АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Бишкекке келди

АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Бишкекке келди

 АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Элизабет Трюдо Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Анда мамлекеттик катчынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдонун сапары басма сөз эркиндигин, гендерлик теңчиликти жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталганы айтылат. Трюдо Бишкек сапарынын алдында Өзбекстанда болгон. Буга чейин АКШнын мамлекеттик департаменти Трюдо Кыргызстандан тышкары Непал, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстанга да барарын билдирген. Маалыматта Трюдо Кыргызстандан ЖМК өкүлдөрү, уюмдар жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү…

Прочитайте больше

Эрдоган, Алиев жана Пашинян Прагада жолукту

Эрдоган, Алиев жана Пашинян Прагада жолукту

  Прагада Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ортомчулугу астында бей расмий жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу Европалык саясий шериктештиктин саммитинин алкагында өткөнүн Sputnik Türkiye сайты жарыялады.  Азербайжан президенти Илхам Алиев Армения тараптан жакшы ниет болсо, жыл аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн экенин билдирди. “Бир нече убакыт мурун мен Армения тараптан жакшы ниет болсо, жылдын аягына чейин тынчтык келишимине кол коюлушу мүмкүн деп айткам. Убакыт өтүп баратат, демилгелерибиз оңой менен алга жылбай жатат, тышкы…

Прочитайте больше

Иран лидери өлкөдөгү баш аламандыктардын артында ким турганын айтты

Иран лидери өлкөдөгү баш аламандыктардын артында ким турганын айтты

  Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлкөдө эки жумадан ашык убакыттан бери уланып жаткан масштабдуу нааразылык акциялары боюнча биринчи жолу комментарий берди. Ал өлкөдөгү башаламандыктарды уюштурууга АКШ менен Израилди күнөөлөдү. Хаменеи  башаламандык жаратып, Куранга, мечитке, хижабка, банкка, элдин унааларына  кол салуулар алдын ала пландалганын билдирди. Хаменеи Тегеранда студенттердин тобу – келечектеги полициячылар менен жолугушуу учурунда өлкөдөгү башаламандыктар менен толкундоолорду Америка, сионисттик режим жана алардын тыңчылары чет өлкөдө жүргөн бир нече саткын ирандыктардын жардамы менен жасаганы…

Прочитайте больше

Путин Запорожье АЭСин Россиянын менчигине өткөрүү жарлыгына кол койду

Путин Запорожье АЭСин Россиянын менчигине өткөрүү жарлыгына кол койду

Россиянын президенти Владимир Путин өкмөттү Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) объектилерди федералдык менчикке алууга милдеттендирген жарлыкка кол койду. Алты энергоблогу бар бул атомдук электр станция Европадагы ири АЭС болуп эсептелет. Ал Украинанын Россия көзөмөлгө алган Запорожье облусунун Энергодар шаарында жайгашкан. Путин 5-октябрда Украинанын төрт аймагын, анын ичинде Запорожье облусун да аннексиялоо тууралуу конституциялык мыйзамдарга кол койгон. Путиндин жарлыгына ылайык, “Запорожье АЭСи” деп аталган мамлекеттик ишкана түзүлүп, ага станциянын бардык мүлкү өткөрүлүшү керек. Аны иштетүү менен “Запорожье АЭСин…

Прочитайте больше

Мобилизация башталгандан бери Россиядан 700миң киши чыгып кетти

Мобилизация башталгандан бери Россиядан 700миң киши чыгып кетти

 ПрезидентВладимир Путин аскердик мобилизация жарыялагандан кийинки эки жума аралыгында Россиядан 700 миңдей киши чыгып кетти. Бул тууралуу Forbes журналы Россия президентинин администрациясындагы өз булагына таянуу менен билдирди. Кремлдеги маалыматтар менен тааныш булак мобилизация башталгандан бери өлкөдөн 1 млн киши чыгып кеткенин кабарлаган. Бирок администрациядагы башка бир булак кеп 600-700 миң россиялык жөнүндө болуп жатканын айткан. Ошол эле маалда алардын канчасы туризм максатында чыкканын аныктоо кыйын экенин белгилеген. Буга чейин Казакстандын ички иштер министри 21-сентябрдан бери өлкөгө…

Прочитайте больше

Зеленский Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартуу боюнча буйрукка кол койду

Зеленский Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартуу боюнча буйрукка кол койду

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-сентябрда коопсуздук жана коргоо кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимди ишке киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Документте Россиянын азыркы президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эместиги айтылат. Чечим Россиянын украин аймактарын аннексиялап алуусуна байланыштуу кабыл алынган. Зеленскийдин буйругу кечээ, 4-октябрда жарыяланды. Буга чейин Зеленский сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү чакырып келген, бирок Россиянын курамына жаңы аймактарды киргизүү боюнча келишимдерге кол койгондон кийин, ал эми сүйлөшүүлөрдү “Россиянын башка президенти менен жүргүзө турганын” баса белгилеген. Кремль Киевдин…

Прочитайте больше

Рамзан Кадыров жашы жете элек балдарын Украинага жөнөтөрүн билдирди. Видео

Рамзан Кадыров жашы жете элек балдарын Украинага жөнөтөрүн билдирди. Видео

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жашы жете элек уулдарын Украинадагы аскердик атайын операцияга жибергени жатканын билдирди. Ал ошондой эле уулдары “байланыш линиясынын эң татаал тилкелеринде болушарын” убадалады. Кадыров өзүнүн Telegram-каналына 18 жашка чейинки курак эркектерди аскердик иштерге үйрөтүүгө тоскоол болбошу керектигин жазды. Чеченстандын башчысы анын 16, 15 жана 14 жаштагы Ахмат, Эли жана Адам аттуу үч уулу бар экенин белгиледи. Ошондой эле ал уулдарынын аскердик даярдыктары кичине кезинен эле башталганын тактады. “Ахмат, Эли жана Адам аскердик…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк банк Баткен облусуна 50млн. доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Баткен облусуна 50млн. доллар бөлөт

Бул тууралуу 3-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков менен Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушуусунда айтылды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Султанбай Айжигитов, Нилуфар Алимжанова, Шайлообек Атазов, Миргүл Темирбаева, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова жана Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хассан Накви катышты. Анда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кайгылуу окуяларды талкуулашты….

Прочитайте больше

Россияда мобилизация башталгандан бери Казакстанга 200миң россиялык кирди

Россияда мобилизация башталгандан бери Казакстанга 200миң россиялык кирди

  Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан бери Казакстанга 200 миңден ашуун россиялык жаран кирген. Бул тууралуу республиканын ички иштер министри Мурат Ахметжанов өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, Казакстанга кирген россиялыктардын 70 миңи жеке идентификациялык номер алышкан.  “21-сентябрдан бери Казакстанга 200 миңден ашуун орус жараны кирсе, бүгүнкү күндө 147 миңден ашууну өлкөдөн чыгып кетти”, — деди Ахметжанов. Министр белгилегендей, 3-октябрда коңшу өлкөнүн 7 миңден ашуун жараны Казакстанга кирип, 11 миңге жакыны чыгып кеткен.“Келгендер кетип жатышат. Баары миграциянын…

Прочитайте больше

Акылбек Жапаров ЖККУнун башкы катчысына Тажикстандын аскерий басып кириши жөнүндө маалымат берди

Акылбек Жапаров ЖККУнун башкы катчысына Тажикстандын аскерий басып кириши жөнүндө маалымат берди

 Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды.Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда аймактык коопсуздук маселелери талкууланды. Жапаров маектешине жакында Тажикстандын Кыргызстандын аймагына аскерий басып кириши жөнүндө маалымат берди. Тажик тараптын кол салуусунун натыйжасында Кыргызстандын Баткен облусунун чек арага жакын айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилер талкаланган. Тактап айтканда, 12 мектеп, 11 бала бакча жабыркап, 612 үй дээрлик толугу менен күйүп кеткен. Кыргызстандын 63…

Прочитайте больше

Жо Байден 2024-жылыда президенттик шайлоого катышат

Жо Байден 2024-жылыда президенттик шайлоого катышат

АКШнын проезиденти Жо Байден мөөнөтү бүткөн соң 2024-жылы кайрадан президенттикке талапкерлигин коёт. Бул тууралуу ал укук коргоочу жана теле алып баруучу Эл Шарптон менен болгон маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. Иран эли президенттикке кандай адамды шайлашат?Эске салсак, буга чейин Байдендин тарапташтары ал келерки президенттик шайлоодо да талапкерлигин коерун айтып келишкен, бирок, учурдагы президент бул тууралуу өзү үн ката элек болчу. Ак үй Байден кайрадан шайлоого катышуу ниети бар экенин бир нече жолу билдирген. Ак үйдүн…

Прочитайте больше

Тажикстандын агрессиясы тууралуу Европа Биримдигине маалымат берилди

Тажикстандын агрессиясы тууралуу Европа Биримдигине маалымат берилди

 Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор мырза менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган укук коргоо мекемесинин маалымат кызматы билдирди. Анда  А. Абдрахматова Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор мырзадан Баткен облусунун тынч элине каршы тажик аскерлеринин адамкерчиликсиз, куралдуу агрессиясын чечкиндүү айыптоо менен Тажикстанды чек ара айылдарынын жай тургундарына каршы куралдуу жана башка чагымчыл аракеттерди токтотууга мажбурлоо чараларын көрүүсүн өтүндү. Жайкын элге каршы жасалган бардык кылмыштар үчүн жоопкерчилик болоорун Тажикистанга…

Прочитайте больше

“Түндүк агым” куурларынан газдын агып чыгышы токтоду

“Түндүк агым” куурларынан газдын агып чыгышы токтоду

Балтика деңизиндеги “Түндүк агым-1” жана “Түндүк агым-2” куурларынан газдын агып чыгышы токтогонун Даниянын Энергетика агенттиги билдирди. “Nord Stream 2 AG компаниясы Даниянын Энергетика агенттигине учурда куурдун ичинде туруктуу басым пайда болгонун кабарлады,” – деп жазылат билдирүүдө. Орусиянын “Газпром” компаниясынын маалыматына ылайык, жарылган куурлардын ичинде 800 миллион куб метр газ болгон. Мындай көлөмдү Дания үч айда керектейт. БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы бул тарыхтагы метан газынын эң ири көлөмдө сыртка чыккан учуру экенин билдирди. Канаданын GHGSat уюмунун…

Прочитайте больше

Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт

Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызматка чакырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтардын таркашына байланыштуу билдирүү таратты. Элчилик бул маалыматтарды төгүндөп, жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды. “Элчилик социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет”, – деп жазылган маалыматта.

Прочитайте больше

Индонезия: стадиондогу тополоңдо мерт болгондордун саны 174кө жетти

Индонезия: стадиондогу тополоңдо мерт болгондордун саны 174кө жетти

Индонезияда Ява аралындагы футболдук беттеш учурунда чыккан башаламандыкта бери дегенде 174 киши каза болгонун жергиликтүү полиция билдирди. Дагы 11 кишинин жарааты оор экени айтылды. Түрдүү жараат алгандардын айрымдары ооруканада. Буга чейин 180 киши жараат алганы кабарланган. Индонезиянын Arema жана Persebaya Surabaya футбол командаларынын беттеши 1-октябрда Маланг шаарындагы Канжурухан стадионунда өткөн. Arema 2:3 эсебинде утулганына нааразы болгон күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыккан жана тыгында көбү тебеленип калган. Полициянын тополоңду токтотуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгону…

Прочитайте больше
1 70 71 72 73 74 207