Португалия Мароккого жеңилип, жарым финалга чыкпай калды

  Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Марокконун курамасы Португалияны жеңип, тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү.“Эл-Тумама” стадионунда өткөн жолугушуу 1:0 эсебинде марокколуктардын пайдасына аяктады.

Голду беттештин 42-мүнөтүндө Юсеф Эн-Несери киргизди. Экинчи таймдын кошумча убактысында марокколук чабуулчу Валид Шеддир экинчи сары кагаз алып оюндан четтетилди.

Бул беттеш 51-мүнөттө алмаштырууга чыккан португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдуга улуттук курама үчүн 196-матчы болду.

Ал курама командалар үчүн жолугушуулардын саны боюнча кувейттик чабуулчу Бадер аль-Мутаванын рекордун кайталады.

Марокколуктар дүйнө чемпионатынын тарыхында турнирдин жарым финалына чыгууга жетишкен биринчи африкалык команда болуп калды. 

Эми 14-декабрда Марокко жарым финалда Англия менен Франциянын беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт. Бул эки европалык команда бүгүн беттешет.

Комментарий жиберүү