Палестиналыктар Израилдин түрмөлөрүндөгү сексуалдык зомбулук тууралуу билдиришүүдө

Палестиналык туткундар — эркектер, аялдар жана балдар — Израилдин түрмө күзөтчүлөрү, аскер кызматкерлери, жөөт отурукташуучулары жана ШАБАК кызматкерлери тарабынан системалуу сексуалдык зомбулукка кабылып жатканын билдиришүүдө.

Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.

Кармалгандардын айтымында, аларга дубинка, сабиз жана темир буюмдар колдонулуп зордук-зомбулук көрсөтүлгөн учурлар болгон.

Аял туткундар мажбурлап чечиндирүү, сабоо жана видеого тартуу фактыларын айтып беришкен.

«Балдарды сактагыла» уюмунун жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгына ылайык, камакта болгон жашы жете электердин жарымынан көбү сексуалдык зомбулукка кабылган же мындай окуяларга күбө болгон.

Сде-Теман аскердик тергөө абагындагы зомбулук иши коомчулукта чоң резонанс жараткан. Бирок бул иш боюнча айыпталган Израиль армиясынын аскер кызматкерлерине коюлган айыптар кийин алып салынган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул чечимди, анын сөзү боюнча, «кандуу жалаа» үстүнөн жеңиш катары баалаган.

Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Ольмерт NYT басылмасына берген комментарийинде «Мунун болуп жатканына ишенемби? Албетте» деп жооп берген.