Гаитиде 4000дей киши түрмөдөн качып кетти. Видео

Гаитиде 4000дей киши түрмөдөн качып кетти. Видео

Гаитинин борбору Порт-о-Пренс шаарында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн куралдуу кол салуусунун натыйжасында түрмөдөн 4000дей адам качып кетти. Кеминде 10 адам каза болгону кабарланууда. Кырдаалга байланыштуу Гаитинин бийлиги тартип орнотуу үчүн өлкө аймагында шаршемби күнгө чейин өзгөчө абал режимин, түнкүсүн коменданттык саат жарыялады. Өкмөттөн белгилешкендей, өзгөчө абал режиминин мөөнөтү жагдайга жараша узартылышы мүмкүн. Бийликтин билдирүүсү боюнча түрмөгө кол салуу киши өлтүрүү, адам уурдоо жана башка оор кылмыштар үчүн абакта отургандарды бошотуу максатында пландалган. Укук коргоочулар 700 туткунга ылайыкталган…

Прочитайте больше

Италия: алты миңден ашык адам кар көчкүгө камалып калды

Италия: алты миңден ашык адам кар көчкүгө камалып калды

Италиянын Жогорку Грессони өрөөнүндө  6000ден ашуун адам кар көчкүдөн улам өрөөндөн чыга албай калышты. Кар өлкөнүн түндүк-батышындагы Италиянын Валле-д ‘ Аоста аймагындагы Грессоне-Сент-Жан айылынын жанындагы туннелди жаап салды. Жекшембиден бери 6000ден ашуун адам, анын ичинде туристтер, жогорку Грессоней өрөөнүндө кар көчкүдөн улам чыга албай калышты. Ошондой эле ММКлар Австриянын чек арасына жакын түштүк Тиролдо кайгылуу окуя тууралуу кабарлашты. Бул жерде 16 жаштагы лыжачы каза болгон. Өспүрүм кар көчкү астында калган.

Прочитайте больше

Карлсон АКШны Рим империясына салыштырды

Карлсон АКШны Рим империясына салыштырды

Журналист ошондой эле өлкөгө Жо Байдендин президенттигинин учурунда бир нече штаттын калкынан көп мыйзамсыз мигранттар келгендигин белгиледи. Америкалык журналист Такер Карлсон Америка Кошмо Штаттарын Рим империясынын тагдыры күтүп турат деп эсептейт. Ал мындай пикирди дүйшөмбү күнү америкалык экс-президент Дональд Трамптын коргоо министринин мурдагы кеңешчиси, отставкадагы полковник  Дуглас Макгрегор менен маектешип жатып айтты. Карлсон РФга баргандагы таасирлеринен улам АКШ лидерлерин жек көрө баштагандыгын билдирди. Мындан тышкары америкалык журналист АКШ армиясынын келечеги жок деп эсептейт. Отставкадагы полковник АКШ президентинин…

Прочитайте больше

Борбор Азия өлкөлөрүндө орозо качан башталары айтылды

Борбор Азия өлкөлөрүндө орозо качан башталары айтылды

Борбор Азия өлкөлөрү жалпы мусулмандар үчүн жыл ичиндеги эң маанилүү Орозо айынын так күнүн аташты. Алсак, быйыл Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда Орозо айы 11-мартта башталары белгилүү болду. Түркмөнстанда Орозо качан башталарын так айтыла элек. Кыргызстан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришкендей, Кыргызстанда Орозо айы 11-мартта башталат. Маалыматка ылайык, 10-мартта таравих намазы окула баштайт. Казакстан Казакстандын муфтиятынын маалыматына караганда,  дата Кыргызстан, Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын Окумуштуулар кеңеши менен сүйлөшүүдөн кийин бекитилген. Анда дата Кыргызстан, Түркия, Азербайжан…

Прочитайте больше