Ирандык Халк дүйнөнүн эң коркунучтуу адамы менен күрөшөт

Ирандык Халк дүйнөнүн эң коркунучтуу адамы менен күрөшөт

Мартин  Форд  Сажад  Карийби менен күрөшүүгө даяр  экенин жарыялады. ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, «дүйнөдөгү эң коркунучтуу адам» аталган Мартин Форд Сажжад Карийби менен күрөшмөкчү. Белгилей кетсек, англиялык бул  мушкер аралаш күрөш өнөрлөрүндө ийгиликке жетпей калган. Учурда Польшада өтө турган KSW аталган ММА мелдештеринде ирандык Халк менен күч сынашмакчы.

Прочитайте больше

Германия Евро 2024 оюнун өткөрөт

Германия Евро 2024 оюнун өткөрөт

Европа Футбол бирикмеси (UEFA) Европа 2024 оюнун өткөрүү боюнча Германия өлкөсү тандалганын жарыялады. Бул тууралуу IRNA агенттиги Рейтерге шилтеме берип маалымдады. Европа 2024 оюнун өткөрүү боюнча Германия менен Түркия атаандашып, натыйжада көпчүлүк добуштар Германияга берилген. Бул боюнча Түркия президенти Режеп Таип Эрдоган болгон аракетин жасап,  өз өлкөсүндө көптөгөн футбол инфраструктураларын кеңейтип келген эле. Ал бийликке келгенден бери 15 жыл бою талыкпай, ар кандай ири спорт оюндарын өткөрүүгө ат салышып, бул ирет Европа 2024 мелдешин өткөрүү наамынан куржалак…

Прочитайте больше

Көкбөрү боюнча биринчи дүйнө чемпионаты 2019-жылы Өзбекстанда өтөт

Көкбөрү боюнча биринчи дүйнө чемпионаты 2019-жылы Өзбекстанда өтөт

Көкбөрү боюнча биринчи дүйнө чемпионаты 2019-жылы Өзбекстанда өтөт. Мындай чечим Кыргызстан көкбөрү федерациясы менен Өзбекстан Спорт министрлигинин өкүлдөрүнүн 8-сентябрдагы жолугушуусу учурунда кабыл алынды. “Дүйнө чемпионаты кайсы шаарда жана кайсы күнү өтөрү так белгисиз, бирок чечим кабыл алынды. Мелдеш көкбөрүнү тай казанга салуу тартиби менен өтөт”, – деди федерация президенти Жыргалбек Саматов. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өзбекстан көкбөрү боюнча күмүш медаль утуп алган. Жарым финалда өзбек оюнчулары казак атаандаштарын 4:3 эсебинде утуп, бирок кыргыз улакчыларына 32:9…

Прочитайте больше

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 228 турниринде рингге чыгат

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 228 турниринде рингге чыгат

Ал 57 кг салмактык категорияда америкалык Никко Монтанодон чемпиондук курду талашат. Шевченко буга чейин UFC турниринде 62 кг салмакта беш беттеш өткөргөн. Ал үч жолу жеңишке жетип, эки ирет бразилиялык Аманда Нуниске жеңилип калган. Кийин мушкер жеңилирээк – 57 кг салмактык ченге өтүп, алгачкы урушунда Присцила Кечоейраны утуп алган. Эми чемпиондук кур үчүн рингге чыгууда. UFC 228 турнири – 8-сентябрда, Американын Даллас шаарында өтөт. Валентина Шевченко – Муай тай жана аралаш согуш өнөрлөрү боюнча мушкер….

Прочитайте больше

Лука Модрич “Европанын жыл адамы” наамына ээ болду.

Лука Модрич “Европанын жыл адамы” наамына ээ болду.

Испаниянын “Реал Мадрид” жана Хорватияныны улуттук футбол командасынын 32 жаштагы оюнчусу Лука Модрич “Европанын жыл адамы” наамына ээ болду. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Монакодо Европанын эң мыкты оюнчуларын тандоо(UEFA) аземи өттү. Аталган аземде хорватиялык Лука Модрич өзүнүн атаандаштары Кристиано Рональдо менен Мухаммад Салахтан алдыга чыккан. Эске салсак, Лука Модрич Реал Мадриддин эң мыкты оюнчусу катары белгиленген жана бул команданын 3 ирет катары менен жеңишке ээ болуусуна чоң салымын кошкон. Мындан тышкары Лука Орусиянын ДЧ 2018…

Прочитайте больше