Кимдер COVID-19га каршы вакцинанын үч дозасын алышы керек?

Кимдер COVID-19га каршы вакцинанын үч дозасын алышы керек?

Өнөкөт оорулардан жапа чеккен 60 жаштан ашкан адамдар коронавируска каршы вакцинанын үч дозасын алышы керек. Бул тууралуу дарыгер жана телеалпаруучу Александр Мясников билдиргенин “РИА новости” жазды. Ал Sputnik V вакцинасын мисал келтирип, анын эки дозасы менен эмделген бейтаптар жарым жылдан кийин үчүнчү доза катары Sputnik Light алса болорун айтты. Эксперттин айтымында, мындай бейтаптардын организминде эмдөөдөн кийин антителолордун саны абдан тез азаят жана иммундук жооп вируска туруштук берүүгө жетишсиз болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай адамдарга эки дозалык эмдөөдөн кийин…

Прочитайте больше

Кыргызстан Орусиядан тик учак жана учкучсуз аппараттарды алат

Кыргызстан Орусиядан тик учак жана учкучсуз аппараттарды алат

Кыргызстан Орусиянын “Рособоронэкспорт” ишканасынан Ми-17В-5 тик учагын жана Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн “Орлан-10Э” деп аталган учкучсуз аппараттын көп функционалдуу комплекстерин сатып алат. Бул боюнча келишимге 29-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резинециясында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен “Рособоронэкспорт” акционердик коомунун жетекчиси Александр Михеевдин жолугушуусунда кол коюлганын аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады. Эки тарап Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, Ми-8 МТВ тик учактарын оңдоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды түзөтүү боюнча да макулдашылган. Бегилей кетсек,…

Прочитайте больше

С. Жапаров Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына келди

С. Жапаров Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-октябрда, Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландия Глазго шаарына иш сапары менен келди.  Мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны траптан  Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия Өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды.  Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.  Ошондой эле, Президент Садыр Жапаровдун чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын…

Прочитайте больше

Эки популярдуу витамин рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары аныкталды

Эки популярдуу витамин рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары аныкталды

Норвегиянын Хаукеланд университетине караштуу оорукананын дарыгери Марта Эббинг изилдөө жүргүзүп, адамдар көп пайдаланган эки витамин рак оорусуна чалдыгуу коркунучун арттырарын аныктады. Бул тууралуу Американын медициналык ассоциациясынын журналы жазганын чет элдик басылмалар маалымдашты. Изилдөөнүн жыйынтыгында В12 жана фолий кычкылы рактын пайда болуу коркунучун жогорулатары белгилүү болгон. Бул эки витаминди кабыл алган жүрөк оорусу менен жабыркагандарда бул кошумчаларды ичпеген жүрөк оорулууларына салыштырмалуу кандайдыр бир себептерден улам рак жана өлүм коркунучу бир аз жогорулаган. Окумуштуулардын айтымында, фолий кислотасы жана В12…

Прочитайте больше

Тажикстан Ооганстандын жаңы бийлигин тааныбайт

Тажикстан Ооганстандын жаңы бийлигин тааныбайт

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Тажикстандын Кабулдагы талиптердин өкмөтүн таануу ниети жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 27-октябрда Тегеранда өткөн Ооганстандын коңшуларынын министрлеринин жыйынында сүйлөп жатып айткан. Тажик дипломаты Ооганстандын жаңы өкмөтү бийликке бүтүндөй элдин, анын ичинде башка этностордун да пикирин эске албай күч менен келгенин белгиледи. “Этникалык тажиктер ооган элинин 46%ын түзгөндүктөн улам жаңы өкмөттүн курамында орун алышы керек болчу”, – деди Мухриддин. Белгилей кетсек, аймактагы өлкөлөрдүн, дүйнөлүк державалардан, ошондой эле эл аралык уюмдардын “Талибан”…

Прочитайте больше

Видео: Японияда учуучу мотоцикл жасалды

Видео: Японияда учуучу мотоцикл жасалды

Япониянын “ALI Technologies” компаниясы саатына 100 чакырым жүрүүгө жөндөмдүү болгон “учуучу мотоциклин” көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Бул укмуштуу техниканы “Xturismo” деп аташкан. Ал катуу ылдамдыкта токтобой 40 мүнөткө чейин жүрө алат. Баасы 682 миң доллар. Презентация учурунда “Xturismo” жерден бир нече метр бийиктикке көтөрүлүп, абада бир жарым мүнөттөй айланып турду. Аппараттын салмагы 300 кг. жана ал бир адамды көтөрүүгө ылайыкталган. *ALI Technologies” компаниясы заказдарды ала баштады. 200 даанадан турган биринчи партиясын чыгарууну…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров ноябрда Эрдоган менен жолугушууга ниеттенүүдө

Садыр Жапаров ноябрда Эрдоган менен жолугушууга ниеттенүүдө

Президент Садыр Жапаров ноябрда Стамбулда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-саммитине катышат. Сапардын алкагында ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон менен жолугушары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 29-октябрда Жапаров Түркиянын Соода биржалар жана палаталар бирлигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык маселелери жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Сүйлөшүү учурунда Жапаров Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын айтты. Садыр Жапаров 2021-жылы июнда Түркияга расмий сапар менен барып, Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан. Анда…

Прочитайте больше

Кыргызстан 93-орунда, Тажикстан 99-орунда: Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтинги

Кыргызстан 93-орунда, Тажикстан 99-орунда: Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтинги

Эл аралык “Global Firepower” компаниясы жыл сайын дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтингин жарыялап турат. Баалоодо дээрлик 50 көрсөткүч: анын ичинде аскер күчтөрүнүн саны, техникалык камсыздоо, каржылоо жана жоокерлердин мобилдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү сыяктуу критерийлер эске алынган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан эң жакшы натыйжаларга жетише алды: республика рейтингде 51-орунга чыкты. Казакстан 61, Түркмөнстан 86 жана Кыргызстан 93-орунда жайгашкан. Ал эми Тажикстандын армиясы 99-сапка илинген. Ошол эле учурда “Global Firepower” тизмесине Ооганстан да кирген. Республика 75-орунда турат. Рейтингде…

Прочитайте больше

Кытай Тажикстанга аскердик база куруп берет

Кытай Тажикстанга аскердик база куруп берет

Кытай Тажикстандын күч түзүмдөрү үчүн тажик-ооган чек арасына жакын жердеги Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна аскердик база курат. 27-октябрда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы бул тууралуу чечимди жактырганын маалымат каражаттары жазышты. Өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Абдурахмон Аламшозода парламентте база автоном облустун Ишкашим районундагы Вахан айылына куруларын айтты. Маалыматка караганда, курулуштун бюджети 55 миллион кытай юаны деп бааланууда. Бул болжол менен 100 миллион сомони болот. Парламент депутаты Толибхон Азимзоданын айтымында, бул режимдик объект Тажикстандын Ички иштер министрлигине таандык болот. Макулдашууга ылайык,…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Иран темир жол коридорун ачууну талкуулашты

Кыргызстан менен Иран темир жол коридорун ачууну талкуулашты

Кечээ, 27-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразини кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө иран элчиси министр Казакбаевге Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахияндын атынан Иранга иш-сапары менен келип кетүүгө расмий чакыруусун тапшырды. “Тараптар кыргыз-иран эки тараптуу мамилелеринин абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы  эки тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде Бишкек шаарында ирандык Соода үйүнүн ачылышы, Бендер-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу…

Прочитайте больше

Кыргызстан чакан ГЭСтерди салууну көбөйтпөсө, абал оорлой берет

Кыргызстан чакан ГЭСтерди салууну көбөйтпөсө, абал оорлой берет

Азыр Ош шаарынын четиндеги Озгур айылында 1 мВт.тык чакан ГЭС курулуп жатат. Аны бир айга жакын аралыкта пайдаланууга берүү күтүлүүдө. Бул болжол менен 400 үй-бүлөнү жарык менен камсыз кыла алат дейт чакан ГЭСти куруп жаткан “Ак Буура Групп” ишканасынын жетекчиси Дүйшөн Муратов. Аталган компания мындан сырткары, дагы 3 долбоорду баштаганы турат. Алар Баткен облусунун Исфайрам суусуна кубаттуулугу 12 жана 16 мВт түзгөн эки чакан ГЭС жана алыскы Зардалы айылына 29 мегаватты түзгөн дагы бир чакан ГЭС…

Прочитайте больше

А. Жапаров келерки жылы бюджетти 400 млрд. сомго кайдан толтурарын айтты

А. Жапаров келерки жылы бюджетти 400 млрд. сомго кайдан толтурарын айтты

27-октябрда Парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кийинки жылы бюджетти кантип 400 млрд. сомго көтөрөрүн түшүндүрүп берди. Жыйынды Парламент 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун биринчи окуудан колдоду. Финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасап, кийинки жылы консолидацияланган бюджет 400,7 миллиард сомго жетерин билдирди. Министрдин баяндамасынан кийин депутат Таабалды Тиллаев мындай чоң планды колдош керек экенин, бирок мындай көп сумманы каяктан аларына кызыгып, Министрлер кабинетинин төрагасына суроо узатты. Министрлер кабинетининин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти толтуруу боюнча планын айтып берди. Анын айтымында, негизги киреше…

Прочитайте больше

Белек берүүнүн сүннөт боюнча 18 эрежеси

Белек берүүнүн сүннөт боюнча 18 эрежеси

Белек берүү пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү болуп эсептелет. Аллахтын элчиси ﷺ бири-бирине болгон сүйүүнү күчөтүү жана Жараткандын ыраазычылыгына жетүү үчүн белек берүүнү буюрган. Ибн Умардын айтканы боюнча, Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:“Алла үчүн силерден сураганга бергиле, силерди чакыргандарга баргыла, силерге белек бергенге белек бергиле. Бергенге эч нерсе таппасаңар, ал адам үчүн дуба кылгыла”.Дагы бир хадисте мындай деп келет:“Белек алышып-беришкиле. Себеби белек көңүлдөгү кекти жоготот”. Исламда белек берүүнүн, алуунун этикети жана эрежелери бар: 1. Белек берүүнүн чыныгы максаты…

Прочитайте больше

Түгөй тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл? Эң маанилүү 4 кеңеш

Түгөй тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл? Эң маанилүү 4 кеңеш

Пайгамбарыбыз ﷺ төгөрөгү төп келишкен, мээримдүү, түшүнүктүү, ырайымдуу жана сабырдуу күйөө болгон. Ар бир мусулман кызы Аллахтын элчисиндей ﷺ сыпаттары бар, же ошондой болууга умтулган күчтүү адамга турмушка чыкканга тырышат.Жар тандоо – ар бир адамдын жашоосундагы олуттуу кадам. Дүйнө жана акыреттеги бактылуулук ошол тандаган адамыңдан көз каранды. Ошондуктан, чечим чыгарууда жакшылап ойлонуп, терең талдоо зарыл. Ислам аалымдары, эл акылмандар түгөй тандап жатканда буларга көңүл буруу маанилүү экендигин айтышат: Адамгерчилик Көп убакта адамдар жактырууну сүйүү менен…

Прочитайте больше

Кадыр ажы жооп берет: Улуттук суусундуктар болгон кымыз, бозо, шорону ичсе болобу?

Кадыр ажы жооп берет: Улуттук суусундуктар болгон кымыз, бозо, шорону ичсе болобу?

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө. Кезектеги суроо Ислам улуттук суусундуктарга кандай карары туурасында келди. Халал (адал) – шарият уруксат берген, харам (арам) – тыюу салынган, макрух (макүрөө) – жакшы эмес, жагымсыз азыктар. Суроо бул суусундуктардын курамындагы алкоголго байланыштуу берилген. Мисалы, жаңы кымыз шек-күмөнсүз адал, ичүүгө уруксат берилет. Анткени анын курамында алкоголдун үлүшү өтө аз. Ал эми бир нече күн же андан…

Прочитайте больше
1 138 139 140 141 142 207