жашоо шарттарын жакшыртууга кошкон зор салымын жогору бааларын айтты. Ал ошондой…

Прочитайте больше

“Мусулман айым” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сүрөт

“Мусулман айым” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сүрөт

“Ак Багыт” коомдук фонду жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюшулган “Мусулман айым” кароо-сынагынын сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын демөөрчүсү Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Маданий өкүлчүлүгү болду. Онлайн кароо-сынак 2 багыт боюнча жүргүзүлдү: Мусулман айымдын кийими сиздин жашооңузда; Катышуучулар видео форматта 1-2 минуттук видео менен интернет желесине, өз баракчаларына жарыялоосу керек болгон. Бул сынак 1 ай мурун жарыяланып 20-февралга чейин созулуп, жыйынтык чыккан. Кароо-сынактын катышуучуларын сыйлоо аземи борбор калаадагы “Ыйман” мечитинде өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай…

Прочитайте больше