Муаммар Каддафинин уулу түрмөдөн чыкты

Муаммар Каддафинин уулу түрмөдөн чыкты

Ливиянын мурдагы диктаторунун уулу Аль-Саъеди Каддафи түрмөдөн бошотулганын өлкөнүн бийликтери жарыялашты. Белгилей кетсек, Аль-Саъеди 2011-жылы Араб жазы көтөрүлүшү учурунда бийликтен кулатылган диктатор Муаммар Каддафинин үчүнчү уулу.Ал-Саъеди Каддафи абактан чыккандан көп өтпөй Стамбулга учуп келгени айтылууда.Кээ бир маалыматтарга ылайык, маалымат булактары Каддафинин уулу өлкөнүн жогорку өкүлдөрү, ошондой эле Ливиянын премьер-министри Абдель Хамид Дабиба менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулганын ырасташкан. Сүйлөшүүгө Ливиянын мурдагы ички иштер министри Фатхи Башака да катышкан.Эске салсак, Саъеди Каддафи 2018-жылы Ливиянын Юстиция министрлиги тарабынан “киши өлтүрүү, алдамчылык, коркутуу, кулчулук жана мурдагы…

Прочитайте больше

Иранда коронавирус күнүнө 600дөн ашуун адамдын өмүрүн алууда

Иранда коронавирус күнүнө 600дөн ашуун адамдын өмүрүн алууда

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкөдө 25, 870 жаңы коронавирустук учур катталып, 610 бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомчулук менен байланыш жана маалымат борбору мындай деп жарыялады: Кечээтен баштап, 2021-жылдын 5-сентябрына чейин жана акыркы диагностикалык критерийлердин негизинде, өлкөдө COVID-19 менен 25 870 жаңы бейтап аныкталып, алардын ичинен 3,430у ооруканага жаткырылган.Белгилей кетсек, өлкөдө COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 5 млн. 129 миң 407 адамга жетти.Акыркы 24 саатта коронавирус 610 бейтаптын өмүрүн алып, курмандыктардын…

Прочитайте больше

Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөт

Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөт

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусуна катышуу үчүн 5-сентябрда Казакстандын аскердик контингенти Кыргызстандагы 20636 аскер бөлүгүнө келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.Кыргызстандагы “Эдельвейс” полигонунда “Рубеж-2021” деп аталган аскердик машыгуу 7-9-сентябрда өтөт. Ага Орусия баш болгон ЖККУга мүчө мамлекеттердин армиясы катышат. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлүп жатат. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап…

Прочитайте больше

“Аль-Каида» менен “Талибан” бирикти

“Аль-Каида» менен “Талибан” бирикти

“Аль-Каида” террордук уюмунун согушкерлери Панжшер провинциясын басып алууга аракет кылган талибдерге кошулушту. “Аль-Каида” менен “Талибан” согушкерлеринин бириккени тууралуу Al Arabiya телеканалы билдирди. Бул тууралуу Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун өкүлү: “Аль-Каиданын” согушкерлери Панжшерге кол салуу үчүн талибдерге кошулду”,- деди.Эске салсак, өткөн аптада башталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн майнапсыздыгынын натыйжасында талиптер Панжшердеги каршылыктарга каршы аскердик операция баштаган.Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун өкүлү Фахим Дашти талиптер тынчтык жолу менен жөнгө салууга берилгендиктерин, бирок согуш баштоого да даяр экенин билдирген.

Прочитайте больше

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. куб метрден ашты

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. куб метрден ашты

“Электр станциялар” ААКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 3-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12, 042 млрд. метр кубга жетти. Суу сактагычка суткасына орто эсеп менен 380 метр куб суу агып келип, 172 метр куб суу чыгып жатат. Токтогул суу сактагычындагы суунун максималдуу көлөмү – 19,5 млрд. метр куб. 17 млрд. деңгээл “нормалдуу” деп саналат. Мындан ылдыйлаганда электр кубатынын подстанцияларына ашыкча күч келип, жарык өчүп калышы мүмкүндүгү айтылып келет.Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСи – Кыргызстандагы эң ири гидроэлектр…

Прочитайте больше

«Танк биатлону – 2021»: Кыргызстандын командасы Тажикстанды артка калтырып биринчи орунду ээледи

«Танк биатлону – 2021»: Кыргызстандын командасы Тажикстанды артка калтырып биринчи орунду ээледи

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танк экипаждарынын курамасы Россиянын Алабино аскер машыгуу полигонунда өткөн “Танк биатлону – 2021” таймашынын жеңүүчүсү болгонун “Кабар” агенттиги жазды. Кыргызстандын командасы биатлондун экинчи дивизионунда күчүн сынады. Таймаштын финалында кыргыз аскерлери Тажикстан, Мьянма жана Түштүк Осетиянын командалары менен жарышып, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Тажикстан, үчүнчү орунду Мьянма алды. Эстафета түрү боюнча жарышта кыргыз танкисттери 24 бутанын ичинен 11ине тийип, башка атаандаштарына караганда алдыга чыкты. Ал эми маарага 2 саат 16 мүнөтт 51…

Прочитайте больше

Ооганстандын өкмөтүн Абдул Гани Барадар жетектеши мүмкүн

Ооганстандын өкмөтүн Абдул Гани Барадар жетектеши мүмкүн

Буга чейин Ооганстандын  өкмөтүн талиптердин лидери Хайбатулла Ахунзад жетектээри айтылган. Бирок, кийинчерээк молдо Абдул Гани Барадар Ооганстандын өкмөт башчысы болуп калышы мүмкүн экени кабарланган. Ошондой эле, жетекчилик кызматтарга жаңы талапкерлер белгилүү болду: молдо Мухаммад Якуб жана Шер Мухаммад Аббас.Бул маалыматты Рейтер агенттиги “Талибан” кыймылынын бир нече булактарына таянып кабарлады.Белгилей кетсек, буга чейин Барадар Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин башчылыгына талапкер экени айтылган.Учурда Коргоо министрлигинин башчысынын кызматын Американын Гуантанамо түрмөсүнүн мурдагы туткуну Абдул Каюм Закир ээлейт.Эске салсак, Ооганстан өзүнүн болочок өкмөтүн түзүү процесси акыркы этабына кирди.

Прочитайте больше

Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө кайсы?

Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө кайсы?

Австралиянын Экономика жана Тынчтык Институту түзгөн дүйнө өлкөлөрүнүн тынчтыктын жылдык рейтингинде курал-жарак эң көп импорттогон өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланган. Бул жаатта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстан курал-жарак импорттоо боюнча алдыга чыккан. Ошондой эле курал импортунун эң чоң өсүшү Арменияда, Түркмөнстанда жана Катарда катталган. Жалпысынан бул көрсөткүч изилдөөдө чагылдырылган 163 өлкөнүн 92синде жогорулап, орточо өсүш 4%ды түздү.Албетте, 2021 -жылы курал импорту боюнча көрсөткүчтөрдүн эң начарлашы бүткүл дүйнөдө байкалат.Жалпысынан Түркмөнстан 2154 упай топтоп, тынчтык рейтингинде 109 -орунду ээледи…

Прочитайте больше

АКШда «Ида» бороону 44 адамдын өмүрүн алды (видео)

АКШда «Ида» бороону 44 адамдын өмүрүн алды (видео)

АКШнын түндүк-чыгышындагы төрт штатта болгон суу ташкынынан кеминде 44 киши каза болду. Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Нью-Йорктун метро линияларын суу каптап, ошондой эле авиакомпаниялардын каттамдары токтотулду, деп билдирет Reuters.Кырсык өлкөнүн Чыгыш жээгин каптап, Нью-Йорк баш болгон көптөгөн шаарларды суу каптады.“Ида” бороонунан улам бул аймакта катуу жамгыр жаап, көчөлөрдү, жер өтмөктөрдү, ошондой эле жер төлөлөрдөгү жана биринчи кабаттардагы турак жайларды суу каптады.Жергиликтүү бийлик учурда табигый кырсыктан кеминде 44 адам каза болгонун тастыктады.АКШнын президенти Жо Байден Нью-Йорк жана Нью-Жерсинин…

Прочитайте больше

Владимир Зеленский менен Жо Байдендин сүйлөшүүлөрү кандай аяктады?

Владимир Зеленский менен Жо Байдендин сүйлөшүүлөрү кандай аяктады?

АКШ Крымдын Орусияга кошулушун тааныбайт. “Америка Кошмо Штаттары Украина менен бирге Орусияны баскынчылыгы үчүн жоопко тартуу үчүн ишин уланта берет”, – деп жазылган Зеленскийдин сайтында. Белгилей кетсек, Ак үйдө Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Жо Байдендин жеке жолугушуусу өттү.Мамлекет башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгында Украина президентинин расмий сайтында жарыяланган биргелешкен билдирүү жарыяланган.  Эки өлкөнүн башчыларынын күн тартибинде коопсуздук жана коргонуу, адам укуктары менен эркиндиктери, энергетикалык коопсуздук жана экономика темалары жана  президенттер климаттын өзгөрүүсү боюнча маселени талкуулашты. Мындан тышкары өлкөлөр…

Прочитайте больше

Ооган аялдары митингге чыгышты

Ооган аялдары митингге чыгышты

Ондогон аялдар Ооганстанда өз укуктарын коргоо үчүн нааразылык акциясына чыгышты, деп жазат Daily Mail. Ооганстандын Герат шаарында 70ке жакын аял нааразылык акциясына чыгышып, талибдердин жаңы жетекчилигинен аялдардын укуктарын сактоо жана кеңейтүүнү талап кылышты.Эске салсак, “Талибандын” биринчи бийлиги учурунда, алар 2001-жылы АКШ жетекчилиги тарабынан кулатылганга чейин, аялдар менен кыздар негизинен билим алуудан жана жумушка орношуудан куржалак калышкан.Ошондой эле “бурка кийүү” (бетин толук жапкан кийим) коомдук жайларда милдеттүү болуп калды. Аялдар эркектердин коштоосусуз үйдөн чыга алышчу эмес,…

Прочитайте больше

Өзбекстан «Талибан» менен алака түзүүдө

Өзбекстан «Талибан» менен алака түзүүдө

Ооганстанда талибандар бийликке келгенден бери коммерциялык жүктүн биринчи партиясы өлкөгө Өзбекстандан жеткирилген. Бул тууралуу  Pajhwok Ооган соода палатасынын билдирүүсүнө таянуу менен жарыялады.Белгилей кетсек, Өзбекстан Ооганстанга чектеш Балх провинциясындагы Хайратон порту аркылуу эки поезд менен товарларды жеткирип берген. Ал эми буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин Ооганстанга азык-түлүк жеткирүүгө даяр экенин жарыялаган.  Товарлардын арасында эң керектүү буюмдар жана азык-түлүктөр болгон.Ооган элине жардам көрсөтүү үчүн Мазари-Шариф (Балх провинциясы) багытындагы жалгыз темир жол болгон Термез-Хайратон көпүрөсү убактылуу ачылды.Шавкат Мирзиёевдин айтымында,…

Прочитайте больше

Ооганстан: «Талибан» Ирандагыдай жогорку лидери бар башкаруу системасын түзөт

Ооганстан: «Талибан» Ирандагыдай жогорку лидери бар башкаруу системасын түзөт

“Талибан” Ооганстанда Ирандагыдай башкаруу системасы менен Ислам республикасын түзөт. Бул тууралуу “News18” агенттиги өз булактарына таянып билдирди. Булактын айтымында, бийликтеги биринчи адам жогорку лидер болот – ал формалдуу мамлекет башчысы, ошондой эле эң жогорку саясий жана диний авторитет болп саналат. “News18” маалыматы боюнча, бул адам талибтердин учурдагы лидери Хайбатулла Ахундзада болот. Ал ошондой эле 11ден 72 адамдан турган Жогорку Кеңештин лидери болот. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектейт деп божомолдонууда. Ал учурда Талибандын саясий кеңсесин жетектеген мулла…

Прочитайте больше

Индияда белгисиз оорудан адамдар каза болуп жатышат

Индияда белгисиз оорудан адамдар каза болуп жатышат

Индиянын Уттар-Прадеш штатында акыркы бир аптанын ичинде белгисиз оорудан 68 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Белгисиз илдеттен акыркы бир сутка ичинде эле 12 киши көз жумган. Курман болгон 68 кишинин 40ы жаш балдар.   Маалыматка караганда, ооругандардын көпчүлүгүнүн дене табы көтөрүлүп, калчылдап, кандагы тромбоциттердин деңгээлинин төмөндөп кеткен. Айрымдарында катуу баш оору, булчуң оорусу, жүрөк айлануу жана лимфа түйүндөрүнүн шишүүсү сыяктуу денге синдромунун симптомдору байкалган. Табышмактуу оорууга чалдыгып жаткандарды…

Прочитайте больше

Пакистандын аскер күчтөрү чек арада оогандарга ок чыгарышты

Пакистандын аскер күчтөрү чек арада оогандарга ок чыгарышты

Пакистандын аскер күчтөрү Торхам өткөрмө бекетинин жанына өлкөгө мыйзамсыз кирүүнү каалаган ооган жарандарына карата ок чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнө шилтеме берип билдирди. Маалыматта айтылгандай, жалпысынан он адам чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан. Натыйжада үчөө каза болуп, бешөө жаракат алган. “Өлгөндөрдүн сөөгү чек ара бекетинде жатат”,- деп кошумчалаган агенттикке маалымат берген адам. Талибдер Кабулду ээлеп алган 15-августтан бери Ооганстандан чыгып кетүүнү көздөгөн качкындардын саны көбөйгөн. Алар кошуна Тажикстан, Өзбекстан, Иран,…

Прочитайте больше
1 135 136 137 138 139 185