Кыргызстанда уран иштетүүгө уруксат берилеби?

Кыргызстанда уран иштетүүгө уруксат берилеби?

Кыргызстанда уранды иштетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарылды. Мындай демилгени Энергетика жана өнөр жай министрлиги көтөрүп чыкты. Мыйзам долбоорунда курамында уран жана торий бар чийки заттарды жана калдыктарды өлкөгө алып келүүгө, жеке жана юридикалык жактарга уран, торий кендерин иштетүүгө мурункудай эле тыюу салынары айтылат. Бирок, ошол эле учурда 100 пайыздык мамлекеттик үлүшү бар чарба субъекттери менен мамлекеттик ишканаларга уран, торий кендерин, радиактивдүү калдык сактоочу жайларды иштетүүгө уруксат берүү сунушталган. Эгер докмент…

Прочитайте больше

Путин менен Башар Асад бейрасмий жолугушту

Путин менен Башар Асад бейрасмий жолугушту

Орусия менен Сириянын президенттери Владимир Путин жана Башар Асад Кремлде жолугушту. – Бул иш сапар алдын ала жарыяланган жок, – деп билдирди РИА Новости.Путин иш-чаранын башталышында мындай деп сүйлөдү: “Мен Сизди Москвада дагы бир жолу тосуп алганыма абдан кубанычтамын. Жана биринчи кезекте Сизди жакында боло турган туулган күнүңүз менен куттуктагым келет.”Жолугушууда Орус лидери Сириядагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу да  мындай деди: “Жыйынтыктар адамдардын Сизге ишенээрин көрсөтүп турат жана мурунку жылдардагы бардык кыйынчылыктарга, трагедияга карабастан, алар дагы эле калыбына келүү процессин…

Прочитайте больше

«Талибан» Барадардын өлүмү тууралуу маалыматты четке какты

«Талибан» Барадардын өлүмү тууралуу маалыматты четке какты

Радикалдуу “Талибан” кыймылы Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысынын орун басары Абдул Гани Барадар өлтүрүлгөн же жарадар болгон деген маалымат каражаттарында чыккан маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу “Талибандын” Катардагы саясий кеңсесинин расмий өкүлү Мухаммад Сохаил Шахин брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, бул маалыматтар негизсиз жана чындыкка дал келбейт. Шахин аларды кескин түрдө четке кагарын баса белгиледи. Буга чейин талиптер Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн курамын жарыялаган. Өкмөттүн башчысы болуп кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири молдо Мухаммад Хасан Ахунд дайындалган. Анын орун…

Прочитайте больше

МАГАТЭ менен Иран өзөктүк келишим кризисин болтурбоо боюнча макулдашууга жетишти

МАГАТЭ менен Иран өзөктүк келишим кризисин болтурбоо боюнча макулдашууга жетишти

Бириккен Улуттар Уюмунун өзөктүк көзөмөл органынын башчысы менен Ирандын өзөктүк кызматтарынын башчысы Ирандын 2015 -жылкы өзөктүк келишимин калыбына келтирүү келечегине байланыштуу жаңы кризисти токтотуучу келишимге жетишти, деп билдирди Al Jazeera. Белгилей кетсек, атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси 12-сентябрда Тегеранга келип, Ирандын Атомдук энергия уюмунун жаңы дайындалган башчысы Мухаммад Ислами менен жолугушту.Эки тарап тең жолугушууну “конструктивдүү” деп атап, агенттиктин ушул айдын аягында Венада өтүүчү башкы конференциясынын алкагында талкууларды улантууну макулдашты.Учурдагы макулдашууларга ылайык, МАГАТЭ өз…

Прочитайте больше

Кыргызстанда жаңы окуу жылы мектептердин салтанаттуу линейкалары менен башталат

Кыргызстанда жаңы окуу жылы мектептердин салтанаттуу линейкалары менен башталат

Окуу жайларда 15-сентябрда салтанаттуу линейкалар өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди. Анын айтымында, департамент бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кеңешкен.«Министрлик линейка өткөрүлүүсүнө каршы эмес, салтанаттардын ачык асманда өтүшү баалуу. Эгер аба ырайы жол бербесе, анда графикке ылайык акт залдарында өткөрүлөт», – деди ал.Белгилей кетсек, быйыл окуу жылы адаттагыдай мектептерде салттуу режимде өтмөкчү. Пандемияга байланыштуу Билим берүү министрлиги ата-энелерди оорулуу балдарды мектепке, жогорку окуу жайларына жана бала бакчаларга бербөөнү суранды.«Бардык…

Прочитайте больше

Миңдеген оогандар кызамык оорусуна байланыштуу Германиянын авиабазасында калышты

Миңдеген оогандар кызамык оорусуна байланыштуу Германиянын авиабазасында калышты

Ооганстандагы 20 жылдык согуш учурунда Батыш күчтөрүнө жардам берген 9000ден ашуун оогандар АКШга уча алышпай, Германиядагы америкалык базада калышты, деп билдирди Deutsche Welle. Белгилей кетсек, мурдараак Кошмо Штаттарга учуп келген төрт оогандын кызамыкка чалдыкканы аныкталгандан кийин бийлик авиакаттамдарды токтоткон. Андан кийин, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) 9000 оогандыктар жайгашкан Рамштайн аба базасынан башка бардык каттамдарды токтотту.Берилген маалыматтарга караштуу, иликтөөлөрдөн соң Рамштайн базасында кызамык оорусу жок болуп чыккан.Учурда Рамштайндын аткаминерлери эвакуацияланган адамдар учак менен…

Прочитайте больше

Кыйтайда коронавирустун жаңы түрү пайда болду

Кыйтайда коронавирустун жаңы түрү пайда болду

Кытайдын Фуцзянь провинциясында коронавирустун жаңы түрүнүн очогу чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Кытайдын Путянь шаарынын Сянью уездинде алты кишиден жаңы типтеги коронавирус табылган. Учурда 18 адам симптому жок ооруп жатканы жана ошондой эле жергиликтүү тургундардан 81 938 адамдан анализ алынганы маалымдалды. Кытай бийлиги COVID-19дун жаны түрү тутанга Путянь шаарында чектөөлөрдү күчөттү. Кинотеатрлар, музейлер жана китепканалар жабылып, ресторандар жана башка коомдук тамактануу жайларынын иштөө убактысы чектелген. Маалыматка караганда, коронавирустун бул варианты өтө жугуштуу болгон…

Прочитайте больше

БУУнун Баш катчысы талиптердин бийликке келишинин кесепеттерин атады

БУУнун Баш катчысы талиптердин бийликке келишинин кесепеттерин атады

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Ооганстанда талиптердин бийликке тез келиши дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү террордук топторго дем бериши мүмкүн экенин айтты. “Мени дүйнөнүн ар кайсы бурчунда болуп жактан окуялар абдан тынчсыздандырат. “Талибан”  кыймылынын Ооганстанда жеңишке жетишкени, дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү башка террордук топторго дем бериши мүмкүн. Алардын талиптерден канчалык айырмаланары маанилүү эмес”, – деди Гутерреш маалымат жыйынында. Ал Ооганстан армия исламисттердин алдында кантип качып кете аларын көрсөткөнүн белгиледи. Гутерреш терроризмге жана көптөгөн өлкөлөрдүн ага каршы күрөшүүгө даяр…

Прочитайте больше

Бишкеке дагы 210 жаңы автобус алынып келди

Бишкеке дагы 210 жаңы автобус алынып келди

Бүгүн, 11-сентябрда Ала-Тоо аянтында жаңы автобустардын презентациясы болуп өттү. Бул жолу калаага экологияга зыян келтирбей турган, газ менен иштеген 210 автобус алынып келинди. Бүгүнкү күндө муниципалитет акырындык менен транспорт маселелерин чечип, түтүнгө каршы чараларды көрүүдө. Эскерте кетсек, Бишкек мэриясы “Эко Пассажир Транспорт” ЖЧКсы менен ушул жылдын аягына чейин 350 даана “СамАвто” ЖЧКсы (Өзбекстан) тарабынан чыгарылган япониялык “ISUZU” автобустарын алып келүү боюнча кызматташтык келишимине кол койгон. Келечекте өнөктөштөр 2022-2023-жылдарга карата түзүлгөн келишимдердин алкагында газ кыймылдаткычы менен иштеген…

Прочитайте больше

Индиянын үйлөнүү үлпөт тойлору Кыргызстанда өтөт

Индиянын үйлөнүү үлпөт тойлору Кыргызстанда өтөт

Индиялыктар үйлөнүү үлпөт тоюлорун Кыргызстанда өткөрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Индия-Евразия соода кеңешинин өкүлү Харвиндер Пал Мехта билдирди. Анын айтымында, индиялыктардын үйлөнүү тойлорун өлкөдө өткөрүү менен туризмдин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт. Тагыраак айтканда, индиялыктар Болливудду Кыргызстанда таанытууга жана Индиянын үйлөнүү үлпөтүн Кыргызстандын кооз жайларында өткөрүүгө кызыкдар. “Биз Кыргызстанды бал айына саякатка жана үйлөнүү үлпөтүнө айландыргыбыз келет. Бул үчүн биз пансионаттар, мейманканалар менен тыгыз иштешебиз. Биз абдан жемиштүү кызматташабыз”, – деди Харвиндер…

Прочитайте больше

Кыргызстанда тамекинин кесепетинен жыл сайын 6 миңден ашуун адам каза болот

Кыргызстанда тамекинин кесепетинен жыл сайын 6 миңден ашуун адам каза болот

Кыргызстанда жыл сайын тамеки чегүүгө байланыштуу ар кандай оорулардан 6 миңден ашуун адам каза болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда каза болгондордун 70%га жакыны жүрөк-кан тамыр, онкологиялык жана бронхопульмониялык оорулардан көз жумат. Министрлик тамекини колдонуу жынысына, жашына, расасына, маданиятына жана билимине карабай, ар бир адамдын ден соолугуна коркунуч туудурарын кошумчалады. Улуттук онкология жана гематология борборунун бөлүм башчысы Турусбек Абдылдаев онкология оорусу жыл сайын өсүп жатканын…

Прочитайте больше

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча келишим эмнеге жашыруун түзүлгөн?

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча келишим эмнеге жашыруун түзүлгөн?

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. 9-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле “Вега” радиокуруу концерни” акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Талкуу маалында депутаттар “Коопсуз шаар” долбоору боюнча түзүлгөн келишимдер жашыруун макамга ээ экенин белгилешип, мунун себебине кызыгышты. Тиешелүү тараптын өкүлү келишим эки жактын макулдугу менен…

Прочитайте больше

Америкалыктардын АКШнын тышкы согуштарына пикири кандай?

Америкалыктардын АКШнын тышкы согуштарына пикири кандай?

Америкалыктар тышкы коркунучтарга караганда ички экстремизмден көбүрөөк тынчсызданышат. Бул тууралуу Associated Press жана NORC Коомчулук менен байланыштар изилдөө борбору 11-сентябрдагы кол салуулардын 20 жылдыгына карата социалдык сурамжылоо уюштуруп аныкташты.Белгилей кетсек, АКШ жарандарынын үчтөн бири гана Ооганстандагы жана Ирактагы согуштарды “туура” деп эсептешет.Ал эми, тургундардын 65% ы ички экстремисттик топторго көбүрөөк тынчсызданышат.Изилдөөгө ылайык, америкалыктардын көпчүлүгүн чет өлкөдөн келген коркунучтар эмес, ички экстремизм тынчсыздандырат.Сурамжылоо көрсөткөндөй, респонденттердин 65%ы Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан экстремисттик топтордун коркунучу жөнүндө олуттуу тынчсызданышат.Тагыраак…

Прочитайте больше

Иран ШКУга кошулат

Иран ШКУга кошулат

Иран акыры Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө боло алат. Кошуу процедурасынын башталышы Дүйшөмбүдөгү саммитте жарыяланат. Бул тууралуу “Коммерсант” гезити жарыялады.Берилген маалыматтарга караштуу, Иран Ислам Республикасын Шанхай Кызматташтык Уюмуна кошуу жол-жобосунун башталышы 16-17-сентябрда Дүйшөмбүдө өтө турган саммитте каралмакчы.«Тегерандын ШКУга кирүү процессине дагы бир аз убакыт талап кылынышы мүмкүн. Дели менен Исламабадды кошууга дээрлик эки жыл өттү. Бирок анын расмий түрдө ишке киришинин өзү эле жетишкендик, анткени Иран он жылдан ашык убакыттан бери уюмдун “чечинүүчү бөлмөсүндө” отурат”, –…

Прочитайте больше

«Талибан» жаңы өкмөттө аялдар үчүн кызмат орундары болорун убадалады

«Талибан» жаңы өкмөттө аялдар үчүн кызмат орундары болорун убадалады

“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Ооганстандын жаңы өкмөтүндө аялдардын кызмат орундары болорун убада кылды. Бул тууралуу BFMTV агенттиги билдирди.Мужахид  француз телеканалына берген маегинде ооган өкмөтүнүн жаны жарыяланган курамы убактылуу экенин айтты.“Бул өкмөт убактылуу. Бизде аялдар үчүн шарият мыйзамдарына ылайык кызмат орундары болот. Бул башталышы гана, бирок аялдар үчүн дагы орундар болот. Алар өкмөттүн мүчөсү боло алышат. Бул биздин экинчи этап болот”, – деп ишендирди Мужахид.Ошол эле учурда кыймылдын өкүлү АКШ менен кызматташкан аялдар өкмөттө мамлекеттик…

Прочитайте больше
1 133 134 135 136 137 185