Талибдер тургундарга кандай жаңы тартиптерди киргизишти?

Талибдер тургундарга кандай жаңы тартиптерди киргизишти?

Ооганстандын радикалдуу Талибан кыймылынын согушкерлери басып алган провинцияларында жаңы салыктарды киргизип, өз эрежелерин орното башташты. Бул тууралуу РИА Новостиге Тажикстандын чек арасында жайгашкан түндүк-чыгыштагы Тахар провинциясынын тургуну Абдулхалек Тахари билдирди.  «Талибандын жаңы мыйзамдары бардык адамдарга чектөө киргизди. Өзгөчө жеке иштерге, кийим кийгенге, аялдардын көчөгө чыгуулары боюнча, ж.б…Ошондой эле жаштар кийимдердин айрым түрлөрүн гана кийүүгө мажбур болушууда жана чачтарын кыркууга болбойт. Телефондор дагы текшерилет, эгерде аларда талибдердин көз карашы боюнча тыюу салынган жана ылайыксыз нерселер табылса,…

Прочитайте больше

Кыргызстандын тоолорунда чет элдик альпинисттердин өлүмү көбөйдү

Кыргызстандын тоолорунда чет элдик альпинисттердин өлүмү көбөйдү

Акыркы бир жуманын ичинде чет өлкөлүк төрт альпинист Кыргызстандагы Тянь -Шандын эң бийик – Победа жана Хан Тенгри чокуларына чыгуу учурунда каза болушту. Июль-август айлары Тянь-Шанга чыгуу үчүн идеалдуу убакыт. Кыргызстанга дүйнөнүн булуң -бурчунан ондогон альпинисттер келет жана алар Победа жана Хан-Тенгри чокуларына барышат.  Албетте, бардык спортчулар физикалык жана техникалык жактан даяр болушу керек жана 10-14 күндүн ичинде бийик тоолуу климатташтыруудан өтүшү зарыл. Ар бир альпинист бийкке чыгуу менен байланышкан бардык тобокелчиликтерге кошулат, анткени Победа…

Прочитайте больше

Жаңы божомол: Коронавирус адамга лабораторияда жуккан

Жаңы божомол: Коронавирус адамга лабораторияда жуккан

Даниялык окумуштуу Питер Эмбаректин жаңы изилдөөлөрү коронавирус адамга алгачкы жолу лабораторияда жуккан болушу мүмкүн экенин көрсөттү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер тобу билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. ДССУнун эксперттер тобунун жетекчиси Питер Эмбарек акыркы изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча COVID-19 алгачкы жолу адамга лабораторияда же талаадагы изилдөөлөр маалында жуккан болушу мүмкүн деген тыянак чыгарды. Ошол эле учурда бул божомол экенин,бирок, пандемия бир кишинин жарганаттан оору жуктуруп алганы менен башталган болушу толук мүмкүн экенин баса белгиледи. “Үлгүлөрдү…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров мектептерде акча чогултуу демилгесине каршы чыкты

Президент Садыр Жапаров мектептерде акча чогултуу демилгесине каршы чыкты

Билим берүү министрлиги аркылуу алдыраак мектептерде кошумча акча чогултуу боюнча берилген сунушу, өлкөнүн президенти Садыр Жапаров аркылуу четке кагылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин министр Болотбек Купешев, окуучулардын ата-энелерине шаардык мектептерде  1000 сом, ал эми айылдык мектептерде 800 сомго чейин кошумча төлөө варианттарын сунуштаган. Билим берүү министрлигинин мындай сунуштары коомчулукта, айрыкча көп балалуу ата-энелердин нааразы пикирлерин жараткан. Маселеге байланыштуу, өлкөнүн президенти билдирүү жасап мындай деген: Мектептерде кошумча акча чогултууга…

Прочитайте больше

Түркияда селден каза болгондордун саны 27ге жетти

Түркияда селден каза болгондордун саны 27ге жетти

Түркиянын Кара деңиз жээгинде селдин кесепетинен улам жүздөгөн калктуу конуштар электр жарыгысыз жарыксыз калып, бир катар негизги магистралдарда транспорт кыймылы жабылды. Түркияда суу ташкынынан жана селден жабыркагандардын саны 27ге жеткенин РИА Новости билдирди. Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Кара деңиздин жээгиндеги Кастамону жана Синоп провинцияларында суу ташкындады. Бир күн мурун өлкө президенти Режеп Эрдоган 17 адам каза болгонун билдирген. “Кастамонудагы сел жана суу ташкындары 25 кишинин өмүрүн алды, дагы экөө Синопто, бирөө Бартында дайынсыз жоголду”, – деп…

Прочитайте больше

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды. Билим берүү жана илим министрлиги белгилегендей, билим берүү процессин салттуу окутууну кайра баштоодо коомдук саламаттыкты сактоо маселелери, мындай форматтын пайдасы жана тобокелчилиги жана башка факторлору эске алынышы керек. Учурда билим берүүнүн бардык…

Прочитайте больше

Жириновский орустарды кемсинткен азербайжандык дипломатка кылмыш ишин ачууну талап кылды

Жириновский орустарды кемсинткен азербайжандык дипломатка кылмыш ишин ачууну талап кылды

ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский Азербайжан дипломатынын билдирүүсүнөн кийин Азербайжан президенти Илхам Алиевден дипломатка каршы кылмыш ишин козгоону талап кылды. Орусиянын саясатчысы азербайжандык дипломаттын билдирүүсүн “бардык орусиялыктарды мазактоо” деп  атады.  Бул тууралуу ал YouTube каналынын SolovyovLive эфиринде билдирди. Белгилей кетсек, мурда Азербайжанда Беларусь, Молдова жана Пакистанда элчиси болуп иштеген Исфандияр Вагабзаде социалдык тармактарда “орус улутун” мазактоо менен сүйлөп жаткан видео пайда болгон. Жириновскийдин айтымында азербайжандык дипломат өз сөзүндө “чочколор”, “эшек” жана башка терминдерди колдонгон.  «Биз Азербайжанга…

Прочитайте больше

ММК: Талибан Кабулду бир-үч айдын ичинде колго алат

ММК: Талибан Кабулду бир-үч айдын ичинде колго алат

Америкалык аскерлер Ооганстандагы кырдаал тездик менен начарлап баратканын жана Талибан кыймылы өлкөнүн борборун бир-үч айдын ичинде басып алышы мүмкүн экендигин билдиришти. Бул тууралуу The Washington Post гезити Пентагондогу булактарына таянып жазып чыкты. Белгилей кетсек, талибандар америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан кийин акыркы бир нече жума ичинде өлкөдөгү чабуулдарын кыйла күчөтүшүп, 34 провинциясын дагы алты административдик борборлорун ээлеп алышкан. Эксперттердин айтымында 2-3 ай аралыгында талибандар Кабулду колго алышышы мүмкүн, ошентип 9га жетпеген провинция калат. Кызыл Крест учурда…

Прочитайте больше

Ооганстандын бийлиги өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөй албай калды

Ооганстандын бийлиги өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөй албай калды

Талибдердин билдирүүсү боюнча,  Ооганстандагы кырдаал өкмөттүн көзөмөлүнөн толугу менен чыгып кеткен.  Бул тууралуу РИА Новостиге радикалдуу талибдер кыймылынын расмий өкүлү Забиулла Мужахид билдирди.«Абал толугу менен өкмөттүн көзөмөлүндө эмес, Мазари-Шариф жакында кулайт. Биз дагы орточо ылдамдык менен калган башка шаарларга көчүүгө аракет кылып жатабыз », – деди ал.Белгилей кетсек, акыркы айда америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгып кетүүсүнөн улам, талибдер өлкөдөгү чабуулдарын кыйла күчөтүштү. Эске салсак, 6 -августта талибтер Ооганстандын түштүк – батышындагы Нимроз провинциясынын борбору Заранжды ээлеп алышканын жарыялашкан. Зарандж…

Прочитайте больше

Сауд Аравиясында алгачкы жолу аялдарга мечиттерде иштөөгө уруксат берилди

Сауд Аравиясында алгачкы жолу аялдарга мечиттерде иштөөгө уруксат берилди

БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. Мединадагы эки ыйык мечиттин башкармалыгынын мүдүрү шейх Абдель Рахман ибн Абдель Азиз аль-Судейс тарыхта биринчи жолу эки аялды жардамчы кылып жалдады. Алар;  Аль-Ануд аль-Абуд жана Фатима аль-Рашуд деген айымдар.Белгилей кетсек, кыз-келиндерден дагы бир нече өкүл диний аппаратты өнүктүрүү боюнча бир катар багыттардын башчылары болуп дайындалышты. Мындан тышкары, Сауд Аравия дагы 320 аялды мечит иштери боюнча кийинки кызматтарга окутуу ниетин жарыялады. Эске сала кетсек, буга чейин ажылык-2021 учурунда Сауд Аравиясынын коопсуздук кызматтарында кыз-келиндер ажыларды коргоо иштерине биринчи жолу тартылгандыгы маалымдалган.

Прочитайте больше

Кыргызстанда коронавирус статистикасы төмөндөдү

Кыргызстанда коронавирус статистикасы төмөндөдү

Республикалык штаб 11 -августта эртең менен коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы жарыялады. Маалыматка ылайык, бүгүн, 11 -августка карата өлкө боюнча коронавирустун 382 учуру катталган.Белгилей кетсек, жаңы жуктуруп алган учурлардын күндөн күнгө азайышы, өлкөдө бул оорунун туу чокусунан өткөнүн айгинелейт.Ошентсе да, COVID-19га байланыштуу өлүмдөрдүн саны азая элек жана айрыкча Бишкекте коронавирстук учурлар дагы эле алдыңкы көрсөткүчтө.Бүгүн эртең мененки көрсөткүч боюнча Бишкек – 218; Ош – 5; Чүй облусу – 52; Ош облусу – 17; Талас району…

Прочитайте больше

Калифорния мындай өрттү көргөн эмес – 500дөн ашык турак жай күлгө айланды

Калифорния мындай өрттү көргөн эмес – 500дөн ашык турак жай күлгө айланды

АКШнын Калифорния штатынын тарыхындагы эң ири токой өртү дагы деле уланууда, өрт өчүрүүчүлөр калктуу конуштарды өрттөн коргоого аракет кылып жатышат, деп жазат AP. 10-августка карата өрт 1000ден ашуун имаратты, анын ичинде 550гө жакын үйдү жок кылды. Гринвилл чакан шаарынын көбү өткөн аптада өрттөнүп кеткен. “Дикси” өртү түндүк Сьерра-Невадагы 14 000дей имаратка коркунуч туудурууда. Калифорниянын токой чарбасы жана өрттөн коргоо департаментинин маалыматы боюнча, 14 -июлда чыккан өрт шейшемби күнү 1983 чарчы километрге чейин көбөйгөн. Губернатор Гэвин…

Прочитайте больше

Орус кызды калькулятор менен чапкан кыргыз жаранга Орусияга кирүүгө тыюу салынды

Орус кызды калькулятор менен чапкан кыргыз жаранга Орусияга кирүүгө тыюу салынды

Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлиги “SMagic” балдар паркындагы кассадагы кызды чапкан Кыргызстандын жаранына 10 жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Белгилей кетсек, Орусиянын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын Бишкектеги Технопарк соода жана оюн-зоок борборунда орус тилдүү кызга кол салууга байланыштуу болгон окуяны текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде, өлкөгө кирүугө уруксат бербөө чечимин кабыл алды.“1992 – жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А. Али (Орусия Федерациясынан чыгуу жана кирүү тартиби жөнүндө) федералдык мыйзамдын 27 -беренесинин биринчи бөлүгүнүн 1 – пунктчасына ылайык,…

Прочитайте больше

NASA Марс планетасындагыдай жашоо үчүн ыктыярчыларды издейт

NASA Марс планетасындагыдай жашоо үчүн ыктыярчыларды издейт

АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос башкармалыгы (NASA) бир жыл бою Марс планетасында жашап жаткандай обочолонууга даяр ыктыярчыларды издеп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, аталган агенттик адам баласын Марска жиберүү максатында эксперимент өткөрмөкчү.  Ыктыярчылар бир жыл бою обочолонуп жашашат жана алар үчүн космостук сейилдөөлөрдү жана жабдуулардын иштебей калышына окшоштурулган атайын программалар даярдалган. 160 чарчы метрлик аянт төрт бөлмөгө бөлүнүп, жанында медициналык станция дагы болот. Бирок, аларга тышкы дүйнө менен байланышта чектөө коюлат жана ресурстары, тамак-ашы…

Прочитайте больше

Сауд Аравия шииттерге карата жаңы позициясын билдирди

Сауд Аравия шииттерге карата жаңы позициясын билдирди

“Ислам дүйнөсү” лигасы Меккеде суннит-шиит форумун өткөрдү. Бул иш -чараны Сауд Арабиясынын дүйнөдөгү ислам иштери боюнча статусуна ээ болгон Ислам дүйнөсү лигасы уюштурган.Иш -чаранын жүрүшүндө мусулмандардын биримдиги концепциясы жарыяланды.Ислам дүйнөсү лигасынын башкы катчысы Мухаммед бин Абд ал-Карим аль-Иса конференциянын ачылышында сүйлөп, мусулмандар биримдигинин концепциясын айтып, бул Эр-Рияддын шиит маселеси боюнча иш жүзүндө расмий позициясы экенин билдирди.“Биз сунниттер менен шииттердин ортосунда бир туугандык түшүнүктөн, үлгүлүү жанаша жашоодон, бири -бирине жардам берүүдөн жана бири -бирин чын жүрөктөн…

Прочитайте больше
1 134 135 136 137 138 180