Нооруз – Иранда Жаңы жыл. Видео

Нооруз – Иранда Жаңы жыл. Видео

Нооруз – Ирандын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген руханий жана маданий мурасы. “Нооруз” сөзү перс тилинен «жаңы күн» деген маанини берип, жаңы жылдын келишин билдирет. Нооруз майрамы белгиленген 21-март Иранда расмий түрдө кабыл алынган күн календары боюнча жаздын биринчи күнү болуп саналат.

Прочитайте больше

Иранда 2024-жыл өндүрүш жылы деп жарыяланды

Иранда 2024-жыл өндүрүш жылы деп жарыяланды

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Нооруз майрамы алдында өлкө элине майрамдык куттуктоо менен кайрылып, келе жаткан жылды «Өндүрүштүн секирик жылы» деп жарыялады. Иранда Нооруз жаңы жылдын башталышын билдирет. Иран календары боюнча 2024-жылдын 21-марты  1403-жыл 1-бахман (Хижрий жыл санагы) болот. Ал ирандыктарды, айрыкча согуш ардагерлеринин үй-бүлөлөрүн, ошондой эле өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү жана жер бетиндеги тынчтык үчүн ар дайым жанын аябаган шейиттердин үй-бүлөлөрүн берекелүү Рамазан айына туш келген Нооруз майрамы менен куттуктады. Хаменеи өткөн жыл (1402) башка…

Прочитайте больше

АКШ Жогорку соту Техастын миграциялык мыйзамын калыбына келтирди

АКШ Жогорку соту Техастын миграциялык мыйзамын калыбына келтирди

АКШнын Жогорку соту Мексика менен чек арадан мыйзамсыз өтүүгө каршы аракет көрүү тууралуу Техас штатынын мыйзамын калыбына келтирүүнү чечти.  Ага ылайык, АКШ Жогорку соту бул чечими менен аталган мыйзамды бөгөттөө тууралуу президент Жо Байдендин администрациясынын сунушун четке какты. “Америка авазы” кабарлагандай, Жогорку соттогу алты консерватор-судья мыйзамды калыбына келтирүүнү колдосо, үч либерал-судья каршы добуш берди. Алар бул чечимге нааразы экенин айтып, мыйзам “өлкөнүн иммиграциялык саясатын түп-тамырынан өзгөртөрүн” билдиришти. Январда Юстиция министрлиги демилгени бөгөттөө өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган….

Прочитайте больше

Путин Иран элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Путин Иран элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Россиянын президенти Владимир Путин Иран элин келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Путин Ирандын президенти Имбрахим Раиси менен телефондо сүйлөшүп, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин дарегине жакшы каалоо-тилектерди жолдоду. «Владимир Путин Ирандын жогорку лидери Сейед Али Хаменеинин дарегине жакшы каалоо-тилектерин жолдоп, бүткүл Иран элин мусулмандардын ыйык Рамазан айы жана жазгы Нооруз майрамынын башталышы менен куттуктады», — деп айтылат маалыматта. Раиси Россиянын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен…

Прочитайте больше

Муфтий Ирандын элчиси менен жолугушту. Эмне сөз болду

Муфтий Ирандын элчиси менен жолугушту. Эмне сөз болду

Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Голям Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда тараптар бири-бирин ыйык Рамазан айы менен куттуктап, кыргыз-иран кызматташтыгын чыңдоо, маданий алакаларды бекемдөө боюнча пикир алышты. Абдулазиз кары Закиров атайын убакыт бөлүп, зыярат кылган ирандык делегацияга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады. Айта кетсек, жолугушууга Иран элчисинин орун басары Мостафа Кебритчи, Маданият өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин…

Прочитайте больше

“Биздин кылымдагы эң ырайымсыз геноциддердин бири”: Эрдоган ифтарда Газа тууралуу эскерди

“Биздин кылымдагы эң ырайымсыз геноциддердин бири”: Эрдоган ифтарда Газа тууралуу эскерди

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Газадагы кырдаал тууралуу айтты – саясатчы бүгүнкү күнү Ыраакы Чыгыштагы болуп жаткан окуяларды геноцид деп атагандыгын “Анадолу” агенттиги билдирди. Түрк лидери Стамбулда “Эски достордун ифтарында” ушинтип сүйлөдү.  Эрдоган бул Рамазан Газадан улам караңгы жана кайгылуу болуп саналарын айтты. “Биздин кылымдагы өтө ырайымсыз геноциддердин бири Газада болууда, ал жакта биздин дээрлик 40 миң боордоштурубуз, негизинен балдар жана аялдар өлтүрүлдү, 73 миң палестиналыктар жарадар болду жана 7 миңден ашык күнөөсү жок адамдар…

Прочитайте больше