Россия Ооганстанда бир канча завод курууну пландоодо

Россия Ооганстанда жумуш орундарын түзүп, атайын долбоорлорго инвестиция салууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Ооганстандагы “Россия ишкердик борборунун” жетекчиси Рустам Хабибуллин билдирди.

«Бул ошол эле заводдор, фабрикалар, айыл чарбасы, анын ичинде Кош-тепа суу каналынын курулушу чоң кызыгууну жаратат. Биздин бир катар ишканалар ушул каналдын жанынан айыл чарба багытындагы жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага берүүнү уюштуруп жатышат», – деди ал.

Хабибуллин РИА Новости менен болгон маегинде Россия бул өлкөдөгү гуманитардык иш-чараларга да активдүү катыша баштаганын кошумчалады.

2023-жылы Мусулман патриоттук кайрымдуулук фонду Ооганстандагы муктаж адамдарга 250 миңден ашык куту дары-дармек таратканын эске салды.

«Биз бул жакта жумуш орундарын өнүктүрүүнү жана россиялык инвесторлорду ооган долбоорлоруна тартууну көздөп жатабыз», – деди Хабибуллин.

Эске салсак, Кош-тепа каналынын курулушу тууралуу 2023-жылдын март айында белгилүү болгон. План боюнча анын узундугу 285 км, туурасы 100 м болушу керек.

Долбоор 5 жылга эсептелген жана ал аяктагандан кийин Ооганстан суунун кеминде 1/3 бөлүгүн Амударыядан алат. Талибандын билдиргенине караганда, бул канал Ооганстандын түндүгүндөгү үч районду суу менен камсыз кылат. Жалпысынан каналга 60 миллиард афган (дээрлик 667 миллион доллар) сарптоо пландалууда.

Комментарий жиберүү