Жапаров Путинге кыргыз-тажик чекара маселесин чечүүдө ортомчу болууну сунуштады

Жапаров Путинге кыргыз-тажик чекара маселесин чечүүдө ортомчу болууну сунуштады

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын тактап алыш үчүн Россияга ортомчулук сурап кайрылып, орус тарап Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди изилдеп чыкмай болду. Бул тууралуу 17-октябрда “Биринчи радионун” эфиринде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров мындай өтүнүч менен орус президенти Владимир Путинге Астанада тажик президенти Эмомали Рахмон үчөө өткөргөн жолугушууда айткан: “Ал жерде ачык сүйлөшүү болду. Биздин президент өз көз карашын билдирип, чек ара маселеси тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экенин, биз бул принциптен эч…

Прочитайте больше

Курмандыктар бар. Ейскте көп кабаттуу үйгө аскердик учак кулап түштү. Видео

Курмандыктар бар. Ейскте көп кабаттуу үйгө аскердик учак кулап түштү. Видео

 Кечээ, 17-сентябрь күнү кечинде Россиянын Краснодар крайынын Ейск шаарындагы турак жай кварталдарынын бирине Су-34 бомбалоочу аскердик учагы кулап түштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты. Кырсыктан улам көп кабаттуу үйдө ири  өрт чыккан. 19 адам жаракат алып, курман болгондордун саны 13кө жеткени, алардын үчөө жаш балдар экени айтылууда. Маалыматка караганда, Түштүк аскердик округдун аскерий аэродромунан учуп чыккан Су-34 машыгуу учурунда тапшырманы аткаруу үчүн асманды көздөй күү менен көтөрүлүп бара жатканда кырсыктаган.  https://t.me/sotaproject/48219?embed=1 Учкучтар катапульта жасап секирип кетүүгө үлгүрүшкөн….

Прочитайте больше

Роза Отунбаева Талибандын ТИМ башчысы Муттаки менен жолукту

Роза Отунбаева Талибандын ТИМ башчысы Муттаки менен жолукту

  Кыргызстандын экс-президенти, учурда БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева Ооганстандын “Талибан” кыймылы курган өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолукту.  Бул туурасында БУУнун Ооганстан боюнча миссиясынын Твиттердеги расмий баракчасында айтылат. Анда Отунбаева менен Муттаки кызматташтыктын кеңири багыттары боюнча сүйлөшкөнү жазылган. “Ишеним, банк системасы, билим берүү жана анын кыздарга дагы жеткиликтүү болуусу талкууланды. Алар өз ара пикир келишпестиктерди моюнга алышты, бирок Ооганстандын кызыкчылыгы үчүн эл аралык коомчулук менен жакындашуу маселесинде бир…

Прочитайте больше

Россиядан чыгып кеткен эркектерге кандай чара көрүлөт?Путиндин жообу…

Россиядан чыгып кеткен эркектерге кандай чара көрүлөт?Путиндин жообу…

 Россиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин, эркектердин өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн ар бир учуру юридикалык жактан карала турганын айтты. Бул тууралуу ал Астанага жасаган иш сапарынын алкагында журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Журналисттер өлкөдөн чыгып кеткендер Россияда «саткындар» деп айтылып жатканнын, алардын РФда калган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү конфискацияланары тууралуу кептер жүрүп жатканы тууралуу Путинге суроо беришкен. Мамлекет башчы ар бир иш жекече каралып, юридикалык баа берилерин билдирген. «Ар бир конкреттүү абал боюнча адамдын аракетине…

Прочитайте больше

НАТО Европада өзөктүк машыгууларды баштады

НАТО Европада өзөктүк машыгууларды баштады

  Бүгүн, 17-октябрь НАТОнун “Steadfast Noon” өзөктүк куралды токтотуу машыгуусу башталды. Ага 14 өлкө жана 60ка жакын аскердик учак катышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Альянстын маалыматына караганда, машыгуулар “Европанын түндүк-батышында” – Бельгиянын жана Британиянын аба мейкиндигинде, ошондой эле Түндүк деңиздин үстүндө өтөт. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул НАТОнун өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн коопсуз жана эффективдүү сакталышын камсыздоо максатында жыл сайын пландалган окуулар экенин билдирди. Анын айтымында, машыгууларга согуштук куралдар тартылбайт жана бул Украинанын айланасындагы азыркы…

Прочитайте больше

Россия Канттагы аскерий базасынан Су-25 чабуулчу учактарын Тажикстанга алып өттү

Россия Канттагы аскерий базасынан Су-25 чабуулчу учактарын Тажикстанга алып өттү

 Россия Канттагы аскерий базасынан Су-25 чабуулчу учактарын Тажикстанга алып өттү. Бул тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун маалымат кызматынан билдиришти. Тажикстанда 2022-жылдын 21-октябрына чейин улана турган ЖККУнун “Чек ара-2022” маневрлеринде чабуулчу учактар колдонулат. Бүгүндөн баштап машыгуулар активдүү фазага өттү. “Экипаждар Тажикстандын түштүгүндөгү тоолуу жана чөлдүү аймактагы бутага ракеталык сокку уруу боюнча машыгышат”, – деп билдирет басма сөз борбору. Маневрларга ошондой эле 201-аскердик базанын авиациялык тобунун Ми-24 чабуул тик учактары жана Ми-8МТВ5-1 транспорттук-күжүрмөн тик учактары катышууда. Эске…

Прочитайте больше

Иран: «Ылай суудан балык кармоо» Байдендин адаты

Иран: «Ылай суудан балык кармоо» Байдендин адаты

Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канаани АКШнын президенти Жо Байденди Ирандагы нааразычылык акцияларына чыккандарды колдоп сүйлөгөнү үчүн сынга алды. Ирандык аткаминер Байдендин бул билдирүүсүн ылай суудан балык кармоо (кыйын абалдан өз мүдөөсү үчүн пайдалануу) менен салыштырды. “Ирандагы акыркы окуялардын башталышы менен  АКШнын президенти Жо Байден өзүнүн билдирүүлөрү менен Ирандагы башаламандыкка дагы бир жолу колдоо көрсөттү. <…> Силердин адатыңар – ылай суудан балык уулоо. Бирок бул Иран экенин эсиңерден чыгарбагыла”, – деди Канаани….

Прочитайте больше

КМШга 2023-жылы Кыргызстан төрагалык кылат

КМШга 2023-жылы Кыргызстан төрагалык кылат

КМШ Мамлекет башчыларынын саммитине 2023-жылы Кыргызстан төрагалык кылат. Мындай чечим Астанада өткөн өлкө башчылардын кеңешинде кабыл алынды.  Мамлекеттердин башчылары шериктештик алкагындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча бир катар документтерге кол коюшту.  Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө бири-биринин территориалдык бүтүндүгүн урматтоо жана азыркы чек аралардын кол тийбестиги сыяктуу маанилүү принципти баса белгиледи.

Прочитайте больше

Түркияда шахта жарылып, 28 адам каза болду.

Түркияда шахта жарылып, 28 адам каза болду.

Түркиянын түндүгүндөгү Бартын шаарындагы шахтада жарылуу болуп, кеминде 28 киши каза болуп, 20сы жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттердеги баракчасынан билдирди. Ички иштер министри Сулейман Сойлу буга чейин жарылуу болгон учурда шахтада жалпысынан 110 адам иштеп жактанын билдирген. Бартын шаарынын губернатору Нуртаж Арслан окуя 14-октябрь күнү кечинде 300 метр тереңдиктеги көмүр шахтасында болуп, 49 адам жер астында камалып калганын билдирди. Президент Режеп Тайып Эрдоган ички иштер министри менен жаратылыш ресурстары…

Прочитайте больше

Путиндин ортомчулугунда Жапаров менен Рахмондун жолугушуусу кандай өттү?

Путиндин ортомчулугунда Жапаров менен Рахмондун жолугушуусу кандай өттү?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Астана өткөн үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн чоо-жайы боюнча азырынча так маалымат аз. Ошондой болсо да мамлекет башчыларынын басма сөз кызматтарынын кыска жана эмоциясыз билдирүүлөрү бардык пикир келишпестиктерди тынч жолу менен гана жөнгө салуу үчүн негиз түптөлгөнүнөн кабар берет. Балким татаал болгондур… Ондогон адамдардын өлүмү менен коштолгон аскерий кагылышуудан кийинки диолог жөнөкөй болушу мүмкүн эмес. Бирок, башкысы диалог жүрүп жатат. Эки тарап тең жаңжал саясий-дипломатиялык жол менен гана чечилиши…

Прочитайте больше

Путин Ооганстандын азыркы бийлиги менен иштешүүгө чакырды

Путин Ооганстандын азыркы бийлиги менен иштешүүгө чакырды

 Россиянын президенти Владимир Путин Астанада “Россия-Борбор Азия” саммитинде Ооганстандын азыркы бийлиги менен иштешүү зарыл экенин билдирди. Анын айтымында азыркы ооган бийлиги менен иштешүү – бул багыттагы иштерди кылдат талдоо жана аракеттерди координациялоо предмети болуп саналат. “Албетте, биз Ооганстандын азыркы бийлиги менен иштешибиз керек, бул позицияны баарыңыздар билесиздер. Бирок бул биздин бардык мамлекеттер үчүн ушул багытттагы ишибизди кылдат талдоо жана координациялоонун өтө маанилүү болгон предмети. Россия бул жаатта сиздер менен тыгыз байланышта иш алып барууга даяр”, – деди Путин….

Прочитайте больше

КМШ башчыларынын саммиттинде бир катар документтерге кол коюлду. Тизме

КМШ башчыларынын саммиттинде бир катар документтерге кол коюлду. Тизме

Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда, КМШнын мамлекет башчыларынын жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Кол коюлган документтер: 🔵 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө (Эскертүү — КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө); 🔵 Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШ Аткаруу катчысы жөнүндө; 🔵 КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;…

Прочитайте больше

Президент Жапаров чек арадагы талашты тынч жол менен чечүү керектигин айтты

Президент Жапаров чек арадагы талашты тынч жол менен чечүү керектигин айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин негизги жана өзгөрүүсүз принциби – ага мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо экенин айтып, чек арадагы талаштуу маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүү зарыл экенин кайталады. Бул тууралуу мамлекет башчы, бүгүн 14-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди. “Мамлекет башчысы бири-биринин аймактык бүтүндүгүн урматтоо жана азыркы чек аралардын…

Прочитайте больше

2023-жылы КМШ уюмуна Кыргызстан төрагалык кылат

2023-жылы КМШ уюмуна Кыргызстан төрагалык кылат

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ага ылайык, КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтүп, кеңешменин 2023-жылдагы жыйыны Бишкек шаарында өтмөй болду. Мындан сырткары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин өнүктүрүүдө мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын ролу, КМШнын алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө документке…

Прочитайте больше

Аз жештин пайдалары

Аз жештин пайдалары

Суроо: Орозо кармап, ачка болуунун кандай пайдалары бар? ЖООП: Орозо кармоо башка, ачка болуу башка. Ачка болуунун пайдалары: 1-Ачка болгондун басирети (көрөгөчтүгү, даанышмандыгы) ачылат. Түшүнүү жөндөмү күчөйт. Хадиси шарифте: “Ачка болгон адамдын түшүнүгү артат, зээни (акылы) ачылат” жана “Тафаккур (ой жүгүртүү) ибадаттын жарымы, аз жеш болсо бүтүнү”, – деп айтылган. (И. Газали) Көп жеген адам көп уктайт. Көп уктаган адамдын болсо өмүрү текке кетет. Көп жеген адамдын акылы жана зээни начарлайт. Хадиси шарифте мындай делген: “Аллаху таала көп жеп-ичкен адамды сүйбөйт.” [И.Газали] 2-Ачкалык жүрөктө кылдаттыкты пайда…

Прочитайте больше
1 68 69 70 71 72 207