АКШнын Иранга каршы операциясынын чыгымы өсүүнү улантып, 77 миллиард доллардан ашканы айтылды.
Бул тууралуу Iran War Cost Tracker порталы билдирди.
Порталдын маалыматына ылайык, операциянын 71-күнүнө карата Вашингтондун чыгымдары 77 миллиард доллардан ашкан.
Ресурс маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде жаңыртып турат жана аскер кызматкерлерин, аймакка жөнөтүлгөн аскер кемелерди камсыздоону, ошондой эле башка кошумча чыгымдарды эсептейт. Эсептөө ыкмасы Пентагондун Конгресске берген баяндамасына негизделген. Анда операциянын алгачкы алты күнү 11,3 миллиард долларга түшкөнү, андан кийинки күндөрдө күнүнө болжол менен 1 миллиард доллар сарпталаары айтылган.
Апрель айынын аягында Пентагондун каржы бөлүмүнүн убактылуу жетекчиси Жулс Херст Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр боюнча комитетиндеги угууда АКШнын Иран менен болгон жаңжалга кеткен чыгымы болжол менен 25 миллиард долларды түзгөнүн билдирген.
Бирок кийинки күнү америкалык ЖМКлар маалымдар булактарга таянып, бул суммага америкалык аскердик объектилерди калыбына келтирүү жана жабыркаган техникаларды алмаштыруу чыгымдары кирбей калганын жазышкан. Алардын маалыматына караганда, чыныгы чыгым дээрлик эки эсе көп.